Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | ЖАШТАР

Кысымга кантип туруштук бере аласың?

Кысымга кантип туруштук бере аласың?

КӨЙГӨЙ

«Ортоңку класстарда мени эч ким кошчу эмес. Буга аябай капа болгондуктан чоң класска өткөндө өзгөрдүм. Кийимим, сүйлөгөнүм классташтарымдыкынан айырмаланбай калды. Алар менен достошконго, аларга жакканга аябай аракет кылчумун» (Женифер, 16 жашта) *.

Сенин да жагдайың ушундайбы? Анда бул макаладан сонун кеңештерди табасың.

Мектептегилердин кысымына алдырсаң, роботко окшошуп каласың. Алардын башкарып алышына жол бербе! (Римдиктер 6:16).

ЭМНЕЛЕРДИ БИЛИШИҢ КЕРЕК?

Теңтуштардын кысымы жакшы адамды жаман жолго түртөт.

«Жаман чөйрө жакшы адаттарды бузат» (1 Корунттуктар 15:33).

«Бир нерсенин туура эмес экенин билип турсак да, кысымга туш болгондо элге жагыш үчүн эле кээде ойлонбой иш кылып алабыз» (Дана).

Кысым теңтуштарың тараптан эле болбойт.

«Туура нерсени кылгым келгенде, жанымда жаман нерсе турат» (Римдиктер 7:21).

«Кысым көбүнчө өзүм тараптан болуп жатканын сезем. Классташтарым кеп кылган жана укмуш кылып көрсөткөн нерселерди каалап кетем» (Диана).

Кысымга туруштук бергениңе сыймыктан.

«Абийириңерди таза сактагыла» (1 Петир 3:16).

«Бир кездерде классташтарымдын кысымына туруштук берүү аябай кыйын болгон, бирок азыр алардан айырмалангандан коркпойм жана чечимдериме бек карманам. Таза абийир менен тынч уктаганга не жетсин!» (Карла).

 ЭМНЕ КЫЛСАҢ БОЛОТ?

Курбу-курдаштарың жаман иш кылууга азгырганда, төмөнкүлөрдү кылганга аракеттен:

Кесепети жөнүндө ойлон. «Кысымга алдырып, туура эмес иш кылып алсам, кесепети кандай болот? Ата-энем билип калса, мага карата кандай көз карашта болот? Өзүм өзүмө карата кандай көз карашта болом?» — деп ойлонуп көр. (Ыйык Китептеги принцип: Галатиялыктар 6:7.)

«Ата-энем: „Эгер кысымга туруштук бере албай, туура эмес кылып алсаң, арты кандай болот?“ — деген сыяктуу суроолорду берип, башкалардын ою менен болуунун каргашалуу болорун түшүнүүгө жардам берет» (Оливия).

Көз карашыңдын тууралыгына ынана бер. «Ушундай кылуу өзүмө да, башкаларга да зыян алып келерине эмне үчүн ишенем?» — деп ойлонуп көр. (Ыйык Китептеги принцип: Еврейлер 5:14.)

«Кичинекей кезимде: „Жок“,— деп айтып же кыска эле жооп берип койчумун. Азыр болсо тиги же бул ишти эмне үчүн кыларымды же кылбасымды кененирээк түшүндүрүп берем. Анткени эмне туура, эмне туура эмес экенин жакшы билем. Чечимди башка бирөө эмес, өзүм чыгарам» (Анита).

Ким экениң, кандай адам болгуң келери жөнүндө ойлон. «Мен кандай адам болгум келет?» — деп ойлонуп көр. Кысымга туш болгондо: «Ушундай жагдайда андай адам эмне кылмак?» — деп ой жүгүрт. (Ыйык Китептеги принцип: 2 Корунттуктар 13:5.)

«Кандай инсан болгонум өзүмө жагат. Ошон үчүн башкалардын мага карата кандай ойдо болгонуна көп деле маани бербейм. Андан тышкары, башкалар өзүмдү кандай болсом, ошондой алып жүргөнүмдү жактырышат» (Алиса).

Келечегиңди ойло. Жагууга аракет кылган классташтарыңды бир нече жылдан кийин же бир нече айдан кийин эле көрбөй, унутуп калышың мүмкүн.

«Мектептеги сүрөттөрүмдү карап отуруп, айрым классташтарымдын аттарын да эстей албай калам. Бирок окуп жүргөндө алардын ою Кудай менен болгон мамилеме караганда маанилүүрөөктөй сезилип кетчү. Ойлосом, ошондо аябай эле жаңылчу экенмин» (Дон, 22 жашта).

Даярдан. Ыйык Китепте: «Ар бир адамга кантип жооп берүү керектигин билгиле»,— делет (Колосалыктар 4:6).

«Ата-энем менен мектепте боло турган жагдайларды сахналаштырабыз. Бул сиңдим экөөбүзгө кысымга туруштук берүүгө бир топ жардам берет» (Кристина).

^ абз. 4 Макаладагы айрым ысымдар өзгөртүлүп берилди.