Мазмунун көрсөтүү

Купуялуулук саясаты

Купуялуулук саясаты

ЭСКЕРТҮҮ: БИЗДИН ВЕБ-САЙТТЫ ЖАНА КҮЗӨТ МУНАРАСЫ, ЫЙЫК КИТЕП ЖАНА БАРАКЧАЛАР КООМУ (НЬЮ-ЙОРК) ТАРАБЫНАН ЧЫГАРЫЛГАН ТИРКЕМЕЛЕРДИН БААРЫН КОЛДОНГОНУҢУЗ ЖАНА/ЖЕ ЖЕКЕ МААЛЫМАТЫҢЫЗДЫ БЕРГЕНИҢИЗ УШУЛ КУПУЯЛУУЛУК САЯСАТЫНДА АЙТЫЛГАН МАКСАТТА КОЛДОНУЛУШУНА, ЖЕКЕ МААЛЫМАТКА БАЙЛАНЫШТУУ УЧУРДА КҮЧҮНДӨГҮ МЫЙЗАМ-ЭРЕЖЕЛЕРГЕ ЫЛАЙЫК, ӨЗҮҢҮЗ КИРГИЗГЕН БАРДЫК ЖЕКЕ МААЛЫМАТЫҢЫЗДЫ КОЛДОНУУГА ТОЛУК МАКУЛДУК БЕРИП ЖАТКАНЫҢЫЗДЫ БИЛДИРЕТ.

Жалпы купуялуулук саясаты

Буларды да карагыла

 МААЛЫМАТЫҢЫЗДЫН КУПУЯ САКТАЛЫШЫНА БОЛГОН УКУГУҢУЗДУ СЫЙЛОО

Биз маалыматыңыздын купуя сакталышына болгон укугуңузду коргоого жана сыйлоого макулдук беребиз. Бул Купуялуулук саясаты бизде топтолгон жеке маалыматыңызды же өзүңүз киргизген маалыматты биздин веб-сайтта жана Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Нью-Йорк) тарабынан чыгарылган тиркемелердин баарында (Күзөт мунарасы коому) иштетүүгө негиз берет. Веб-сайтыбызга киргенде сиз жөнүндө жалпы маалымат сакталып калат. Биз анын коопсуз сакталышынын маанилүүлүгүн түшүнөбүз жана аны кандай колдонгону жатканыбызды билдирип турабыз. Сиз жеке маалымат деп эсептелген маалыматты берүүнү чечишиңиз мүмкүн. Купуялуулук саясатында колдонулган «жеке маалыматка» аты-жөнүңүз, электрондук дарегиңиз, почта дарегиңиз, телефон номуруңуз же сизди аныктаганга жардам берген башка маалыматыңыз кирет. «Веб-сайтка» ушул веб-сайт жана ага байланышы бар apps.pr418.com, ba.pr418.com, stream.pr418.com, жана wol.pr418.com сайттары кирет.

 ЖЕКЕ МААЛЫМАТТЫН КОЛДОНУЛУШУН КӨЗӨМӨЛДӨӨ

Бул веб-сайт жана ага байланышы бар тиркемелер Күзөт мунарасы коому бирикмесине таандык. Коммерциялык максатты көздөбөгөн бул бирикме Жахабанын Күбөлөрү жүргүзгөн ишти жана алардын Ыйык Китептин негизинде билим берүү ишин колдойт. Эгер сиз өз ыктыярыңыз менен аккаунт ачууну, ыктыярдуу тартуу кылууну, Жахабанын Күбөлөрүнүн келип кетиши жөнүндөгү өтүнмөнү толтурууну же жеке маалыматты киргизүүнү талап кылган башка иш-аракеттерди кылууну чечсеңиз, ушул Купуялуулук саясатына макул экениңизди билдирген болосуз. Ошондой эле жеке маалыматыңыздын Америка Кошмо Штаттарында жайгашкан серверлерде сакталышына жана жеке маалыматыңыздын Күзөт мунарасы коому тарабынан топтолушуна, иштетилишине, жөнөтүлүшүнө, сакталышына же зарыл болсо, өтүнмөңүзгө жооп бериш үчүн жеке маалыматыңыздын Жахабанын Күбөлөрүнүн ар кайсы өлкөлөрдө иш алпарган бирикмелери тарабынан колдонулушуна уруксат берген болосуз. Биздин диний уюмдун дүйнө жүзү боюнча иш алпарган ар кандай жергиликтүү юридикалык жактары бар. Буга Жахабанын Күбөлөрүнүн жергиликтүү жыйналыштары, филиалдары жана башка ушул сыяктуу бирикмелери кирет. Уюм алар менен кызматташууда жеке маалыматыңыздын корголушуна кам көрөт.

