Мазмунун көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | БАЛА ТАРБИЯЛОО

Балаңарды порнографиядан калкалагыла

Балаңарды порнографиядан калкалагыла

 «Биз порнографиянын канчалык коркунучтуу экенин жакшы билчүбүз. Болгону эле кызыбыз порнографияны оңой эле көрө аларын эске албай калыптырбыз» (Николь).

Бул макалада:

 Эмнелерди билишиңер керек?

 Балдар кичинекей кезинде эле порнография көрүп алышы мүмкүн. Изилдөөлөр көрсөтүп тургандай, учурда балдар порнографияны 11 жаштарында көрө башташат.

 Балдар порнографияны издебесе да, ага кабылып калышы ыктымал. Алсак, алар Интернеттен жакшы эле бир нерсени издеп жатканда же соцтармактарда жүргөндө порнография чыга калышы ыктымал. Же болбосо видеооюндарын онлайн ойноп жатканда порнографиянын жарнамасы чыга калышы мүмкүн. Порнография ар кандай форматта болот. Көбүнчө сүрөт жана видео түрүндө тарайт. Бирок бары ачык эле көрсөтүлгөн эротикалык материалдар жазуу түрүндө жана аудио түрүндө да көп. Аларды онлайн окуса, көрсө болот, жүктөп алса да болот.

 Дагы бир эске алчу нерсе, балдарга ыпылас материалдарды кимдир бирөөлөр мессенжерлер аркылуу жөнөтүшү мүмкүн. Бир изилдөөгө 900дөн ашуун бала катышкан. Алардын ичинен кыздардын 90дой пайызы, ал эми балдардын 50дөй пайызы классташтарынан дайыма бирөөлөрдүн жылаңач сүрөтүн же видеосун алып турушарын айтышкан.

 Кеңири жайылган порнографияда көбүнчө зордук-зомбулук камтылат. Кеңири жайылган жана оңой табыла турган порнографиялык материалдарда көп учурда аялдарга карата көрсөтүлгөн зордук-зомбулук камтылат.

 Порнография балдардын жан дүйнөсүн жабыркатат. Изилдөөлөрдөн айкын болгондой, порнография көргөн балдарда төмөнкү нерселер көбүрөөк байкалат:

  •   Сабагына жетишпей баштайт

  •   Тынчсыздануу, коркунуч сезими басат, депрессия болот, өзүн эч нерсеге жараксыз сезет

  •   Кимдир бирөөнү жыныстык катнашта болгонго зордогонду кадимки нерсе катары көрүп калышат

 Жыйынтык: Порнографиянын балдарга тийгизген терс таасири абдан күчтүү. Ата-энелер аларды эң жакшы коргой алышат.

 Ыйык Китептеги принцип: «Мен бүгүн аткарууну буйрук кылган сөздөрдү жүрөгүңө сакта. Аларды балдарыңа үйдө отурганыңда да, жолдо баратканыңда да, жатканыңда да, турганыңда да кайра-кайра айтып үйрөт» (Мыйзам 6:6, 7).

 Балаңарды порнографиядан кантип калкалай аласыңар?

 Зарыл нерселерди билип алгыла. Балаңар качан жана каерден порнографияга кабылып калышы көбүрөөк мүмкүн экени жөнүндө ойлонгула. Мисалы, ал мектепте жүргөндө тыныгуу маалында Интернетке каалашынча кирип, каалаганын кылбайбы?

Порнография ар кайсы жактан чыга калышы мүмкүн

 Телефонунда маалымат алууну чектеген кандай функциялар бар экенинен, кандай тиркемелерди колдонорунан жана кандай оюндарды ойноорунан кабардар болуп тургула a. Маселен, кээ бир тиркемелерде маалыматты жок кылып тура турган функция бар. Ал келип түшкөн билдирүүнү, сүрөттү же видеону кыска убакыттын ичинде эле өчүрүп, жок кылып салат. Видео оюндарды онлайн ойноп жатып эле оюнчулар порнография көрө ала турган жана виртуалдык түрдө жыныстык катнашта боло ала турган оюндар барган сайын көбөйүп баратат.

 «Өз тажрыйбам менен бөлүшкүм келет: эгер балаңардын смартфону бар болсо, аны кантип колдонгонду, „ата-энелердин көзөмөлү“ деген функциянын жардамы менен аны кантип коргой аларыңарды жана балаңар электрондук каражатын кантип колдонуп жатканын текшергенди билип алышыңар керек» (Дейвид).

