Мазмунун көрсөтүү

Келишим сандыгы деген эмне?

Келишим сандыгы деген эмне?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Келишим сандыгы — Жахабанын буйругу менен жана анын көрсөтмөсү боюнча байыркы ысрайылдыктар жасаган ыйык сандык. Анын ичинде эки таш лоокко жазылган «Күбөлүк» — Он осуят — салынган эле (Чыгуу 25:8—10, 16; 31:18).

  •  Жасалышы. Келишим сандыгынын узундугу эки жарым, туурасы бир жарым, бийиктиги бир жарым чыканак болгон (узундугу — 111 см, туурасы — 67 см, бийиктиги 67 см). Ал акация жыгачынан жасалып, ичи-тышы таза алтын менен капталган жана тегерете алтын менен кооздолуп жээктеп коюлган. Сандыктын капкагы бүт бойдон таза алтындан жасалган. Капкактын эки четинде алтындан чегилип жасалган эки керуп орнотулган. Алар маңдай-тескей орнотулуп, жүздөрү капкакты карап турган. Ал эми канаттары жогору көтөрүлүп, капкакты жаап тургудай болгон. Сандыктын ылдыйкы төрт бурчунун өйдөрөөк жагына алтындан жасалган төрт шакек бекитилген. Акация жыгачынан шыргыйлар жасалып, алтын менен капталган. Шыргыйларды шакектерге киргизип, сандыкты көтөрүп жүрүшчү (Чыгуу 25:10—21; 37:6—9).

  •   Турган жери. Келишим сандыгы адегенде ыйык чатырдын Ыйыктын ыйыгы деп аталган бөлүгүндө турчу. Ыйык чатыр келишим сандыгы менен бир убакта жасалган. Ал Кудайга сыйынуу үчүн арналган жана көчүп-конууга ылайыкташтырылган чатыр болчу. Дин кызматчылар жана эл аны көрбөшү үчүн, Ыйыктын ыйыгы көшөгө менен тосулуп турчу (Чыгуу 40:3, 21). Ал жакка жыл сайын бир эле жолу, Күнөөдөн арылуу күнү, башкы дин кызматчы эле кире алчу (Лебилер 16:2; Еврейлер 9:7). Кийинчерээк келишим сандыгы Сулайман падыша курган ибадатканадагы Ыйыктын ыйыгына көчүрүлгөн (1 Падышалар 6:14, 19).

  •   Максаты. Келишим сандыгында ыйык буюмдар сакталчу. Ал буюмдар ысрайылдыктарга Синай тоосунда Кудай менен түзүлгөн келишимди эсине салып турган. Ошондой эле ал сандыктын Күнөөдөн арылуу күнүндө колдонулушу да аябай маанилүү болгон (Лебилер 16:3, 13—17).

  •   Ичиндеги буюмдар. Келишим сандыгына алгач Он осуят жазылган таш лооктор салынган (Чыгуу 40:20). Кийинчерээк манна салынган алтын идиш жана Арундун бүчүр байлаган таягы кошулган (Еврейлер 9:4; Чыгуу 16:33, 34; Сандар 17:10). Манна салынган идиш менен Арундун таягы кийинчерээк алынып салынган көрүнөт, себеби келишим сандыгы ибадатканага көчүрүлгөндө, алар жок болчу (1 Падышалар 8:9).

  •   Ташылышы. Келишим сандыгын лебилер акация жыгачынан жасалган шыргыйлардын жардамы менен ийиндерине көтөрүп жүрүшчү (Сандар 7:9; 1 Жылнаама 15:15). Лебилер сандыкка тийип албашы үчүн, ал шыргыйлар эч качан шакекчелерден чыгарылчу эмес (Чыгуу 25:12—16). Сандыкты көтөрүп жөнөшкөндө, анын үстүн Ыйык жайды Ыйыктын ыйыгынан бөлүп турган көшөгө менен жаап алышчу (Сандар 4:5, 6) a.

  •   Эмнени билдирген? Келишим сандыгы Кудайдын өз элин колдоп жатканын билдирген. Мисалы, Ыйыктын ыйыгында турган келишим сандыгынын үстүндөгү булут менен чөл кезип жүргөн ысрайылдыктардын кошуунунун үстүндөгү булут Жахабанын өз эли менен экенин жана аларга батасын берип жатканын көрсөтүп турган (Лебилер 16:2; Сандар 10:33—36). Ыйык Китепте Жахабанын «керуптардын үстүндө отурган... Кудай» экени айтылат. Ал керуптар келишим сандыгынын капкагына орнотулган эки керупту билдирет (1 Шемуел 4:4; Забур 80:1). Ошол керуптар Жахабанын «арабасын» билдирген (1 Жылнаама 28:18). Келишим сандыгы Жахабанын эли менен экенин көрсөтүп тургандыктан, ал көчүрүлүп келгенде, Дөөтү пайгамбар : «Сиондо жашаган Жахаба»,— деп жазган (Забур 9:11).

