Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жан аябас кызматчылар Батыш Африкада

Жан аябас кызматчылар Батыш Африкада

 Жан аябас кызматчылар Батыш Африкада

ПАСКАЛЬ Кот-д’Ивуардын жакырлар көп жашаган аймагында чоңоюп-өскөн. Ал бутуна туруп, жакшы жашоону эңсечү. Бокско аябай кызыккандыктан: «Каякка барсам, спортто ийгиликке жетип, байый алам?» — деп көп ойлончу. 25терге чыкканда ал максатына жетүү үчүн Европага барууну чечет. Бирок тийиштүү документтери жок болгондуктан, ал жакка жашыруун өтмөкчү болот.

Ошентип, 1998-жылы 27 жашында Паскаль жолго чыгат. Ал адегенде Гананы, андан ары Того менен Бенинди кесип өтүп, акыры Нигердеги Бирнин-Конни шаарчасына жетет. Анткен менен анын сапарынын эң опурталдуу учуру али алдыда болчу. Эми ал жүк ташуучу машинеге отуруп, мээ кайнаткан Сахара чөлүн кесип өтүшү керек эле. Ал эми Жер Ортолук деңизге жеткенде кемеге түшүп, көптөн бери көксөгөн Европасына жөнөмөк. Бирок анын саякаты эки себептен улам Нигерден ары уланган эмес.

Биринчиден, анын акчасы жок калган. Экинчиден, ал пионер болуп кызмат кылган Ноеге жолугуп, Ыйык Китепти изилдей баштаган. Окуп-билгендери жүрөгүн ушунчалык козгогондуктан, Паскаль жашоого болгон көз карашын өзгөрткөн. Ал атак-даңкка, байлыкка умтулбай, рухий максаттарды көздөп, 1999-жылы декабрь айында чөмүлгөн. Жахабага болгон ыраазычылыгы ага 2001-жылы толук убактагы кызматты аркалоого түрткү берген. Ал Нигердеги өзү алгач чындыкты уккан шаарчада пионер болуп кызмат кыла баштаган. Паскаль кызматы жөнүндө кандай ойдо? Ал: «Мен жашоодон чындап канааттануу алып жатам!» — деп сүйүнөт.

АФРИКАДА КЫЗМАТ КЫЛУУДАН АЛГАН КУБАНЫЧ

Паскалга окшоп, көптөр рухий максаттарга умтулуу чындап канааттануу тартууларын түшүнүшкөн. Андай максаттарына жетиш үчүн айрымдар Европадан Африкага көчүп барып, жарчыларга муктаждык бар аймактарда кызмат кылууну чечишкен. 17 жаштан 70 жашка чейинки 65тей бир тууган Европадан Батыш Африкадагы Бенин, Буркина-Фасо, Нигер жана Того өлкөлөрүнө көчүп барышкан *. Алар эмнеден улам ошондой чечим чыгарышкан жана анын натыйжасы кандай болгон?

Даниялык Ане-Ракел: «Ата-энем Сенегалда миссионер болуп кызмат кылган. Алар ошол убактагы жашоосу жөнүндө ушунчалык күйүп-жанып айтып беришчү. Андыктан мен да ошондой жашоонун даамын татып көргүм келди»,— деп айтат. Ал 15 жылдай мурун 20 жаштарында Тогого көчүп барып, жаңдоо тилиндеги жыйналышта кызмат кыла баштаган. Анын иш-аракети башкаларга кандай  таасир эткен? Ане-Ракел: «Кийинчерээк сиңдим менен иним да Тогого көчүп келди»,— дейт.

70тердеги франциялык Орэл деген бир тууган: «Беш жыл мурун ардактуу эс алууга чыкканда эки нерсенин бирин: жанды кыйнабай, Францияда эле тынч жашап, бейишти күтүүнү же Жахабага көбүрөөк кызмат кылууну тандашым керек болду»,— деп ой бөлүшөт. Ал Жахабага көбүрөөк кызмат кылууну тандап, 3 жылдай мурун зайыбы Албер-Фейет экөө Бенинге көчүп барышкан. «Жахабага ушул жерде кызмат кылууну чечкенибиз жашообуздагы эң жакшы чечим болгон»,— дейт Орэл. Анан жылмая: «Айтпаса болобу, деңиз жээгиндеги биз кызмат кылып жаткан аймак бейишти эске салып турат»,— деп кошумчалайт.

Клодомир менен анын жубайы Лисиан Франциядан Бенинге 16 жыл мурун көчүп барышкан. Башында алар үйүндөгүлөрү менен досторун аябай сагынып, ал жакка көнүп кетерине күмөн санашкан. Бирок убакыттын өтүшү менен баарына көнүп, кызматтан зор кубаныч ала башташкан. Клодомир: «16 жылдын ичинде, орто эсеп менен, жыл сайын бир кишиге чындык жолуна түшүүгө жардам бере алдык»,— дейт.

