Мазмунун көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР

Балаңар ийгиликке жетпей калганда, ага кантип жардам берсеңер болот?

Балаңар ийгиликке жетпей калганда, ага кантип жардам берсеңер болот?

 Эртеби, кечпи, балаңардын кандайдыр бир нерседе ийгиликке жетпей калып, көңүлү чөккөн учурлары болот. Андайда ага кантип жардам бере аласыңар?

 Эмнелерди билишиңер керек?

 Жашоодо дайыма эле ийгиликке жете бербейбиз. Ыйык Китепте: «Баарыбыз тең көп жаңылабыз»,— деп жазылган (Жакып 3:2). Балдар да жаңылат. Ошентсе да мунун жакшы жагы бар. Анткени бул балдардын кыйынчылыкка туш болгондо аны жеңгенди үйрөнүшүнө өбөлгө түзөт. Бул тубаса жөндөм эмес, бирок балдар аны өрчүтө алышат. Лаура деген аял мындай дейт: «Жолдошум экөөбүз балдар ийгиликке жетпей калганда эч нерсе болбогондой мамиле кылбай, аны чечкенди үйрөнгөнү жакшы экенин байкадык. Алар күткөндөй болбой калганда багынбастан максатына жеткенге үйрөнө алышат».

 Ийгиликке жетпей калганда көптөгөн балдардын ындыны өчүп калат. Айрым балдар, ата-энеси ар дайым калкалай бергендиктен, кайсы бир нерсе ойдогудай болбой калганда, аны оңдогонду үйрөнбөй калышат. Мисалы, бала мектептен начар баа алып калса, ата-энеси дароо эле мугалимди күнөөлөшү мүмкүн. Же баласы досу менен урушуп кетсе, анын досун айыптап кириши ыктымал.

 Бирок ата-энеси баласына туура эмес кылганын такыр айтпай, коргой берсе, баласы катасын мойнуна алып, көйгөйдү чечкенди үйрөнө алабы?

 Эмне кылсаңар болот?

  •   Туура эмес кылганынын кесепети болорун түшүндүргүлө.

     Ыйык Китепте мындай деп айтылат: «Адам эмнени сепсе, ошону орот» (Галатиялыктар 6:7).

     Ар бир иштин натыйжасы болот. Бир нерсеге зыян келтирсек, ордун толтурууга туура келет. Ката кетирсек, кесепетин тартабыз. Балдар себеп-натыйжа принцибин жана адам ар бир кылган ишине жооптуу болорун түшүнүшү зарыл. Ошондуктан балаңардын катасы үчүн башкаларды күнөөлөбөгүлө же балаңарды актай бербегиле. Анын ордуна, анын жашын эске алып, кылгандарынын кесепетин тартууга жол бергиле. Албетте, балдар кылганынын кесепетин тартып жатканын айкын түшүнүшү керек.

  •   Көйгөйдү чечкенди үйрөткүлө.

     Ыйык Китептеги принцип: «Адил адам жети жолу жыгылышы мүмкүн, бирок сөзсүз кайра турат» (Накыл сөздөр 24:16).

     Ийгиликке жетпей калганда көңүлүбүз чөгөрү күмөнсүз. Бирок бул колуңардан такыр эч нерсе келбейт дегенди билдирбейт. Балаңарга колунан келбей калганы үчүн башкаларга нааразы болбостон, кайрадан ошондой ката кетирбеши үчүн эмне кылса болору жөнүндө ойлонгонго жардам бергиле. Мисалы, балаңар мектептеги сынактан өтпөй калды деп коёлу. Андай учурда сабакты жакшыраак окуп, эмки сынакта жакшы баа алганга бүт күчүн жумшап, көйгөйдү чече аларын түшүнгөнгө көмөк кылгыла (Накыл сөздөр 20:4). Же кызыңар курбусу менен таарынышып кетти дейли. Андайда, кызыңар эле күнөөлүү болбосо да, анын кечирим сурап, жагдайды оңдогонго аракет кылганы туура болорун түшүнгөнгө жардам бергиле (Римдиктер 12:18; 2 Тиметей 2:24).

  •   Өзү жөнүндө жогору ойдо болбогонго үйрөткүлө.

     Ыйык Китептеги принцип: «Өзүңөр жөнүндө тийиштүүдөн артык ойлобогула» (Римдиктер 12:3).

     Балаңарга же кызыңарга «сен баарынан кыйынсың» деп айта берүү чындыкка да жатпайт, пайдасы да тийбейт. Анткени сабакты мыкты окуган балдар деле дайыма эле эң жакшы баа ала бербейт. Спортто кыйын болгон балдар да дайыма эле жеңе бербейт. Өзүнө карата туура көз карашта болгон балдар ийгиликке жетпей калганда өтө көп кайгырбай, алдыга умтула берет.

     Ыйык Китепте ар кандай кыйынчылыктардын кайраттуулук, туруктуулук сапаттарын өрчүткөнгө жардам берери жазылган (Жакып 1:2—4). Ийгиликке жетпей калуу көңүл кайттыкка учуратса да, балаңарды ага карата туура көз карашта болууга үйрөткүлө.

     Балдарды мындай учурларда багынбай, андан ары да умтула берүүгө үйрөтүү, башка нерселерди үйрөткөндөй эле, убакыт менен күчтү талап кылат. Бирок балаңарды буга кичине кезинен эле үйрөтсөңөр, өспүрүм курагында анын пайдасын көрөт. Бала тарбиялоого байланыштуу бир китепте мындай деп жазылган: «Көйгөйлөрдү кантип чечиш керектигин үйрөнгөн балдар кооптуу болгон же акылсыздыкка жаткан иштерге көп барышпайт. Алар жагдай өзгөргөндө жана күтүлбөгөн нерселер болгондо ылайыкташа билишет» («Letting Go With Love and Confidence»). Албетте, оор кыйынчылыктарды жеңгенге үйрөнгөнүнүн пайдасын ал эр жеткенде да көрөт.

 Кеңеш: Үлгү көрсөткүлө. Балаңар силердин оор көйгөйлөрдү кантип чечип жатканыңардан өзүнүн кыйынчылыктарын кантип чечиш керектигин үйрөнөрүн эсиңерден чыгарбагыла.