Мазмунун көрсөтүү

ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Жержелимдин былжыр желими

Жержелимдин былжыр желими

 Хирургдар операция учурунда колдоно турган жана дененин ткандарын жабыштыра турган медициналык желимдерге көп убакыттан бери муктаж болуп келет. Учурдагы көптөгөн желимдерди адамдардын ички органдарына колдонуу кооптуу. Анткени алар уулуу заттарды бөлүп чыгарат, кургаганда катып калат жана нымдуу ткандарга жабышпайт. Окумуштуулар жержелимдин былжырын * изилдөөнүн аркасында бул көйгөйлөрдү чечүүнүн жолун табышкан.

 Көңүл бурсаңар: Жержелим коркунучту сезгенде былжыр бөлүп чыгарат. Бул болсо анын нымдуу жалбыракка бекем жабышып алышына өбөлгө түзөт. Ал ушинтип коргонсо да, такыр жылбай калганчалык жабышып калбайт. Ал акырын жылып кете берет.

 Окумуштуулар анын былжырын изилдеп көрүп, ал табигый желимдин жакшы жабышканынын сыры эмнеде экенин аныкташкан. Маселен, былжыр химиялык байланышты да, электр-статикалык өз ара аракеттешүүчү күчтү да колдонот. Ал кайсы бир нерсенин бетине жайылат да, жержелим ага жабышып алат жана күч келтирилгенде да, ал зат ийилчээк бойдон кала берет. Изилдөөчүлөр жержелимдин былжырынын өзгөчөлүктөрүн изилдөөнүн аркасында учурда медицинада колдонулуп жаткан желимдерден алда канча бекем келген, тирүү органдарга да жабыштырса боло турган желим ойлоп табышкан. Аны «кемирчек сыяктуу органдарды сөөккө жабыштырыш үчүн да колдонсо болорун» айтышууда.

 Адистердин айтымында, бул желим хирургдардын шаймандарынын катарында колдонулуп калышы мүмкүн. Анда кесилген жерди тигүүнүн жана тепчилөөнүн зарылдыгы болбой калат. Ошондой эле кемирчектерди калыбына келтирүүдө жана медициналык каражаттарды организмдин так керектүү жерине жабыштырууда колдонулушу ыктымал. Ал желим чочконун жүрөгүндөгү тешикти жамоодо жана келемиштин боорундагы тешиктерди бүтөөдө колдонулуп, натыйжалуу экени далилденди.

 Окумуштуулар көп учурда табият дүйнөсүн изилдеп, учурда болуп жаткан көйгөйлөрдү чечүүнүн эң жакшы жолдорун табышат. Жасалма жол менен алынуучу желимди иштеп чыккан институттун деректири Дональд Ингбер мындай деген: «Жакшы ой-сунуштар каяктан келерин билүү жана аны тапкандан кийин каяктан тапканыңды моюнга ала билүү абдан маанилүү».

 Кандай деп ойлойсуңар? Жержелимдин былжырындагы табигый желим өзү жаралганбы? Же Жараткандын колунан бүткөнбү?

^ 1-абз. Мунун илимий аталышы — «арион субфускуз» («Arion subfuscus»).