Себастиан менен Жоана деген жубайлар Франциядан Бенинге 2010-жылы көчүп барышкан. Себастиан: «Биз кызмат кылган жыйналышта жумуш абдан көп. Бул жакта кызмат кылсаң, тездетилген теократиялык мектептен билим алгандай эле болот экенсиң»,— дейт. Бениндегилер кабарды кандай угушат? Жоана: «Бул жактагылар чындыкка аябай суусашыптыр. Атүгүл кабар айтпай жүрсөк деле, адамдар бизди көчөдөн токтотуп алып, Кудай жөнүндө суроолорду берип, адабият сурашат»,— деп айтат. Башка өлкөдө кызмат кылуу Себастиан менен Жоананын үй-бүлөлүк жашоосуна кандай таасир эткен? «Бул нике түйүнүбүздү бекемдеди. Жубайым менен бир күн кечке кызматта жүрүү мага аябай жагат»,— дейт Себастиан.

Эрик менен Кати Бениндин түндүк жагындагы эл сейрек отурукташкан аймакта пионер болуп кызмат кылышат. Он жылдай мурун бул жубайлар Францияда жашап жүргөндө муктаждык бар жерде кызмат кылууга байланыштуу макалаларды окуп, толук убактагы кызматчылар менен сүйлөшүшчү. Мунун аркасында алардын башка өлкөгө көчүп барууга болгон каалоосу өсүп, 2005-жылы ишке ашкан. Алар жаңы жыйналышынын өсүп жатканына төбөсү көккө жете сүйүнүшөт. Эрик мындай дейт: «Эки жыл мурун Тангиетадагы биздин топто 9 жарчы бар болчу, азыр болсо 30 жарчы болду. Жекшемби күнү жыйналышка 50дөн 80ге чейин киши катышат. Ушундай өсүштү көргөндө кубанбай койбойсуң!»

 КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРДЫ ЖЕҢҮҮ

Башка өлкөгө көчүп баргандар кандай кыйынчылыктарга туш болушат? 33 жаштагы Бениамин Ане-Ракелдин иниси болот. Ал 2000-жылы Тогодо кызмат кылган миссионерге жолуккан. Бениамин: «Пионер болгум келерин айтсам, ал бир тууган: „Анда Тогого барып, пионер болбойсуңбу“,— деп калды»,— деп эскерет. Ошондо ал ойлонуп калган. Бениамин: «Ал кезде 20га да чыга элек болчумун. Бирок Тогодо эки эжем кызмат кылып жүргөндүктөн, мага көчүп кетүү оңоюраак болду»,— дейт. Албетте, ал кыйынчылыктарга туш болбой койгон эмес. «Мен французча бир да сөз билчү эмесмин. Эч ким менен сүйлөшө албагандыктан алгачкы алты ай өзгөчө оор болду»,— дейт ал. Ошентсе да Бениамин акырындап ийгилик кыла берген. Учурда ал Бениндеги Бейтелде адабият жеткирип жана компьютер бөлүмүнө жардам берип кызмат кылат.

Жогоруда айтылган Эрик менен Кати Бенинге келгенге чейин Францияда чет тилиндеги аймакта кызмат кылышчу. Батыш Африка ал жактан канчалык айырмаланган? Кати: «Жашаганга ылайыктуу үй табуу кыйын болду. Бир нече ай бою электр жарыгы да, суусу да жок үйдө жашадык»,— дейт. Эрик болсо: «Жакын жерден музыканын үнү жаңырып, түн жарымга чейин уйку берчү эмес. Андайда сабырдуу болуп, жагдайга ылайыкташа билиш керек экен»,— деп кошумчалайт. Бирок алар кабар жакшы айтыла элек аймакты иштетүүдөн келген кубаныч бүт кыйынчылыктарды жаап кетерин айтышат.

Жашы 60тарга чукулдап калган Мишел менен Мари-Аниес деген франциялык түгөйлөрдүн Бенинге көчүп келгенине беш жылдын жүзү болуп калды. Алар да башында тынчсызданышкан. Мишел мындай дейт: «Айрымдар биздин көчкөнүбүздү дарчынын керилген аркандын үстүндө кол арабаны түртүп баратканына окшоштурушкан. Алардын айтымында, биз ошол арабада отурганбыз. Эгер аны түртүп бараткан „дарчы“ Жахаба экенин билбесек, аябай эле коркмокпуз. Биз Жахабанын жардамы менен жана ага көбүрөөк кызмат кылуу үчүн көчүп кеткенбиз».

КАНТИП ДАЯРДАНСА БОЛОТ?

Башка өлкөгө көчүп баргандар муктаждык бар жерде кызмат кылууга даяр болуш үчүн төмөнкү кадамдарды жасоонун маанилүүлүгүн баса белгилешет: алдын ала пландаштыруу; ылайыкташа билгенге үйрөнүү; акчаны үнөмдөөгө аракет кылуу; Жахабага таянуу (Лк. 14:28—30).

Жогоруда сөз кылынган Себастиан: «Көчкөнгө чейин Жоана экөөбүз көңүл ачууга көп тыйын-тыпыр коротпой, кереги жок буюм-тайымдарды сатып албай, эки жыл бою акча чогултканбыз»,— дейт. Алар азыр жылына бир нече ай Европага барып иштешет. Калган айларда болсо Бенинде кызмат кылышат.

