Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жан аябас кызматчылар Тайванда

Жан аябас кызматчылар Тайванда

АЗЫР 35тердеги Чуң Кюн жана Жули деген жубайлар мындан 5 жыл мурун маанилүү чечим чыгарышкан. Ага чейин алар Австралиянын Сидней шаарында үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кылышчу. Чуң Кюн: «Биз убакытты көп албаган жумушта иштеп, жакшы шартта жашачубуз. Биздин аймакта аба ырайы сонун болчу, жашоо да жеңил эле. Үйдөгүлөрүбүз, досторубуз менен чогуу кубанычтуу күндөрдү өткөрчүбүз»,— дейт. Ошентсе да Жули экөөнүн жүрөгүн бир нерсе өйүй берчү. Себеби алар Жахабага дагы көбүрөөк кызмат кыла аларын билишсе да, чечкиндүү иш-аракет кыла албай келишкен.

2009-жылы бир жыйында айтылган баяндама алардын жүрөгүн козгогон. Баяндамачы көбүрөөк кызмат кылгысы келгендерге кайрылып, мындай деген: «Айдоочу машинесин жүргүзгөндө гана солго же оңго бура алат. Анын сыңарындай, Иса бизге, „жүрө“ баштаганыбызда, тактап айтканда, максатыбызга жетиш үчүн аракет кыла баштаганыбызда гана, көбүрөөк кызмат кылуунун жолун көрсөтүшү мүмкүн» *. Чуң Кюн менен Жулиге баяндамачынын сөздөрү экөөнө карата айтылып жаткандай сезилген. Ошол эле жыйында Тайванда миссионер болуп кызмат кылган жубайлар менен маек курулган. Алар кызматтан алып жаткан кубанычы менен бөлүшүп, ал жакта жумуш али көп экенин баса белгилешкен. Алардын айткандары да Чуң Кюн менен Жулиге күчтүү таасир эткен.

«Ошол жыйындан кийин Жахабадан Тайванга көчүп барууга жардам беришин сурап тилендик. Бирок коркпой койгон жокпуз. Өзүбүздү өмүрүбүздө биринчи жолу терең сууга секиргени жаткандай сездик»,— дейт Жули. Аларга чечкиндүү иш-аракет кылууга Насаатчы 11:4төгү: «Шамалды караган үрөн сеппейт, булутту караган оруп-жыйбайт»,— деген сөздөр түрткү берген. Чуң Кюн: «Ошондуктан биз „карап“ отурбай, „себүү“ жана „оруп-жыюу“ ишине кириштик»,— деп айтат. Алар кайра-кайра тиленип, миссионерлердин  өмүр баяндарын окуп, Тайванда кызмат кылып жаткандар менен көп жолу кат алышкан. Ошентип, үч айдан кийин машинелери менен эмеректерин сатып, Тайванга көчүп кетишкен.

КАБАР АЙТУУДАН КУБАНЫЧ АЛУУ

Бүгүнкү күндө Тайвандын жарчыларга муктаждык чоң жерлеринде ар кайсы өлкөдөн келген 100дөн ашык бир тууган кызмат кылууда. Жаш курагы 21ден 73кө чейинки ал бир туугандар Австралиядан, Британиядан, Канададан, Франциядан, Кореядан, Испаниядан жана Кошмо Штаттардан келишкен. Алардын 50дөн ашууну — турмуш кура элек эже-карындаштар. Ал ынталуу ишенимдештерибизге чет өлкөдө кызмат кылууга эмне жардам берип келет? Кел, карап көрөлү.

Лора

Канадалык Лора деген бир тууган Тайвандын батышында пионер болуп кызмат кылат. 10 жылдай мурун ал кабар айтканды жакшы көрчү эмес. Лора: «Кызматка көп чыкпагандыктан мага кабар айткан анча деле жакчу эмес»,— деп ачык айтат. Бир жолу Канададагы достору аны Мексикага барып, бир ай чогуу кызмат кылып келүүгө чакырышкан. «Ошондо биринчи жолу кызматка көп убакыт арнадым. Кызыктуусу, бул мага аябай жакты!» — дейт Лора.

Мексикага барып келгенден кийин Лора Канададагы чет тилинде өткөн жыйналышка которулган. Ал кытай тилин үйрөтө турган курска жазылып, кытай тилиндеги топ менен кызматташа баштаган жана Тайванга көчүп барууну максат кылып койгон. 2008-жылы сентябрда ошол максатына жеткен. Лора: «Жаңы жерге көнүп кетүүгө мага бир жылдай керек болду. Бирок азыр Канадага кетүү оюма да келбейт»,— деп айтат. Азыр ал кабар айтуу ишине кандай карайт? «Бул мага ушунчалык жагат. Ыйык Китепти изилдегендердин Жахабаны таанып-билип, өзгөрүлүп жатканын көрүүдөн өткөн кубаныч жок экен. Тайванда кызмат кылгандан бери аябай сүйүнгөн учурларым көп болот»,— дейт Лора.

