Мазмунун көрсөтүү

ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Миксинанын былжыры

Миксинанын былжыры

 Миксина бөлүп чыгарган жабышкак былжыр же гидрогель илимпоздордун бүйүрүн кызытып келет. Эмне үчүн? Себеби миксинанын гидрогели «эң жумшак, чоюлчаак биоматериал» болуп саналат.

 Көңүл бурсаңар: Жылан келбеттүү бул жандык деңиз түбүндө байырлайт. Жырткыч кол салганда, ал атайын бездеринен гель бөлүп чыгарат. Ал гель 2 нерседен: былжыр белокторунан жана узун миңдеген дагы башка белок жипчелеринен турат. Эки белок кошулганда, миксинанын тегерегиндеги суу коюу былжырга айланат. Андай былжыр миксинага кол салган жырткычтын бакалоорун бүтөп салышы мүмкүн. Ошон үчүн ал жырткыч миксинаны бүркүй салып, качып жөнөйт.

 Миксинанын гидрогели кереметтүү өзгөчөлүктөргө ээ. Анын белок жипчесинин ар бири адамдын чачынан 100 эсе ичке келет. Ал эми нейлондон 10 эсе бышык болот. Деңиз суусу менен аралашканда былжыр менен белок жипчелери үч өлчөмдүү торго айланат. Ал тор өзүнүн салмагынан 26 000 эсе оор сууну сиңирип, кармап тура алат. Таң калыштуусу, былжырдын өзү дээрлик 100 пайыз суудан турат!

 Окумуштуулар миксинанын гидрогелине окшош материалдарды жасай албай келишет. «Табияттагы бул түзүлүш өтө татаал»,— дейт бир изилдөөчү. Ошентсе да окумуштуулар бактерияларды колдонуп, белок жипчелерин генетикалык жол менен алганга аракет кылып жатышат. Алардын максаты — жеңил, үзүлбөй, айрылбай турган, чоюлчаак жана табиятка зыян келтирбей чирип кете турган материалдарды ойлоп табуу. Жасалма жол менен алынган белок жипчелери текстиль өнөр жайында жана медицина тармагында бышык материалдарды жасаганга көмөк кылышы мүмкүн. Адамдар жасаган гидрогель дагы башка сансыз тармактарда колдонулушу ыктымал.

 Кандай деп ойлойсуңар? Миксинанын татаал түзүлүштөгү былжыры Жараткандын колунан бүткөнбү? Же өзү жаралганбы?