Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ДИЛ МАЕК | БРЕТТ ШЕНК

«Баары Кудайдын колунан бүткөнүнө ынанам»

«Баары Кудайдын колунан бүткөнүнө ынанам»

Бретт Шенк Кошмо Штаттарда экология боюнча консультант болчу. Ал өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын, айлана-чөйрөнүн өз ара байланышын изилдечү. Жараткандын бар экенине ал эмне үчүн ишенет? «Ойгонгула!» журналы ага илимге жана Кудайга болгон ишенимине байланыштуу суроолор менен кайрылды.

Өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз.

Атам инженер-механик болчу. Ал математика, илим жөнүндө аябай кызыктуу нерселерди айтып берер эле. Бала чагым Нью-Париж (АКШ, Огайо штаты) айылында өттү. Кичине кезимде үйүбүзгө жакын жердеги куймалар менен көлмөлөрдөгү жаныбарларга, өсүмдүктөргө кызыга берчүмүн. Ошондуктан кийин экология боюнча билим алуу үчүн Пердью университетине тапшырдым.

Динге кызыкчу белеңиз?

Ооба. Атам биз туткан лютеран динин изилдегенге үндөчү. Мен Ыйык Китептин түп нускасы жазылган тилдердин бирин, гректердин орток тили болгон койне тилин, изилдеп көрдүм. Ошондон кийин Ыйык Китепти баалай баштадым.

Эволюция теориясына карата кандай көз карашта элеңиз?

Мен барган чиркөөдөгүлөр эволюция теориясына кошулушчу. Кесиптештерим да ал теорияга ишенишчү. Ошо себептен анын туура же туура эмес экени жөнүндө ойлончу деле эмесмин. Бирок Кудайга да ишенчүмүн. Эволюция теориясы Кудайга болгон ишенимге каршы келбейт деп ойлочумун. Ыйык Китепти абдан бааласам да, аны Кудай жаздырган деп эсептечү эмесмин.

Ыйык Китепке болгон көз карашыңыздын өзгөрүшүнө эмне себеп болду?

Бир күнү жубайым Деби экөөбүз үйдө отурсак, Стив менен Сэнди деген жубайлар келди. Алар Жахабанын Күбөлөрү экен. Ал жубайлар бизге, Ыйык Китеп илимий китеп болбосо да, илимий жактан так экенин көрсөтүп беришти. Мисалы, Кудай жөнүндө жазылган: «Жер шарынан өйдө жашаган Бирөө бар»,— деген аятты окуп беришти (Ышая 40:22). Ошондой эле анда: «Ал... Жерди  жок нерсеге илип койгон»,— деп жазылыптыр (Аюп 26:7). Ошол учурларда спутниктен тартылган сүрөттөрдү колдонуп экологияны изилдеп жүргөм. Ошондуктан ал аяттарды окуганда аябай таң калдым. Ал сөздөр бир канча кылым мурун эле, жер шарынын эч нерсеге илинип турбаганы сүрөткө тартыла электе эле, жазылыптыр. Ошентип, жубайым экөөбүз Ыйык Китепти изилдей баштадык. Изилдөөнүн аркасында анда алдын ала жазылган окуялардын так аткарылганын жана пайдалуу кеңештерди билдим, ошондой эле анда жазылгандардын жүйөлүү экенине ынандым. Убакыттын өтүшү менен Ыйык Китептин Кудайдын Сөзү экенине көзүм жетти.

Тиричиликтин кантип пайда болгонуна байланыштуу көз карашыңыз качан өзгөрдү?

Стив мага: «Жахаба Кудай топурактан адам жаратты»,— деп жазылган аятты окуп берди (Башталыш 2:7). Ал жерде жазылгандардан биринчи адамдын кантип жаралганы айкын көрүнүп турат. Ошол сөздөрдү окугандан кийин: «Ыйык Китепте жазылгандар илимге шайкеш келеби?» — деген суроо туулду. Стив бул суроону өзүм изилдеп көрүшүмдү сунуш кылды, мен изилдеп көрдүм.

