Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ичине карайсыңбы же тышынабы?

Ичине карайсыңбы же тышынабы?

КАНАДАДА жашаган Дон аттуу Жахабанын Күбөсү көчөдө калган кишилер менен сүйлөшүүгө өзгөчө күч-аракет жумшайт. Андай кишилердин бири жөнүндө ал мындай деген: «Питер мен жолуктурган үй-жайсыз кишилердин эң эле кири болчу. Ал башкаларды жанына жакын жуутпаган корс киши эле. Ага боорукердик көрсөткүсү келгендердин жардамын четке кага берчү». Ошентсе да Дон ага 14 жылдан ашык убакыт бою маал-маалы менен көңүл буруп, чыдамдуулук менен жакшылык кыла берген.

Бир күнү Питер Дондон: «Эмнеге эле убара болуп жатасың? Башкалар мени жайыма эле коюп коёт. Эмнеге мага мынчалык кам көрүп жатасың?» — деп сураган. Дон анын жүрөгүн козгош үчүн үч аятты колдонуп, сылыктык менен түшүндүрүп берген. Адегенде Дон андан Кудайдын ысымы бар экенин билер-билбесин сурап, Ыйык Китептен Забур 83:18ди окуп көрүшүн суранган. Анан эмне себептен ага кам көрүп жатканын түшүндүрүш үчүн «Жахабанын ысмын чакырган ар бир адам куткарылары» жазылган Римдиктер 10:13, 14тү окуткан. Акырында Дон Матай 9:36ны окуп берип, анан Питерден өзү да окуп көрүшүн суранган. Ал аятта: «Элди көрүп, Исанын боору ачыды. Анткени алар койчусу жок койлордой чачырап, жүдөп калышкан эле»,— делет. Ошондо Питер көзүнө жаш кылгырып: «Мен ошол койлордун бириминби?» — деп сураган.

Бара-бара Питер өзгөрө баштаган. Ал жуунуп-тазаланып, сакал-мурутун тыкан тегиздеп, Дон берген жакшы кийимдерди кийип, таза жүрүп калган.

Питер күндөлүк жазып жүрчү экен. Анын алгачкы беттеринен жашоосу күңүрт, караңгы болгону көрүнүп турган. Бирок кийинки жазгандары алардан кыйла айырмаланган. Алардын биринде мындай деп жазылган: «Бүгүн Кудайдын ысмын билдим. Эми тиленгенде Жахабага кайрылып тилене алам. Анын атын билгеним сонун болду. Дон мага Жахабанын менин досум болуп, кайсы учурда, кандай жагдайда болбосун, мени дайыма угарын айтты».

Питердин күндөлүгүндөгү акыркы сөздөрү уялаш бир туугандарына арналган. Ал мындай деп жазган:

«Бүгүн өзүмдү начар сезип турам. Ичер суум түгөндү окшойт. Бирок бул акыркы күнүм болсо да, досум [Дон] менен Бейиште кайрадан көрүшөрүмдү билем. Эгер муну окуп жатсаңар, демек, мен араңарда жокмун. Мени коюуга келгендердин арасынан чоочун бир кишини көрсөңөр, аны менен сүйлөшкүлө. Дагы суранарым, ушул кичинекей көк китепти * окугула. Анда Бейиштен досумду кайрадан көрөрүм айтылат. Буга бүт жүрөгүм менен ишенем. Сүйүктүү бир тууганыңар Питер».

Питердин сөөгү коюлгандан кийин, эжеси Юми мындай деген: «Эки жылдай мурун Питер мени менен байланышкан. Ошондо ал мага аябай бактылуу көрүнгөн. Мындайды канча жылдан бери көрө элек болчумун. Ал атүгүл жылмайган». Ал Донго: «Мен бул китепти окуйм, себеби инимдин жүрөгүн козгоп жатса, өзгөчө китеп болуш керек»,— деген. Юми Жахабанын Күбөлөрүнүн бири менен «Ыйык Китепте чынында эмне делет?» деген кийинчерээк чыккан китепти изилдөөгө да макул болгон.

Биз да адамдардын баарына тышына эмес, ичине карап, чын дилден сүйүү көрсөтүп, чыдамдуулук менен мамиле кылганыбыз дурус (1 Тим. 2:3, 4). Ошентсек, Питердей болуп сыртынан жагымсыз көрүнгөн, бирок ичи таза кишилерге чындыкты жеткире алабыз. Биз «жүрөктөгүнү көргөн» Кудайдын ак ниет адамдардын жүрөгүнө себилген чындыктын үрөнүн өстүрөрүнө шектенбесек болот (1 Шем. 16:7; Жкн. 6:44).

^ 7-абз. Питер бир нече жыл мурун алган «Түбөлүк өмүргө алпаруучу чындык» деген китеп жөнүндө айткан. Ал Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган, бирок учурда басылбайт.