Мазмунун көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ АЯТТАРДЫН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ

Забур 37:4. «Теңир менен кубан»

Забур 37:4. «Теңир менен кубан»

 «Жахабадан кубаныч алып, ырахаттан, ошондо ал жүрөгүңдөгү ой-тилектерди орундатат» (Забур 37:4, «Жаңы дүйнө котормосу»).

 «Теңир менен кубан, ошондо Ал жүрөгүңдөгү каалоолорду ишке ашырат» (Забур 37:4, «Үмүт нуру» котормосу).

Забур 37:4түн мааниси

 Забурчу Кудайдын кызматчыларын аны менен ынак мамиледе болуудан ырахат алганга үндөгөн. Жахаба a Кудай менен дос болгондордун баары бир нерседен шектенбесе болот: Жахаба алардын орундуу каалоолорун сөзсүз ишке ашырат.

 «Жахабадан кубаныч алып, ырахаттан». Бул сөздөрдү минтип да которсо болот: «Жахабадан чоң кубаныч ал», «Теңирге кызмат кылуудан ырахат ал» же «Теңир сага берген убададан ырахат ал». Мындайча айтканда, чыныгы Кудайга кызмат кылуу бизге абдан чоң кубаныч тартуулашы керек (Забур 37:4). Эмне үчүн ушинтип айтууга болот?

 Ыйык Китептен билгенибиздей, Жахабага кызмат кылгандар бардык нерсеге анын көзү менен карашат. Алар Жахабаны билгенден тышкары, ага баш ийүү акылдуулукка жатарын да билишет. Натыйжада алардын абийири таза болот жана көп ката кетиргенден, туура эмес чечим чыгаргандан оолак болушат (Накыл сөздөр 3:5, 6). Алсак, ач көз, кара ниет кишилердин иши оңунан чыгып жатканын көргөндө ачууланышпайт, көз артышпайт (Забур 37:1, 7—9). Кудайдын эли жакында анын бардык адилетсиздикти толугу менен жоёрун жана ишенимдүү кызматчыларына жакшы иштери үчүн сыйлык ыйгарарын билишет. Бул аларды чоң кубанычка бөлөйт (Забур 37:34). Ошондой эле Кудайга жаккандай жашап жатканын билгендиктен да кубанышат (Забур 5:12; Накыл сөздөр 27:11).

 «Ал жүрөгүңдөгү ой-тилектерди орундатат». Бул сөздөрдү «ал тиленүүңө жооп берет» же «эмнени абдан кааласаң, ошону берет» деп да которсо болот. Албетте, Жахаба сураганыбыздын баарын эле бере бербейт. Ал, камкор атадай болуп, балдарына эмне жакшы болорун эң сонун билет. Андан тышкары, Кудайдан сурагандарыбыз жана кандай жашаганыбыз анын мыйзам-принциптерине, ой-ниетине шайкеш келиши керек (Накыл сөздөр 28:9; Жакып 4:3; 1 Жакан 5:14). Ушундай кылсак, «тиленүүлөрдү Угуучуга» кайрылганыбызда жооп аларыбыздан шектенбесек болот (Забур 65:2; Матай 21:22).

Забур 37:4түн контексти

 37-забурду байыркы ысрайыл элинин падышасы Дөөтү жазган. Ал аны алфавиттик тартипте же акро ыр түрүндө жазган b.

 Дөөтү адилетсиздиктин азабын көп тарткан. Ал көзүн тазалагысы келген Шабул падышадан жана башкалардан качып, жашынып жүргөн (2 Шемуел 22:1). Ошентсе да ал дайыма Кудайына таянган жана аларды акыр-аягы жоопко тартарын билген (Забур 37:10, 11). Ооба, ыймансыздар «көк чөптөй» гүлдөп-өсүп жаткандай көрүнсө да, аларды келечеги жок (Забур 37:2, 20, 35, 36).

 37-забурда Кудайдын мыйзам-принциптерине баш ийип жашагандар менен аларды четке каккандардын келечеги кандай болору сүрөттөлгөн (Забур 37:16, 17, 21, 22, 27, 28). Ал забур Кудайга жаккан, акылдуу кишилерден болгонго жардам берет.

 Забур китеби тууралуу жалпы маалымат алыш үчүн бул видеону көргүлө.

a Кудайдын ысымынын еврей тилиндеги айтылышы кыргыз тилинде «Жахаба» деп берилет. Ыйык Китептин көптөгөн котормолорунда эмне үчүн Кудайдын ысымынын ордуна «Теңир» деген сөз колдонуларын билиш үчүн «Жахаба деген ким?» деп аталган макаланы карагыла.

b Ушундай стилде жазылган ырларда ар бир аят же аяттардын тобу еврей алфавитинин башкы тамгасы менен башталат. Ал эми кийинкиси экинчи тамгадан башталат жана ушинтип уланып кете берет. Ушундай ырларды жаттап калуу оңоюраак.