  •   Аталыштары. Ыйык Китепте ошол ыйык сандыктын ар кандай аталыштары жазылган. Мисалы, «Келишим сандыгы», «Жахабанын келишим сандыгы», «Жахаба Кудайдын күчүн көрсөткөн келишим сандыгы» деп аталчу (Сандар 7:89; Жашыя 3:6, 13; 2 Жылнаама 6:41).

     Сандыктын капкагы «элдештирүү капкагы» же башка котормодо «ырайым капкагы» деп аталган (1 Жылнаама 28:11; «Король Яковдун Ыйык Китеби»). Бул аталыштардан Күнөөдөн арылуу күнүндө капкактын өзгөчө бир максатта колдонулганы көрүнүп турат. Башкы дин кызматчы курмандыкка чалынган малдын канынан алып, капкактын өзүнө жана анын алдына чача турган. Дин кызматчынын бул иш-аракети өзүн, үйүндөгүлөрүн жана бүт Ысрайыл элин күнөөдөн арылтканын билдирген (Лебилер 16:14—17).

Келишим сандыгы бүгүн барбы?

 Бар экенинен кабар берген эч кандай далилдер жок. Ыйык Китепте анын зарылдыгы болбой калганы жазылган, себеби анын ордуна Иса пайгамбардын курмандыгынын негизинде түзүлгөн «жаңы келишим» күчүнө кирген (Жеремия 31:31—33; Еврейлер 8:13; 12:24). Ыйык Китепте келишим сандыгы колдонулбай кала турган убак болору алдын ала айтылган. Кудайдын эли аны эстеп, жоктобой калышмак (Жеремия 3:16).

 Жаңы келишим түзүлгөндөн кийин, элчи Жакан аян аркылуу келишим сандыгынын асманда экенин көргөн (Аян 11:15, 19). Каймана маанидеги ошол келишим сандыгы Кудайдын өз элин колдоп жатканын жана жаңы келишимге батасын берип жатканын билдирген.

Келишим сандыгы сыйкырдуу күчкө ээ болгонбу?

 Жок. Келишим сандыгы болсо эле, бардыгы сонун болуп кеткен эмес. Маселен, ысрайылдыктардын кошуунунда келишим сандыгы турса да, Ай шаарына кол салышканда жеңилип калышкан. Себеби элдин арасында бирөө күнөө кетирген болчу (Жашыя 7:1—6). Кийинчерээк аны согуш талаасына алып барышса да, пелиштиликтерди жеңе албай калышкан. Анткени ысрайыл элинин Копни менен Пинехас деген дин кызматчылары ыпылас иштерди кылышкан (1 Шемуел 2:12; 4:1—11). Пелиштиликтер ошол согушта келишим сандыгын тартып алышкан. Ошондуктан Кудай аларга оору жиберген. Пелиштиликтер келишим сандыгын кайтарып бергенде гана оорусунан айыккан (1 Шемуел 5:11—6:5).

Келишим сандыгынын тарыхы

Жыл (б. з. ч.)

Окуя

1513

Безелел менен анын шериктери ысрайылдыктар тартуу кылган материалдардан жасашкан (Чыгуу 25:1, 2; 37:1).

1512

Муса пайгамбар ыйык чатырдын ачылышын, дин кызматчылардын кызматына киришкенин, келишим сандыгын колдоно берсе боло турганын жарыялаган (Чыгуу 40:1—3, 9, 20, 21).

1512—1070

Ар кайсы жерлерге көчүрүлгөн (Жашыя 18:1; Бийлер 20:26, 27; 1 Шемуел 1:24; 3:3; 6:11—14; 7:1, 2).

1070-жылдан тарта

Дөөтү падыша Иерусалимге алып келген (2 Шемуел 6:12).

1026

Сулайман падыша курган ибадатканага көчүрүлгөн (1 Падышалар 8:1, 6).

642

Жошия ибадатканага кайра алып келген (2 Жылнаама 35:3) b.

607-жылга чейин

Кимдир бирөө ибадатканадан алып кеткен көрүнөт. Анткени б. з. ч. 607-жылы ибадаткана талкаланып, андагы буюмдар Бабылга алынып кеткенде, буюмдардын тизмесинде жок болчу. Кийин ошол буюмдар кайра ибадатканага алынып келгенде да, тизмеде жок болчу (2 Падышалар 25:13—17; Эзра 1:7—11).

63

Рим аскер башчысы Помпей Иерусалимди басып алып, ибадатканадагы Ыйыктын ыйыгына кирип текшергенде келишим сандыгынын жок экенин жарыялаган. c

a Ысрайылдыктар Жахабанын келишим сандыгын көтөрүүгө жана жабууга байланыштуу көрсөтмөлөрүн бузушканда каргашаларга кабылышкан (1 Шемуел 6:19; 2 Шемуел 6:2—7).

b Ыйык Китепте келишим сандыгын качан, эмне үчүн жана ким ибадатканадан алып кеткени жөнүндө эч нерсе айтылбайт

c (The Histories, by Tacitus, Book V, paragraph 9).