 Мари-Терез — Батыш Африкага барып кызмат кылып жаткан турмуш кура элек 20дай эже-карындаштын бири. Ал Францияда автобус айдап иштейт. 2006-жылы Мари-Терез Нигерде пионер болуп кызмат кылыш үчүн бир жылга өргүү алган. Ага ошондой кызмат абдан жагып калган. Ал мындай дейт: «Францияга барганда жумуш берүүчүмдөн жумушумдун графигин өзгөртүшүн сурансам, ал макул болду. Азыр мен майдан августка чейин Францияда автобус айдайм, ал эми сентябрдан апрелге чейин Нигерде пионердик кызматымды аткарам».

«Биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын» издегендер Жахабанын зарыл нерселердин баары менен камсыз кыларына шектенбесе болот (Мт. 6:33). Буга франциялык Сафиранын башынан өткөн окуя далил. 30дарга чыгып калган турмуш кура элек ал бир тууган Бенинде пионер болуп кызмат кылат. 2011-жылы анын ошол жакта кызмат кылганына беш жыл болуп калган. Кийинки жылы да Африкада кызмат кыла алыш үчүн ал Францияга иштегени барган. Сафира мындай деп айтып берет: «Жума күнү болчу. Акыркы күн иштеп жаткам. Бирок келерки жылга жетерлик акча чогултуш үчүн дагы он күн иштешим керек эле. Ал эми эки жумадан кийин Франциядан кетишим керек болчу. Мен Жахабага кайрылып, жагдайым тууралуу айттым. Көп өтпөй эле жумушка орноштуруу агенттигинен телефон чалып, бирөөнүн ордуна эки жума иштеп бере алар-албасымды сурап калышты». Дүйшөмбү күнү Сафира өзү аткара турган иштерди үйрөнүш үчүн ал жумушка барат. Ал мындай дейт: «Мага жумушун таштап кетип жаткан киши биздин ишенимдеш экенин билип, аябай таң калдым. Көрсө, ал Пионердик кызмат мектебинен окуп келиш үчүн он күнгө суранган экен. Бирок жетекчиси ага ордуна киши табылмайынча коё бербей турганын айтыптыр. Ошондуктан ал да, мага окшоп, Жахабага жалынган экен».

ЧЫНЫГЫ БАКЫТТЫН БУЛАГЫ

Батыш Африкага башка өлкөлөрдөн келген бир туугандардын айрымдары ал жакта көп жылдан бери кызмат кылып, биротоло отурукташып калышты. Башкалары болсо бир нече жыл кызмат кылгандан кийин өз мекенине кайтышкан. Бирок ошол жакта жүргөндө үйрөнгөндөрү аларга азыркыга чейин пайдасын тийгизүүдө. Алар Жахабага кызмат кылганда гана адам чындап бактылуу болоруна ынанышкан.

[Шилтеме]

^ абз. 6 Француз тилинде сүйлөгөн ал төрт өлкөдө тең кабар айтуу ишин Бениндеги филиал көзөмөлдөйт.

[4-беттеги кутуча]

Башкаларды үйрөтүү

Пионер жана аксакал болуп кызмат кылган франциялык Паскалдын Бенинге келгенине 12 жылдан ашты. Ал «бир туугандардын рухий жактан өсүп жатканын көрүү бата» экенин айтат. Паскаль айрымдарга ийгилик кылууга кантип жардам берген?

Ал мындай деп айтып берет: «Мен ар бир кишиге ылайыкташканга аракет кылам. Кызматта жүргөндө жергиликтүү бир туугандардан элге кандай мамиле кылууну, кантип учурашууну үйрөндүм. Алар болсо менден аймактагылар жөнүндө жазып алганды үйрөнүштү. Бул жакта көп көчөлөрдүн аталышы, үйлөрдүн номуру жок. Ошон үчүн кээ бир жарчылар аймактагылар жөнүндө эч нерсе жазышпайт. Анын айынан кызыккандардын айрымдары унутулуп калат. Жарчыларга кыска эле жазып алгандарыбыз кызыккан адам жөнүндө, анын каякта жашары тууралуу эскертип турарын жана кайра жолугууга барганга түрткү берерин түшүнгөнгө жардам бердим.

Бул жактагылар бир нерсени угуп үйрөнүшөт экен. Көбү китеби жок эле бир нече тилди үйрөнүп алышат. Бирок окуу жагына келгенде аксашат. Убакыттын өтүшү менен эки жаш бир тууганга үн чыгарып окууну үйрөттүм. Канчалык ийгилик кылган сайын, алар ошончолук окуганды жакшы көрө башташты. Анан аларга кантип изилдөө жүргүзүш керектигин көрсөттүм. Алар рухий жактан тез өсүп, көп өтпөй кызмат жардамчысы болуп дайындалышты».

Ане-Ракел

Албер-Фейет менен Орэл

Жоана менен Себастиан

Бениамин

Мари-Аниес менен Мишел

Мари-Терез

Сафира