Мазмунун көрсөтүү

Ыйык Китептеги сандар кандайдыр бир мааниге ээби? Нумерологияга ишенүү туурабы?

Ыйык Китептеги сандар кандайдыр бир мааниге ээби? Нумерологияга ишенүү туурабы?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китептеги сандар көп учурда кадимки эле сандарды билдирет, бирок кээде алар каймана мааниге да ээ. Сандар каймана мааниге ээби, жокпу, контекстке жараша аныктоого болот. Ыйык Китептеги каймана мааниси бар айрым сандарды карап көрөлү.

  •   Бир. Бул сан биримдикти билдирет. Мисалы, Иса Машаяк өзүнүн жолдоочулары жөнүндө Кудайдан: «Алардын бардыгы бир болсун. Ата, сен мени менен, мен сени менен биримдикте болгондой эле, алар да экөөбүз менен биримдикте болушсун»,— деп тиленген (Жакан 17:21; Матай 19:6).

  •   Эки. Сот иштери жүргүзүлгөндө, кайсы бир иштин чын экенин аныкташ үчүн эки күбөнүн ырастоосу талап кылынган (Мыйзам 17:6). Ошол сыяктуу эле, бир эле аяндын кайталанып эки жолу көрсөтүлүшү же кайсы бир сөздүн эки жолу айтылышы алардын чындык экенин тастыктаган. Мисалы, Жусуп пайгамбар Мисирдин фараонунун түшүн жоруп бергенде: «Фараондун түштү эки жолу көргөнү чыныгы Кудайдын ушунун баарын бекем чечкенин жана жакын арада орундатарын билдирет»,— деп айткан (Башталыш 41:32). Айрым пайгамбарлыктарда эки деген сан мүйүзгө байланыштуу айтылганда кош бийликти билдирген. Мисалы, Даниел пайгамбардын пайгамбарлыгындагы «эки мүйүз» Мадай жана Персия падышаларын билдирген (Даниел 8:20, 21; Аян 13:11).

  •   Үч. Үч күбөнүн ырастоосу кайсы бир иштин чын экенин тастыктагандай эле, кайсы бир сөздүн үч жолу кайталанышы айтылган нерсенин талашсыз чындык экенин же баса белгиленгенин билдирет (Жезекиел 21:27; Элчилер 10:9—16; Аян 4:8; 8:13).

  •   Төрт. Бул сан, мисалы, «жердин төрт бурчу» деген сөз айкашындагыдай, кайсы бир нерсенин формасындагы же функциясындагы толуктукту, жеткилеңдикти билдирет (Аян 7:1; 21:16; Ышая 11:12).

  •   Алты. Кайсы бир нерсенин жетер чегин, толуктугун билдирген жети деген сандан бир санга кем болгондуктан алты деген сан кемтиги бар, жеткилең эмес нерселерди же Кудайдын душмандарына байланыштуу нерселерди билдирет (1 Жылнаама 20:6; Даниел 3:1; Аян 13:18).

  •   Жети. Бул сан көп учурда бир нерсенин жетер чегин, толуктугун билдирет. Мисалы, Кудай ысрайыл элине Жерихо шаарын күнүнө бир жолудан жети күн айланууну, ал эми жетинчи күнү жети жолу айланууну буйрук кылган (Жашыя 6:15). Ыйык Китептен жети деген сандын каймана мааниде колдонулганын көп кезиктирүүгө болот (Лебилер 4:6; 25:8; 26:18; Забур 119:164; Аян 1:20; 13:1; 17:10). Иса Машаяк элчи Петирге кимдир бирөөнү канча жолу кечириш керектигин айтканда: «Жети жолу эмес, жетимиш жети жолу»,— деп айткан. Жети деген сандын эки жолу кайталанышы кечирүүнүн чеги болбошу керектигин билдирген (Матай 18:21, 22).

  •   Он. Бул сан бир нерсенин жыйындысын же толук суммасын билдирет (Чыгуу 34:28; Лука 19:13; Аян 2:10).

  •   Он эки. Бул сан Кудай түзгөн жеткилең нерселерди билдирет. Мисалы, элчи Жакан аян көргөндө «пайдубалы он эки таштан туруп, аларга Козунун он эки элчисинин он эки ысмы жазылганын» көргөн (Аян 21:14; Башталыш 49:28). 12 деген сандын кайсы бир санга көбөйтүлгөнү да ушундай эле маанини туюнтат (Аян 4:4; 7:4—8).

  •   Кырк. Ыйык Китепте бул сан бир нече жолу сот өкүмүн ишке ашыруу же жазалоо мөөнөтүнө байланыштуу колдонулган (Башталыш 7:4; Жезекиел 29:11, 12).

Нумерология

 Ыйык Китептеги айрым сандардын каймана мааниге ээ болгону нумерологиядан кескин айырмаланат. Нумерологияга ылайык, сандар жана алардын айкалышы же суммасы кандайдыр бир сыйкырдуу мааниге ээ деп эсептелет. Мисалы, жүйүт кабалисттери (Ыйык Китепте жазылгандарды сыйкырдуу жол менен түшүнүү керек деп эсептегендер) гематрия (ар бир тамгага кайсы бир сан туура келет жана ошол сандарда кандайдыр бир жашыруун сыр катылган деп ишенүү) деп аталган атайын ыкманы колдонуп Еврей Жазмаларын талдаганга аракет кылышат. Нумерология сыйкырчылыкка жаткандыктан Кудайдын көз алдында туура эмес (Мыйзам 18:10—12).