БӨТӨН ТИЛДИН КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРЫ

Брайн менен Мишель

35 жаштардагы түгөйлөр Брайн менен Мишель 8 жылдай мурун Кошмо Штаттардан Тайванга көчүп барышкан. Башында аларга кызматы жемиштүү  болбой жаткандай сезилген. Бирок тажрыйбалуу бир миссионер байке аларга: «Атүгүл кимдир бирөөгө жөн эле баракча берсеңер да, ал киши Жахаба жөнүндө биринчи жолу кабар угуп жатышы мүмкүн экенин унутпагыла. Андыктан силер кызматка чоң салым кошуп жатасыңар!» — деген. Анын жылуу сөздөрү кайрат бергендиктен, Брайн менен Мишель багынбоого бел байлашкан. Дагы бир байке: «Көңүлүңөр чөкпөшү үчүн, кытай тилин үйрөнүүдө канчалык ийгилик кылып жатканыңарды күн сайын эмес, жыйын сайын текшерип тургула»,— деп кеңеш берген. Ал жубайлар ийгилик жасап, азыр пионердик кызматын натыйжалуу аткарып жатышат.

Чет тилин үйрөнүүгө сага эмне түрткү бериши мүмкүн? Мүмкүнчүлүгүң болсо, кызмат кылгың келген өлкөнү көрүп кел. Ал жактагы жыйналыштарга барып, жергиликтүү бир туугандар менен пикирлешип, кызматка чык. Брайн: «Көптөрдүн Падышалык жөнүндөгү кабарды жакшы угуп жатканын көрүп, бир туугандардын сүйүүсүн сезгенде чет өлкөгө барып кызмат кылууга түрткү аласың»,— деп ой бөлүшөт.

ЖУМУШ МАСЕЛЕСИ

Кристин менен Мишель

Тайвандын муктаждык бар жерлеринде кызмат кылгандардын айрымдары англис тилинен сабак берип иштешет. Ал эми Кристин менен Мишель деңиз азыктарын сатышат. Кристин: «Мурун мындай жумушта иштеп көргөн эмесмин. Бирок бул жумуш мага ушул өлкөдө калганга шарт түзүп келет»,— дейт. Убакыттын өтүшү менен Кристин туруктуу кардарларды тапкан. Толук күндү албаган жумушунун аркасында ал өзүн жана аялын камсыз кылгандан сырткары, алар негизги ишин — пионердик кызматын — аткарууга жетишүүдө.

«САЯКАТТАН КУБАНЫЧ АЛ»

Кошмо Штаттардан болгон Уильям менен Женифер деген жубайлардын Тайванга көчүп барганына 7 жылдын жүзү болуп калды. «Тил үйрөнүү, пионер болуп кызмат кылуу, жыйналышка кам көрүү жана тыйын-тыпыр табуу кээде бир топ күчтү алат»,— дейт Уильям. Аларга кубанычын жоготпогонго эмне жардам берет? Уильям менен Женифер дайыма акылга сыярлык максаттарды койгонго аракет кылышат. Мисалы, кытай тилин үйрөнүүдө өздөрүнөн өтө көптү талап кылбагандыктан, ийгилиги айкын көрүнбөй жатканда, көп деле кайгырышкан эмес.

Уильям менен Женифер

Уильям бир кыдыруучу көзөмөлчүнүн: «Жетишиң керек болгон жерди эле ойлой бербей, саякаттан кубаныч ал»,— деп айтканын эскерет. Ал көзөмөлчү айткандай, кандайдыр бир максат койгондон кийин ага жетүү үчүн кылган аракеттерибизден кубаныч алышыбыз керек. Анын кеңеши Уильям менен жубайына жаңы өлкөдө ийгиликтүү кызмат кылуу үчүн ийкемдүү болууга, жооптуу бир туугандардын айткандарына кулак кагып, ылайыкташа билүүгө жардам берген. Уильям: «Ал кеңеш өзүбүз кызмат кылып жаткан аралдын табиятынын кооздугуна суктануу үчүн да убакыт табууга көмөк кылды»,— деп кошумчалайт.

Кошмо Штаттардан болгон жана Тайванда пионер болуп кызмат кылып жаткан Меган деген турмуш кура элек ишенимдешибиз кытай тилинде шар сүйлөөнү максат кылып койгон. Ал да, Уильям менен Женифердей болуп, максатына умтулуу менен бирге «саякаттан кубаныч алууда». Ар бир дем алыш күндөрү ал башка жарчылар менен чогуу кызыктуу аймакта — Тайвандагы эң чоң порт болуп эсептелген Гаосюн шаарындагы кеме жайда — кызмат кылат. Меган кемелерди кыдырып, Бангладеш, Индия, Индонезия, Филиппин, Таиланд жана Вануату өлкөлөрүнөн келген балыкчыларга кабар айтат. Ал: «Балыкчылар портто аз эле убакыт боло тургандыктан, биз алар менен дароо изилдөө баштайбыз. Баарына жетишиш үчүн адатта бир эле учурда төрт-беш киши менен изилдөө өткөрөм»,— дейт. Меган кытай тилин үйрөнөм деген максатына жеттиби? «Мен ал тилди мындан да батыраак үйрөнгүм  келет, бирок ошол эле учурда бир бир туугандын: „Колуңан келгенди кыла бер, калганына Жахаба кам көрөт“,— деген сөздөрүн эсимден чыгарбайм»,— дейт ал.

