Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ДИЛ МАЕК | ГИЛЬЕРМО ПЕРЕЗ

Консультант-хирургдун маеги

Консультант-хирургдун маеги

Учурда ардактуу эс алуудагы Гильермо Перез Түштүк Африкадагы 700 кишилик ооруканадагы хирургия бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Ал көп жыл бою эволюцияга ишенип келген. Бирок кийинчерээк адамды Кудай жаратканына ынанган. «Ойгонгула!» журналы ага бир нече суроо менен кайрылды.

Эволюцияга эмне үчүн ишенчү элеңиз?

Мен католик динин туткан үй-бүлөдө чоңоюп-өскөм. Бирок Кудай кишилерди тозокто кыйнайт деген окуудан улам Кудайга көп ишенчү эмесмин. Ошондуктан университеттеги профессорлордун тиричилик эволюция жолу менен пайда болгон деп айткандары акылга сыярлыктай көрүнгөн жана буга далил бар деп ойлогом. Анын үстүнө, чиркөөдөгүлөр да эволюция теориясын четке кагышчу эмес, алар Кудай бардыгын эволюция процессин колдонуп жараткан дешчү.

Ыйык Китепке эмнеден улам кызыгып калдыңыз?

Аялым Сюзана Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаган болчу *. Алар ага Ыйык Китептен Кудай адамдарды тозокто кыйнабай турганын жана жерди бейишке айланта турганын окуп беришиптир *. Ошондо акылга сыярлык нерселерди окуткан динди тапканыбызды түшүндүк. 1989-жылы үйгө Ник деген Жахабанын Күбөсү келе баштады. Аны менен адамдын жаралышы, организми жөнүндө сүйлөшүп жатканда Ыйык Китептеги Еврейлер 3:4төгү: «Ар бир үйдү кимдир бирөө курат, ал эми бардыгын курган — Кудай»,— деген сөздөрдүн жөнөкөй эле логикасына аябай таң калдым.

Кишинин организмин изилдегениңиз Кудайга ишенүүгө жардам бердиби?

Ооба. Мен организмибиздин өзүн-өзү калыбына келтирүү системасынын кылдат ойлонуштурулганына аябай суктандым. Мисалга жабыркаган жердин айыгышын алалы. Ал биринин артынан бири уланган төрт фазадан турат. Ал фазалардын ар бири мага хирург катары организмдин өзүн-өзү калыбына келтирүү системасы менен иштешип жатканымды эске салып турчу.

Организм жабыркаганда эмне болорун айтып берсеңиз.

Бир нече секунддан кийин эле биринчи фаза башталат. Ал фазада кан агууну токтотууга багытталган бир нече процесс жүрөт. Ал процесстер аябагандай татаал жана натыйжалуу десек болот. Ал эми кан айлануу системабыз жөнүндө сөз кылсам, ал системадагы  тамырлар баары биригип 100 000 километрдей болот. Анын тешилген жерлерин өзү бүтөй алганына, өзүн-өзү калыбына келтире алганына инженер-сантехниктердин баары көз артса болот.

Ал эми экинчи фазасында эмне болот?

Бир нече сааттын ичинде кан агуу токтоп, сезгенүү процесси башталат. Ошол учурда биринин артынан бири болгон укмуштуудай процесстер жүрөт. Башында кандын кетишин азайтуу үчүн тарыган кан тамырлар, жабыркаган жерди көздөй аккан кандын агымын күчөтүш үчүн, тескерисинче, кеңейет. Андан кийин белокторго бай суюктук жабыркаган жерди шишитет. Ал суюктук организмге инфекция менен күрөшкөнгө жардам берет, уулуу заттарды зыянсыздандырат жана жабыркаган клеткалардан арылтат. Бул баскычтардын ар биринде жүргөн бир катар процесстерде миллиондогон өзгөчө молекулалардын жана клеткалардын бөлүнүп чыгышы талап кылынат. Ошол процесстердин айрымдары кийинки фазанын башталышына шарт түзүп, токтоп калат.

Андан кийин эмне болот?

Эки күндүн ичинде организмде анын калыбына келишине жардам бере турган материалдар пайда боло баштайт. Ал процесс үчүнчү фазанын башталганын билдирет жана эки жумадай убакытта жогорку чегине жетет. Жабыркаган жерди көздөй аны каптай турган жипчелерди түзө турган клеткалар жыла баштайт. Анан ал жакка жеткенден кийин көбөйөт. Ошондой эле майда кан тамырлар чыгып, жабыркаган жерди көздөй өсө баштайт. Алар жабыркаган жерди керексиз заттардан арылтат жана кошумча азык-заттар менен камсыз кылат. Дагы башка катар процесстердин жүрүшүндө жабыркаган жердин четтерин бириктирип бүтөй турган клеткалар пайда болот.

Аябай көп процесстер жүрөт турбайбы. Ошондо канча убакытта толугу менен калыбына келет?

Калыбына келүү процессинин акыркы бөлүгүнө бир нече ай кетиши мүмкүн. Сынган сөөктөр калыбына келип, мурункудай бекем болуп калат жана жумшак ткандарды башында каптап турган жипчелер бышыгыраак материалдарга алмашат. Жалпылап айтканда, жабыркаган жердин айыгышын жакшы ойлонуштурулган жогорку деңгээлдеги шайкештиктин үлгүсү десе болот.

Сизди өзгөчө таасирленткен окуя болду беле?

Организмдин кантип өзүн-өзү калыбына келтирерин көргөндө ушунчалык таң калдым

Ооба, бир жолу жол кырсыгынан катуу жабыркаган 16 жаштагы кызды дарылаганбыз. Көк боору жарылып кеткендиктен жана ички кан агуудан улам анын абалы абдан оор болчу. Бир нече жыл мурун мындай жагдайда көк боорду калыбына келтириш үчүн же аны алып салыш үчүн операция жасамакпыз. Бүгүнкү күндө болсо доктурлар организмдин өзүн-өзү калыбына келтире аларына көбүрөөк көңүл буруп калышты. Мен ошондо, болгону, анын оорусун басаңдатып, организминдеги инфекция, суюктуктун азайышы жана аз кандуулук менен эле күрөшүп жаттым. Бир нече жумадан кийин анын көк боорунун айыгып калганын медициналык аппараттан көрдүк. Организмдин кантип өзүн-өзү калыбына келтирерин көргөндө ушунчалык таң калдым. Ошондой эле адамды Кудай жаратканына ого бетер ишенип калдым.

Сизге Жахабанын Күбөлөрүнүн эмнеси жакты эле?

Мага алардын дайыма жакшы мамиле кылганы, суроолорума Ыйык Китептин негизинде жооп бергени аябай жаккан. Андан сырткары, ишенген нерселерин тайманбай айтканына жана башкаларга Кудайды таанып-билгенге жардам бергенине суктанчумун.

Жахабанын Күбөсү болгонуңуз жумушуңузга пайдасын тийгизди беле?

Ооба. Мисалы, дайыма оорулууларды же кырсыктан жабыркагандарды дарылаган доктурлар менен медайымдардын эмоциялык жактан чарчап, бейтаптарга боорукердик менен мамиле кыла албай калган учурлары болот. Жахабанын Күбөсү болгонум ошондой абалда болуп турганымда да боор ооруй билгенге күч берчү. Ошондой эле бейтаптар мени менен сүйлөшкүсү келгенде, аларга Кудайдын ооруну, азап-кайгыны * жок кылып, бир да адам «ооруп жатам» * дебей турган заманды орнотууну убада кылганын айтып берчүмүн.