 Ыйык Китептеги принцип: «Түшүнө билген адамдын жүрөгү билимге ээ болот» (Накыл сөздөр 18:15).

 Колуңардан келгендин баарын кылгыла. Балаңардын порнография көрүп калуу ыктымалдыгын мүмкүн болушунча азайтыш үчүн чара көргүлө. Мисалы, анын телефонун жана үйдөгү электрондук каражаттардын баарын порнографиялык материалдарды чыпкалай тургандай кылып жөндөп койгула. «Ата-эненин көзөмөлү» деген функцияны иштетип койгула. Балаңар колдонгон бардык сыр белгилерди билгендей болгула.

 «Мен электрондук каражаттарыбызда „ата-эненин көзөмөлү“ деген функцияны иштетип койдум. Балабыздын Интернетке туташкан телевизордон көрө турган программаларына чек коюп койдум. Анын смартфонундагы сыр белгини да билем. Ушундай кылган жакшы экен» (Маорисио).

 «Уулдарыма видеолорду эшикти жаап алып көргөнгө уруксат бербейм. Уктаганга келгенде электрондук каражаттарын алып коём» (Жанлука).

 Ыйык Китептеги принцип: «Кыраакы киши кырсыкты көрүп жашынат» (Накыл сөздөр 22:3).

 Балаңарды күн мурун даярдагыла. «Айрым ата-энелер баласы менен порнография жөнүндө сүйлөшкөндөн качышат. Анткени алар балам мындай көйгөйгө эч качан туш болбойт деп ойлошот»,— дейт Флавия деген бир эне. Кээ бир ата-энелер болсо: «Эгер балам менен порнография жөнүндө сүйлөшсөм, алар аны издей баштайт»,— деп коркушат. Минтип ойлогон туура эмес. Акылдуу ата-энелер балдарын порнографияны кокусунан көрүп алганга чейин эле, анын кооптуу жактарын айтып, даярдашат. Силер муну кантип кыла аласыңар?

 Кичинекей балдарыңарга порнография кокус пайда болуп калса, эмне кылышы керектигин үйрөткүлө. Мисалы, аларга «көзүңдү дароо жум» же «электрондук каражатты өчүрүп сал» деп айткыла. Анан аларды эмнелерди көргөнүн же укканын айтып бергенге үндөгүлө b.

 «Уулубуз кичинекей кезинде эле порнографиянын кооптуу жактарын айтып, ушул туурасында сүйлөшчүбүз. Ал 11лерге чыгып калганда смартфонуна жүктөп алган оюндардан порнографиянын жарнамалары чыга баштады. Ошол сүрөттөрдө „чатка кошулуп өзүңдүн сүрөттөрүңдү жөнөтсөң болот“ деген чакырыктар бар экен. Биз буга чейин эле ушул туурасында сүйлөшкөндүктөн, ал дароо эле келип эмне болгонун айтып берди» (Маорисио).

 Ыйык Китептеги принцип: «Баланы туура жолго сал. Ал ошол жолдон карыганда да чыкпайт» (Накыл сөздөр 22:6).

 Бир аз чоңоюп калган балдарга порнографияны көргөнгө, укканга же окуганга азгырык болгондо аны четке какканга жардам бергиле. Алсак, ага келишим түзгөнгө көмөк кылгыла. Ал келишимге үйдөгү эрежелерди, порнография чыга калса, эмне кыларын жана эмне үчүн ошондой кыларын жазса болот. Ал келишимге порнографияны атайлап көрүүнүн кесепеттерин да кошсо болот. Ал кесепеттер өз ичине өзүн-өзү сыйлабай калганын, ата-энесинин ишеничинен чыгып калганын жана Кудай менен болгон мамилесинин талкаланышын камтыйт c.

 «Улам чоңойгон сайын балдарга порнография көргөнгө азгырык пайда болгондо аны көргөндүн ордуна, кесепеттери жөнүндө ойлонгонго көмөк кылгыла» (Лауретта).

 «Балдарыңардын порнографиянын кооптуу экенинен сырткары, буга Жахаба кандай караарын билгени жакшы. Бул аларды жакшыраак коргойт» (Дейвид).

 Ыйык Китептеги принцип: «Акылмандык... коргойт» (Насаатчы 7:12).