Меган

КООПСУЗ, ЖӨНӨКӨЙ, КЫЗЫКТУУ ЖАШОО

Британиялык Кэти башка өлкөгө көчүп кетерден мурун бойдок эже-карындаштар үчүн коопсуз жерлер тууралуу маалымат издеген. Ал эмнеге тынчсызданып жатканын Жахабага айтып тиленген жана бойдок эже-карындаштар үчүн кандай кооптуу нерселер болушу мүмкүн экенин сураштырып, бир нече филиалга кат жазган. Анан алган каттарын кылдат карап чыгып, Тайванга барганы ылайыктуу болорун чечкен.

2004-жылы 31 жашында Кэти Тайванга көчүп барган. Ал жактан ал жөнөкөй жашаганга аракет кылат. Кэти: «Бир туугандардан жашылча, жер-жемиштерди кайсы жактан арзан сатып алса болорун сурадым. Алар берген кеңештин аркасында акчамды көпкө жеткире алдым»,— дейт. Ошондой эле жөнөкөй жашаганга эмне көмөк кылып келатканы жөнүндө мындай дейт: «Мен жеген тамагым, кийген кийимин жөнөкөй болсо да, ошого ыраазы болгонго жардам беришин сурап Жахабадан көп тиленем. Жахабанын мени эмнеге муктаж экенимди түшүнгөнгө жана каалаганымды ала албаганым үчүн кайгырбаганга үйрөтүү менен тиленүүлөрүмө жооп берип жатканын сезем». Анан ал: «Жөнөкөй жашап жатканыма сүйүнөм, анткени бул мага рухий иштерге көңүл топтогонго жардам берет»,— деп кошумчалайт.

Кэти

Кэтинин жашоосу жөнөкөй эле эмес, кубанычтуу да өтүүдө. Мунун себебин ал: «Мен кызмат кылып жаткан жерде көптөр жакшы кабарды кызыгып угушат. Бул мага зор кубаныч тартуулайт»,— деп түшүндүрөт. Тайванга жаңы барганда, ал пионер болуп кызмат кыла баштаган шаарда кытай тилинде эки эле жыйналыш бар болчу, азыр алардын саны жетиге жетти. «Ушундай өсүштү өз көзүм менен көрүү жана оруп-жыюу ишине катышуу жашоомду күн сайын кубанычка толтурууда!» — дейт Кэти.

«АЛАРГА АТҮГҮЛ МЕН ДА КЕРЕК БОЛДУМ»

Макаланын башында айтылган Чуң Кюн менен Жули азыр кандай кызмат кылып жатышат? Чуң Кюн башында кытай тилин жакшы билбегендиктен жыйналышка көп деле пайдасы тийбей жаткандай сезген. Бирок жергиликтүү бир туугандар ал жөнүндө таптакыр башкача ойдо болчу. Чуң Кюн: «Жыйналышыбыз экиге бөлүнгөндө, мага кызмат жардамчысы катары көптөгөн кошумча жоопкерчиликтер артылды. Ошондо чындап эле муктаждык чоң жерде кызмат кылып жатканымды сездим»,— дейт. Анан: «Муктаждык ушунчалык чоң болгондуктан, аларга атүгүл мен да керек болдум»,— деп жылмаят. Азыр ал — жыйналыштын аксакалы. Анын жубайы Жули мындай дейт: «Буга чейин мындай канааттанууну, кубанычты сезип көрө элек болчубуз. Биз бул жакка жардам бергени келгенбиз, бирок ушундай сонун окуяларга күбө болуп, өзүбүз жардам алдык окшойт. Ушул жакта кызмат кылышыбызга жол берип жатканы үчүн Жахабага ыраазыбыз!»

Көптөгөн өлкөлөрдө оруп-жыюу ишине дагы деле жумушчулар керек. Балким, сен быйыл мектепти аяктап, андан ары эмне кылышты ойлонуп жаткандырсың. Же Жахабанын уюмунда көбүрөөк иштерди аткарууну каалаган бойдок бир туугандырсың. Мүмкүн, үй-бүлөңө баалуу рухий мурас калтыргың келеттир. Же балким, турмуштук тажрыйбага бай, ардактуу эс алууга чыккан бир туугандардын катарына киреттирсиң. Эгерде жарчыларга муктаждык чоң жерде кызмат кылууну чечсең, мол батага ээ болоруңа шектенбе.

^ абз. 3 «Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кылдат күбөлөндүрөбүз» деген китептин 16-бөлүмүнүн 5, 6-абзацтарын кара.