Мазмунун көрсөтүү

Cookie файлдарын жана ушу сыяктуу программаларды колдонуу боюнча бүткүл дүйнөлүк саясат

Cookie файлдарын жана ушу сыяктуу программаларды колдонуу боюнча бүткүл дүйнөлүк саясат

Сайтты колдонуу ыңгайлуу болушу үчүн cookies жана башка ушу сыяктуу программалардын жардамы менен телефонуңуздагы, планшетиңиздеги же компьютериңиздеги маалыматты чогултушубуз же сайтыбыздагы алар аркылуу кирген беттерге кайтып баруу оңой болушуна шарт түзүшүбүз мүмкүн. Cookie файлдары бул веб-сайттын иштеши жана колдонуучулардын веб-сайтыбызды кантип колдонуп жатканы тууралуу маалымат алганга өбөлгө түзөт. Биз ал маалыматты веб-сайтыбызды жакшыртуу үчүн колдонобуз. Эгер сайтыбызга кирген киши өз каалоосу менен веб-сайт аркылуу өтүнмө же арыз жөнөтүп, байланыш маалыматын бербесе, сайтка кирген ар бир кишини аныктоого аракет кылбайбыз. Бул Колдонуу саясатында «cookie» файлдары деген термин кеңири мааниде, анын ичинде localStorage, веб-маяктар, пикселдер жана идентификатор деген сыяктуу башка программаларга карата да колдонулат. Бул программалар бизге компьютериңиздеги айрым маалыматтарды алганга, мисалы, экрандын көлөмү, веб-сайтка саат канчада жана кайсы күнү киргениңизди, ошондой эле силер ачкан беттин URLын көргөнгө көмөк кылат.

Биз чогулткан жана сайтыбыздагы беттерге кайтып барууга шарт түзгөн маалыматтар эч качан сатылбайт, маркетинг үчүн же сиз Интернеттен кирген башка сайттарды эстеп калыш үчүн колдонулбайт. Ошондой эле биз таргет жарнамасын же маркетингдин сookie файлдарын колдонбойбуз.

Cookie файлдарынын түрлөрү. Cookie файлдарынын түрлүү функцияларды аткарган жана веб-сайтты жакшыраак колдонгонго өбөлгө түзгөн ар кандай түрлөрү бар. Биз веб-сайтка мурун кирген-кирбегениңизди аныкташ үчүн жана сиз тандаган жөндөөлөр сакталып калышы үчүн, cookie файлдарын колдонобуз. Мисалы, cookie файлдары тандаган тилиңизди эстеп калат. Кийин кайра киргениңизде сайт ошол тилде ачылышы үчүн, ошол маалыматты колдонобуз.

Бул веб-сайтта колдонулган cookie файлдарын төмөнкү үч категорияга бөлсөк болот:

  1. Абдан зарыл болгон cookie файлдары. Айрым cookie файлдары веб-сайтыбыз тийиштүү түрдө иштеши үчүн, андагы маалыматтарды окуп же көрө алышыңыз үчүн же айрым функцияларын колдонуш үчүн абдан зарыл. Алар, адатта, купуялуулукту жөндөө, сайтка аккаунт аркылуу кирүү же арыздарды толтуруу сыяктуу функцияларды колдонгондо гана иштейт. Ал сookie файлдары жок болсо, айрым функциялар, маселен, тартуу кылуу сыяктуу онлайн кызматтар иштебей калат. Cookie файлдары сиз жөнүндөгү маалыматты соода-сатык максатында колдонуш үчүн чогултпайт жана кайсы сайттарды ачканыңызды эстеп калбайт.

  2. Функцияларды иштете турган cookie файлдары. Бул файлдар веб-сайтка сиз тандаган нерселерди (мисалы, аты-жөнүңүздү, тандаган тилиңизди, кайсы жерден кирсеңиз, ошол жерди) эстеп калганга шарт түзөт. Андан тышкары, ал cookie файлдары сайтыбыздын функцияларын жакшыраак билүүгө, аларды колдонууга жана айрым функцияларын өзүңүзгө ылайыктап жөндөп алууга мүмкүнчүлүк берет.

  3. Анализ жүргүзгөн жана сайттын колдонулушуна тиешелүү cookie файлдары. Бул файлдар сайтыбыздын иштешине анализ жүргүзүүгө жана анын колдонулушуна тиешелүү маалыматтарды топтойт. Ошондой эле сайтка канча киши кирип жатканын, алар аны кантип колдонгонун, кайсы беттерге киргенин жана орто эсеп менен канчалык узак убакытка колдонгонун аныктайт. Мындай маалымат сайтыбыздын иштешин, көрүнүшүн, беттердин бат ачылышын жакшыртыш үчүн жана каталарды оңдош үчүн гана колдонулат.

Көпчүлүк учурда биз өзүбүздүн cookie файлдарыбызды колдонобуз. Алар биздин веб-сайт тарабынан орнотулат. Бирок айрым cookie файлдары башка тараптыкы болуп эсептелет. Биз колдонгон cookie файлдарынын тизмелеринде кайсылары башка тараптыкы экенин так-айкын көрсөтөбүз.

IP даректерди колдонуу. IP дарек — бул Интернеттен электрондук каражатыңызды аныктаганга жардам берген сан түрүндөгү код. Сайттын кантип колдонулуп жатканын анализдеш үчүн, сайттагы көйгөйлөрдү аныктап, сизге сунуштаган кызматтын сапатын жогорулатыш үчүн, ошондой эле сайтыбыздын коопсуздугуна кам көрүп, аны коргош үчүн IP дарегиңизди жана сиз колдонгон браузерди колдонобуз.

Тандооңуз. Каалаган учурда ар бир веб-сайтыбыздын (төмөндө тизмени карагыла) ылдый жагындагы «Купуялуулук жөндөөлөрү» деген жерди басып, сookie файлдарын өзүңүзгө ылайыктап жөндөп алсаңыз болот. Абдан зарыл болгон cookie файлдары сиздин макулдугуңузду талап кылбайт. Ал эми башка cookie файлдарынын баары электрондук каражатыңызда иштей баштаганга чейин сиздин уруксатыңыз керек болот. Жөндөөлөрдү өзгөрткөндө cookie файлдары өчпөй турганын эске алышыңызды өтүнөбүз. Эгер аларды бул веб-сайттан өчүргүңүз келсе, аны браузериңиздин жөндөөлөрүнөн кылсаңыз болот. Бирок cookie файлдарысыз веб-сайтыбыздын бардык мүмкүнчүлүктөрүн толук колдоно албай каларыңызды эсиңизге салгыбыз келет. Cookie файлдарын өчүрүү ар кайсы браузерде ар кандай болот. Буга байланыштуу көрсөтмөлөрдү веб-браузериңиздин «Жардам» деген жеринен көрсөңүз же www.allaboutcookies.org сайтына кирип көрсөңүз болот.

Төмөндөгү веб-сайттардын бирин тандап, аларда кандай cookie файлдары колдонуларын көрүңүз.

Биздин сайттарда колдонулган cookie файлдары жана ушул сыяктуу технологиялар.