Мазмунун көрсөтүү

Ыйык Китепте бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонууга тыюу салынабы?

Ыйык Китепте бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонууга тыюу салынабы?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Иса пайгамбар өзүнүн жолдоочуларына балалуу болушу же болбошу керектигине байланыштуу эч нерсе деп айткан эмес. Анын шакирттери да буга карата эч нерсе дешкен эмес. Ыйык Китепте бойго бүтүрбөөчү кандайдыр бир каражаттарды колдонууга тыюу салган мыйзам жок.

 Ошондуктан жубайлар балалуу болобу, жокпу, ошондой эле канча балалуу болушат, качан болушат, өздөрү чечишет. Эгер алар түйүлдүктү өлтүрбөй турган бойго бүтүрбөөчү кандайдыр бир каражаттарды колдонууну чечсе, бул алардын өз эрки. Ошондуктан аларды айыптаганга эч кимдин укугу жок. Андай учурда: «Ар бирибиз кылган иштерибиз үчүн Кудайдын алдында жооп беребиз»,— деген принципке ылайык иш кылыш керек (Римдиктер 14:4, 10—13).