 Дайыма сүйлөшүп тургула. Ишенгенге кыйын болушу мүмкүн, бирок балдар, чын-чынында, ата-энеси менен жыныстык мамиле жана порнография жөнүндө сүйлөшкүсү келет. «Балдардын кичинекей кезинде эле ата-энеси менен жыныстык мамиле тууралуу сүйлөшкүсү келери жана бул тууралуу көбүрөөк сүйлөшкүсү келери айкын болду. Балдар бул тууралуу өзүнүн курагына жараша билгиси келет. Улам чоңойгон сайын, бул жөнүндө көбүрөөк, кененирээк билгиси келет»,— дейт Англиядагы бир мамлекеттик кызматкер.

 «Мен чоңоюп-жетилип келаткан мезгилде ата-энем кээ бир темаларды мени менен такыр сүйлөшчү эмес. Бирок мен алар менен ошол жөнүндө ачык, ээн-эркин сүйлөшкүм келчү. Азыр өзүмдүн балдарым бар. Алар менен жыныстык мамиле жөнүндө мезгил-мезгили менен жай отуруп сүйлөшкөнгө аракет кылам» (Флавия).

 Балаңар порнография көрүп алган болсо...

 Ачууга алдырбагыла. Эгер балаңардын порнографиялык материалдарды көргөнүн, укканын же окуганын билип калсаңар, өзүңөрдү кармагыла. Ал эмне кыларын билбей, жаман болуп, өзүн күнөөлүү сезип жатышы мүмкүн. Ачууңар менен бир тийсеңер, ансыз деле араң турган бала ого бетер жаман болот. Анан кийин дагы ушундай кайталана турган болсо, силерге келип айтпай коюшу мүмкүн.

 Ыйык Китептеги принцип: «Токтоолук менен сүйлөгөн билимге ээ, кыраакы киши оор басырыктуу» (Накыл сөздөр 17:27).

 Жагдайды толук түшүнгүлө. Дароо эле жыйынтык чыгарып албай, балаңар порнографияны кандайча көрүп алганын билиш үчүн суроолорду бергиле. Ыпылас сүрөттөрдү ага кимдир бирөө жибериптирби же ал өзү издеп тааптырбы? Мындай нерсе бир эле жолу болуптурбу же ал мурун да порнография көрчү бекен? Анын электрондук каражатына чыпка коюлганбы? «Ата-эненин көзөмөлү» деген функция жөндөлгөнбү? Ошентсе да ал порнография көрүүнүн жолун тапканга аракет кылган эмеспи? Максатыңар балаңарды суракка алуу эмес, анын жүрөгүндөгүсүн сузуп алуу экенин унутпагыла.

 Ыйык Китептеги принцип: «Адамдын жүрөгүндөгү ойлор — терең суулар, кыраакы киши аларды сузуп алат» (Накыл сөздөр 20:5).

 Иш-аракет кылгыла. Маселен, порнография кокусунан эле чыга калган болсо, анда балаңардын электрондук каражатынан «Ата-эненин көзөмөлү» деген функцияны жөндөшүңөр жана чыпкаларды коюшуңар керек болушу мүмкүн.

 Эгер анын порнографияны өзү издегени айкын болсо, анда аны жумшак, бирок чечкиндүү тарбиялагыла. Балаңарга Аюп 31:1, Забур 97:10 жана Забур 101:3 сыяктуу аяттарды окуп, аны менен чогуу ошол аяттардын үстүнөн ой жүгүрткүлө. Ошондойчо ага порнографияны четке какканга жардам бере аласыңар d. Бул жагынан кандай жылыш болуп жатканын билиш үчүн жума сайын текшерип турарыңарды айткыла. Ошондой эле дагы кантип жардам берсе болорун билиш үчүн көзөмөлдөп турарыңарды да билдиргиле.

 Ыйык Китептеги принцип: «Балдарыңарды кыжырдантпагыла, тескерисинче, Жахаба үйрөткөндөй акыл айтып, аларды анын акыл-насааты менен тарбиялагыла» (Эфестиктер 6:4).

a Бул макалада эркек балдар жөнүндө сөз кылынса да, айтылгандар кыздарга да тиешелүү.

b Балаңар менен жаш-курагына жараша жыныстык мамиле тууралуу сүйлөшүш үчүн эмне кылсаңар болорун билгиңер келсе, «Ата-энелер балдарына канткенде туура жыныстык тарбия бере алышат?» деген макаланы окуп көргүлө.

c Келишимге дагы эмнелерди кошсо болору тууралуу көбүрөөк билиш үчүн «Канткенде порнографиядан кача алам?» деген иштөө барагын колдонгула.

d Балаңар менен чогуу «Эмне үчүн порнографияны четке кагыш керек?» деген макаланы окуп көрсөңөр болот.