Эволюция теориясы жөнүндө эмнелерди билдиңиз?

Көп нерселерди. Алардын бирин эле айтсам, эволюция теориясын жактагандар түрлөрдүн кантип пайда болгонун түшүндүргөнгө аракет кылышат. Тирүү организмдерде абдан зарыл болгон жүрөк, өпкө, көз сыяктуу органдар бар. Ошондой эле микроскоп менен карасак, клеткалардагы укмуштуудай механизмдерди көрөбүз. Алар кантип пайда болгон? Эволюционисттер мыкты механизмдери бар тирүү организмдер табигый тандалуунун аркасында жашап кеткен деп ырасташат. Бирок алар мындай механизмдер кайдан пайда болгон деген суроого жооп бере алышпайт. Мен көптөгөн окумуштуулардын эволюция теориясы бул суроого жооп берет дегенге ишенбей турганын билдим. Зоология илиминин бир профессору эволюция теорияларынын бирине да ишенбей турганын айтты. Бирок ал жумушунан айрылып калам деп корккондуктан көз карашын ачык айтпайт экен.

Экология жөнүндө билгендериңиз Кудайга болгон ишенимиңизди бекемдедиби?

Ооба. Мен тирүү организмдердин кандайча бири-биринен көз каранды экенин да изилдечүмүн. Жер бетиндеги тирүү организмдердин баары бир нерседен көз каранды. Мисалга аарылар менен гүлдөрдү алалы. Гүлдүн түсү, аңкыган жыты, ширеси, түзүлүшү аарыларды өзүнө тартат. Ошонун аркасында аарылар гүлдөрдүн ширеси менен азыктанып, аларды чаңдаштырат. Чынында эле, гүлдөр менен аарылар бири-бирин зарыл нерсе менен камсыз кыла тургандай болуп жаралган.

«Экосистеманын кайра калыбына келе аларын ойлогондо баары Кудайдын колунан бүткөнүнө ынанам»

Мындай өз ара байланышты башка да тирүү организмдерден байкоого болот. Экосистемабызда жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн, бактериялардын жана грибоктордун миңдеген түрлөрү кездешет. Өсүмдүктөр жаныбарларга азык болгондон тышкары, кычкылтек бөлүп чыгарат. Ал эми гүл ачкан өсүмдүктөрдүн көбү жаныбарлардан көз каранды. Экосистема абдан татаал, андагы организмдер алсыз болсо да, жок болуп кетпей, миңдеген жылдарга чейин жашай бериши мүмкүн. Атүгүл айлана-чөйрөнүн булганганы экосистемага зыян келтирсе да, ал көп өтпөй эле калыбына келип калат. Экосистеманын кайра калыбына келе аларын ойлогондо баары Кудайдын колунан бүткөнүнө ынанам.

Эмне үчүн Жахабанын Күбөсү болдуңуз?

Адамдардын жаратылышты талкалап, айлана-чөйрөнү булгап жатканына жүрөгүм ооруй берчү. Экосистема өзүн калыбына келтире алса да, анын таптакыр кыйратылгыс эмес экенин билчүмүн. Жахабанын Күбөлөрү мага Ыйык Китепте Кудайдын «жерди кыйраткандарды кыйратары» жазылганын айтып беришти (Аян 11:18). Ал сөздөр мага аябай жакты. Ыйык Китепти андан ары да изилдегенимде Кудайдын убадаларынын сөзсүз ишке ашарын түшүндүм.

Окумуштуулардын айрымдарына Ыйык Китепти изилдегенге жардам берип келем. Мага Ыйык Китептен билгендеримди башкаларга айтуу кубаныч тартуулайт. Жараткан Кудай жана анын жерге карата ой-ниети жөнүндө айтууга көбүрөөк убакыт жумшаш үчүн 55 жашымда эле ардактуу эс алууга чыгып кеттим.