Мазмунун көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | БАЛА ТАРБИЯЛОО

Балдарыңарга рахмат айтканды үйрөткүлө

Балдарыңарга рахмат айтканды үйрөткүлө

 Изилдөөлөр көрсөтүп тургандай, ыраазы боло билген киши бактылуураак болот, ден соолугу да чың болот. Башына түшкөн кыйынчылыктарды оңой көтөрөт жана достору менен болгон мамилеси да ынак болот. Роберт А. Эммонс деген бир изилдөөчү ыраазы болуу «кишини ачууга алдыруу, таарынуу, ач көздүк жана ызалануу сыяктуу залакалуу сапаттардан коргоорун айткан» a.

 Рахмат айтканы балдарга кандайча пайдалуу болушу мүмкүн? 700 жеткинчек катышкан, 4 жылга созулган бир изилдөөдө төмөнкүлөр айкын болгон: ыраазы болгон балдар экзамен тапшырганда көп көчүрүшпөйт. Баңгизатты азыраак колдонушат жана ичимдикти азыраак ичишет. Же жүрүм-турумунун айынан башкаларга кыйынчылык туудурушпайт, өздөрү да көп кыйналбайт.

  •  Баарын өз күчүм менен кылдым деген маанай ыраазы болгонго тоскоолдук кылат. Көптөгөн балдар кандайдыр бир жакшы нерсе болгондо «мен буга татыктуумун, ошон үчүн ушундай болду» деп ойлошот. Ошол себептен алар бирөөнүн жакшылык кылганын белек катары көрүшпөйт. Тескерисинче, башкалар мага милдеттүү деп эсептешет.

     Бүгүнкү күндө көптөрдүн маанайы ушундай. «Бул дүйнө каалаган нерсеңе жетишиң керек деп үйрөтөт,— дейт Катерина аттуу бир эне.— Журналдардан, телевизордон же интернеттен көп нерселер көрсөтүлөт. Анан „сен буга татыктуусуң, муну биринчилерден болуп алышың керек“ деп таңуулашат. Мындай ойлор туш тараптан жаайт».

  •   Балдарга кичинекей кезинен эле рахмат айтканды үйрөтсө болот. Кая деген бир эне мындай деген: «Балдар бат эле сиңирип алышат. Аларга жаштайынан жакшы адаттарды өрчүткөндү үйрөткөнүбүз бакты, түз өсүшү үчүн, тирегенге окшош».

Рахмат айтканды кантип үйрөтсө болот?

  •   Кандай сөздөрдү айтыш керектигин үйрөткүлө. Атүгүл кичинекей балдар да, кимдир бирөө белек бергенде же жакшылык кылганда, рахмат деп айтканды үйрөнө алышат. Алар чоңоюп жетилген сайын, башкалардын берешендигин ого бетер баалап калышат.

     Ыйык Китептеги принцип: «Дайыма ыраазы болгула» (Колосалыктар 3:15).

     «Үч жашар неберебиз „чоң рахмат“ деп бирөө айт деген үчүн эмес, өзү каалап эле айтат. Бир нерсени суранганда да „минтип коёсузбу же тигинтип коёсузбу“ деп сылык айтат. Ал ата-энесинин сылык мамилесин, дайыма рахмат айтканын көрүп, ыраазы болгонго үйрөнүп жатат» (Жеффри).

  •   Эмне кылыш керектигин үйрөткүлө. Кимдир бирөө балаңарга белек бергенде, ага чогуу рахмат айтып, открытка жазсаңар болот. Андан тышкары, эгер балаңарга үй иштерин тапшырсаңар, үйдү таза күтө билиш үчүн канчалык көп күч жумшаларын түшүнүп, эмгекти баалаганга үйрөтө аласыңар.

     Ыйык Китептеги принцип: «Алганга караганда берген бактылуу» (Элчилер 20:35).

     «Эки өспүрүм балабыз менен эмне тамак жасаарыбызды чогуу чечебиз. Алар тамак жасаганга, үй иштерин кылганга да кол кабыш кылышат. Бул балдарыбызга эмгегибизди баалаганга, баарын боло жүргөн нерсе катары көрбөй, ыраазы болгонго жардам берет» (Беверли).

  •   Туура маанай өрчүткөндү үйрөткүлө. Эгер момундукту жерге салыштыра турган болсок, ыраазы боло билүү өсүмдүккө окшош. Момун кишилер, эмне иш кылбасын, башкалардын жардамына муктаж экенин түшүнүшөт. Ошон үчүн аларга жөлөк-таяк болгонуна ыраазы болушат.

     Ыйык Китептеги принцип: «Момундук менен башкаларды өзүңөрдөн жогору көргүлө. Өзүңөрдүн эле эмес, башкалардын да кызыкчылыктарын ойлогула» (Филипиликтер 2:3, 4).

     «Кээде тамак ичип жатканда „рахмат айт“ деген оюнду ойнойбуз. Ар бирибиз кезектешип эмне үчүн ыраазы экенибизди айтабыз. Бул бизге оң маанайда ой жүгүрткөнгө, өзүбүздү эле ойлоп нааразы боло бербей, ыраазы болгонго жардам берет» (Тамара).

 Кеңеш: Өрнөк болгула. Эгер балдарыңар силердин башкаларга жана аларга рахмат айтканыңарды дайыма угуп турушса, рахмат айтканды оңоюраак үйрөнө алышат.

a «Thanks! How Practicing Gratitude Can Make You Happier» деген китептен алынды.