Мазмунун көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР

Сүйөрүңөрдү кантип билдирсеңер болот?

Сүйөрүңөрдү кантип билдирсеңер болот?

 Жылдар өткөн сайын жубайлар бири-бирине болгон сүйүүсүн көп билдирбей калышат. Эгер силерде да ошондой болуп жатса, тынчсызданышыңар керекпи?

 Эмнелерди билишиңер керек?

 Нике бекем болушу үчүн жубайлар бири-бирине сүйүүсүн билдирип турушу зарыл. Ден соолук чың болушу үчүн дайыма азыктанып, суу ичип туруш керек болгондой эле, нике түйүнү бекем болушу үчүн, жубайлар бири-бирин сүйөрүн дайыма билдирип турушу кажет. Жубайлардын баш кошконунан ондогон жылдар өтсө да, алардын бири-бирин абдан сүйөрүнө, кам көрөрүнө ынандырып турганы маанилүү.

 Чыныгы сүйүү өз кызыкчылыгын көздөбөйт. Чындап сүйгөн адам өзүнүн эмес, сүйгөнүнүн бактылуу болушун каалайт. Жарынын сезимдерин эске алган адам өзү каалаганда эле сүйөрүн билдирип койбостон, өмүрлөш түгөйүнүн сүйүүгө болгон муктаждыгын дайыма канааттандырууга умтулат.

 Негизи, жан шериги сүйөрүн билдирип турушуна күйөөлөргө караганда аялдар көбүрөөк муктаж. Күйөөсү аялын абдан сүйсө да, эртең менен же кечинде эле, же болбосо жыныстык катнашта болордо эле назик мамиле кылып, көңүл бурса, аялы анын чындап сүйөрүнө толук ишене албашы мүмкүн. Андыктан күйөөлөр жубайын сүйөрүн күндүн кайсы убагында болбосун билдирип турганы абзел.

 Эмне кылсаңар болот?

 Сүйөрүңөрдү сөзүңөр менен билдирип тургула. «Сени сүйөм», «жаным» деген сыяктуу сөздөрүңөр жубайыңарды аны сүйөрүңөргө ынандырып турат.

 Ыйык Китептеги принцип: «Адамдын жүрөгү эмнеге толсо, оозу ошону сүйлөйт» (Матай 12:34).

 Кеңеш: Жакшы көрөрүңөрдү билдирген сөздөрдү айтып коюу менен эле чектелбегиле. Ага кагаз түрүндө да, электрондук почта аркылуу да кыскача кат жазып, SMS жөнөтүп тургула.

 Сүйүүңөрдү ишиңер менен да көрсөткүлө. Жубайыңарды сүйөрүңөрдү кучактап, өөп же жөн эле колунан кармап көрсөтсөңөр болот. Назик кармаганыңар, жакшы көрө караганыңар же кез-кезде белек берип турганыңар жубайыңардын аны сүйөрүңөрдү сезишине шарт түзөт. Ошондой эле жубайыңар үчүн айрым нерселерди кылаттырсыңар, мисалы, баштыктарды көтөрүшүп, эшикти ачып берип же идиштерди, кирлерди жууганга, тамак жасаганга жардам береттирсиңер. Мындай нерселер сүйүүнүн иш жүзүндө көрсөтүлүшү болгондуктан, көптөгөн аялдар жарынын ушуларды кылганын чоң иштерди кылганга жардам бергенинен да артык деп эсептейт!

 Ыйык Китептеги принцип: «Бири-бирибизди сөзүбүз же тилибиз менен эле эмес, ишибиз менен... сүйөлү» (1 Жакан 3:18).

 Кеңеш: Өмүрлүк жарыңарга сүйлөшүп жүргөн кездегидей назик мамиле кылгыла.

 Бири-бириңерге убакыт бөлгүлө. Жалгыз экөөңөр эле болуп, убакыт өткөргөнүңөр да никеңерди бекемдейт жана жубайыңарды аны менен убакыт өткөргөнүңөр силерге жагымдуу экенине ынандырат. Албетте, балдарыңар бар болсо жана күн сайын кыла турган зарыл иштериңер көп болсо, экөөңөр эле бирге болуп убакыт өткөрүүгө мүмкүнчүлүк табуу кыйын болушу мүмкүн. Эгер ошондой болсо, жөнөкөй эле нерселерди кылганга, балким, сейилдеп турганга убакыт бөлөттүрсүңөр.

 Ыйык Китептеги принцип: «Эмне маанилүүрөөк экенин баамдагыла» (Филипиликтер 1:10).

 Кеңеш: Жумушу көп болгон жубайлардын айрымдары бири-бирине гана арнай турган кайсы бир кечти же дем алыш күндөрүн атайын бөлүп коюшат.

 Жубайыңарды жакшы билгиле. Ар бир адамдын сүйүүгө болгон муктаждыгы ар башкача болот. Андыктан бири-бириңерге сүйүүнүн кантип билдирилишин жана дагы эмнелердин кылынышын каалаарыңарды айткыла. Анан жан шеригиңердин муктаждыгын канааттандырганга бүт күчүңөрдү жумшагыла. Нике бекем болушу үчүн жубайлардын сүйүүсүн билдирип турганы зарыл экенин эсиңерден чыгарбагыла.

 Ыйык Китептеги принцип: «Сүйүү... өз кызыкчылыгын көздөбөйт» (1 Корунттуктар 13:4, 5).

 Кеңеш: Жубайыңардан сүйүүсүн билдирип, назик мамиле кылышын талап кылгандын ордуна: «Жубайымдын мага болгон сүйүүсү артып, мага тартылып турушу үчүн эмне кылсам болот?» — деп ойлонуп көргүлө.