Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Климакс менен күрөшүү

Климакс менен күрөшүү

«Эч кандай себеп жок болсо да, туруп туруп эле көңүлүм чөгө берчү. Көп ыйлачумун, акылыман айнып баратамбы деген ойлор да келчү» (Рондро*, 50 жашта).

«Эртең менен турсаң, үйүң чачык. Буюм-тайымдарыңды таппайсың. Мурда кылып келген нерселерди кылуу өзүнчө эле бир түйшүк болуп калат. Бирок эмне үчүн ошондой болуп жатканыңды билбейсиң» (Ханта, 55 жашта).

БУЛ аялдар ооруп жаткан жок. Азыр алардын климактерий мезгилинен (же климакс) — жыныс органдарынын функциясы акырындык менен басаңдаган физиологиялык мезгилден — өтүп жаткан учуру. Балким, силер да климакс баштала турган убакка жакындап калгандырсыңар же климакс болуп жаткандырсыңар. Кандай болбосун, ал тууралуу билип алуу силер үчүн да, жакындарыңар үчүн да маанилүү. Бул ошол учурда боло турган кыйынчылыктар менен күрөшүүгө жардам берет.

Климактерий мезгили

Климакс же климактерий мезгили ошол мезгилдин алдындагы убакытты да, ошол мезгилдин өзүн да камтыйт *. Бирок көпчүлүк климакс башталганга чейинки убакытты да, климакстын өзүн да, жалпы жонунан, климакс деп коюшат.

Аялдардын көбү 40 жашында, айрым учурларда 60тан ашканда климакс болушат. Көбүнчө этек кири акырындап отуруп токтойт. Гормондордун бөлүнүп чыгышы өйдө-төмөн болгондуктан, аялдын айызы бир келип, бир келбеши же өтө көп келиши мүмкүн. Ал эми айрымдардын этек кири бара-бара эмес, бир заматта эле токтоп калышы ыктымал.

Бир китепте: «Ар бир аялдын климактерий мезгили ар башка болот»,— делет. Ошондой эле: «Климакс болгон аялдар көбүнчө чыйрыгып үшүп, андан кийин көл-шал болуп тердеши мүмкүн»,— деп жазылат. Ошондон улам алардын уйкусу бузулуп, алы кетет. Алар канча убакытка чейин ушундай абалда болушат? («Menopause  Guidebook»). Дагы бир китепте буга мындай жооп берилет: «Кээ бир аялдардын ысып-тердеши климактерий мезгилинде бир же эки жылга созулуп, бир нече жолу кайталанат. Башкалардыкы көп жылга, ал эми айрымдардыкы өмүрүнүн акырына чейин созулуп, кээде кайталанып турат» * («The Menopause Book»).

Гормондордун туруксуздугунан улам аял киши климакс учурунда депрессия болушу, маанайы бир де жакшы, бир де пас болушу, ыйлашы, көңүлүн топтой албашы, эс тутуму начарлашы этимал. Жогорудагы китепте «аял бир эле учурда ушулардын баарын башынан өткөрбөшү деле мүмкүн» экени айтылат. Ооба, айрымдар саналып өткөндөрдүн кээ бирлерине эле кабылат.

Кантип күрөшсө болот?

Айрым нерселерди өзгөртүү анча-мынча болсо да кыйынчылыктан арылтышы мүмкүн. Мисалы, тамеки чегип жүргөндөр тамекисин таштаса, ысып-тердегени азайышы ыктымал. Көл-шал болуп тердегенге себеп болгон нерселерди, алсак, спирт ичимдиктерин, кофеинди, өткүл татымалдарды же таттуу азык-заттарды азыраак колдонуу же алардан такыр эле баш тартуу да пайдалуу. Бирок туура тамактануу абдан маанилүү. Ал үчүн тамакты өтө көп же өтө аз ичпеш керек жана тамак-ашты түрдүүлөп жеп туруу зарыл.

Көнүгүү жасоо да климактерий синдромун азайтат. Мисалга уйку көп качпай калат, көңүл куунак болуп, маанай көтөрүлөт, сөөктөр, дегеле ден соолук чыңдалат *.

Жакындарыңарга ой-сезимдериңерди айткыла

«Эмне болуп жатканыңарды жашырып, өзүнчө кыйналып жүрө бербегиле,— дейт жогоруда сөз кылынган Рондро.— Жакындарыңарга ой-сезимиңерди ачык айтсаңар, алар жаман болуп жатканыңарды көргөндө өтө тынчсызданбай калат». Ошондой эле силерди түшүнүп, чыдамдуулук менен мамиле кылат. Ыйык Китепте: «Сүйүү чыдамкай, боорукер»,— деп айтылат (1 Корунттуктар 13:4).

Көп аялдарга, анын ичинде балалуу боло ала турган курактан өтүп баратканына кайгырып жаткандарга Кудайдан жардам сурап тиленүү да чоң жардам берет. Ыйык Китепте: «[Кудай] бизди, кандай кыйынчылыкка кабылбайлы, сооротот»,— деп айтылат (2 Корунттуктар 1:4). Андан сырткары, климакстын өтүп кетерин билүү да жубатып-сооротот. Ал мезгил өткөндөн кийин, ден соолугуна караган аялдар күчкө толуп, андан аркы өмүрүн кубанычтуу өткөрө алат.

^ абз. 6 Ысымдар өзгөртүлдү.

^ абз. 8 Доктурлардын айтуусу боюнча, аялдын этек кири 12 айдын ичинде келбесе, климакс этек кири акыркы жолу келген айдан тартып башталган болот.

^ абз. 12 Аялдардын ысып-тердешине белгилүү бир оорулар, алсак, калкан безине байланыштуу оорулар, инфекциялар, ошондой эле дары-дармектер да себеп болушу мүмкүн. Андыктан ысып-тердөө климактерий мезгилине байланыштуу деп жыйынтык чыгардан мурун ушуларды эске алуу акылдуулукка жатат.

Бейтаптар климактерий мезгилиндеги кыйынчылыктар менен оңой күрөшө алышы үчүн, доктурлар ар нерселерди, мисалы, гормондорду, тамак-аш кошулмаларын жана депрессияга каршы дарыларды жазып беришет. «Ойгонгула!» жураналы кайсы бир дары-дармекти же дарылануу ыкмасын колдонууну жактабайт.