Жеке маалыматыңыздын колдонулушун көзөмөлдөө веб-сайтыбызга кандай максат менен киргениңизге жараша болот. Мисалы, белгилүү бир өлкөдөгү юридикалык жакка ыктыярдуу тартуу кылсаңыз, тартуу кылуу процесси учурунда сизди аныктоо мүмкүн болуш үчүн ошол юридикалык жакка аты-жөнүңүз, байланыш маалыматыңыз жөнөтүлөт. Же Жахабанын Күбөлөрүнүн сизге келип кетишин суранып, өтүнмө толтурсаңыз, аны орундатыш үчүн аты-жөнүңүз, байланыш маалыматыңыз Жахабанын Күбөлөрүнүн жергиликтүү филиалына жана жыйналышына жөнөтүлөт.

Жардам: сиз жашаган өлкөдө жеке маалыматты коргоого байланыштуу мыйзамдар болсо, ошол өлкөнүн байланыш маалыматын «Маалыматты коргоо байланыштары» деген беттен таап алсаңыз болот.

 ЖЕКЕ МААЛЫМАТТЫН КООПСУЗДУГУ ЖАНА КУПУЯЛУУЛУК

Биз сиздин жеке маалыматыңыздын коопсуздугуна жана купуялуулугуна абдан олуттуу карайбыз. Жеке маалыматыңызга укугу жок бирөөлөр кирбеши, туура эмес колдонулбашы же башкаларга жарыяланбашы, өзгөртүлбөшү, мыйзамсыз түрдө жок кылынбашы же кокусунан жок болуп кетпеши үчүн, улам жаңыртылып турган маалымат топтомдорун жана коопсуздук программаларын колдонобуз. Жеке маалыматыңызды иштеткендердин жана биз кызматташкан үчүнчү жактардын баары маалыматыңызды купуя сактоого милдеттендирилет. Биз сиздин жеке маалыматыңызды кандай максатта топтосок, ошол максатка жараша канча убакка чейин сакталышы керек болсо, ошончо убакытка чейин гана же ар кандай юридикалык же документалдык талаптар аткарылганга чейин гана сактайбыз.

Жеке маалыматыңызды жиберип жатканда аны коргош үчүн Transport Layer Security (TLS) сыяктуу маалыматты код түрүндө жөнөткөн программаны колдонобуз. Ошондой эле укугу барларга гана кирүүгө мүмкүндүк берген коддолгон компьютердик системаларды колдонобуз. Сиз берген купуя маалыматтар камтылган компьютердик системалар электрондук жана процедуралык жактан корголушуна кам көрүлгөн, кайтарылган имараттарда сакталат. Укугу жок бирөөлөр кирип кетпеши үчүн катуу коопсуздук чаралары көрүлгөн стандарттарга карманабыз.

 ЖАШЫ ЖЕТЕ ЭЛЕКТЕР

Өзүңүз жашаган өлкөнүн мыйзамы боюнча жашыңыз жете элек болсо, веб-сайтыбызга жеке маалыматыңызды атаңыздын/энеңиздин (ата-энеңиздин) же камкорчуңуздун катыштыгы менен киргизсеңиз болот. Эгер сиз жашы жете элек баланын атасы/энеси (ата-энеси) же камкорчусу болсоңуз жана ага бул веб-сайтка жеке маалыматын киргизүүгө макулдугуңузду берсеңиз, сайттын Купуялуулук саясатындагы жашы жете элек балдарга карата айтылгандарына макул экениңизди көрсөтөсүз.

 ҮЧҮНЧҮ ЖАК

Кээде бул веб-сайтта же тиркемелерибизде үчүнчү жактын веб-сайттарына шилтемелер болот. Анткени алардын кызматын, мисалы, онлайн бланкаларды толтуруу үчүн колдонобуз. Үчүнчү жактын веб-сайтында жүргөнүңүздү веб-сайттын көрүнүшүнүн жана браузериңиздин дарек жазылган жеринин өзгөргөнүнөн билесиз. Андан тышкары, сураган маалыматыңыздын негизинде үчүнчү жактан электрондук кат, текст түрүндө билдирүү же эскертмелер келиши ыктымал. Үчүнчү жактын веб-сайтын тандаганда жана андан кийин да алардын купуялуулугун жана маалыматты коргоо чараларын маал-маалы менен текшерип турабыз. Анткени алардын купуялуулукка байланыштуу талаптары биздин талаптарыбызга жооп берер-бербесине ынангыбыз келет. Эгер үчүнчү жактын купуялуулукту сактаарына байланыштуу суроолоруңуз болсо, алардын «Купуялуук саясаты» деген жерине кирип окуп көрүңүз.

КУПУЯЛУУЛУК САЯСАТЫНЫН ӨЗГӨРГӨНҮ ТУУРАЛУУ БИЛДИРҮҮЛӨР

 Биз бул веб-сайтты жана тиркемелерибизди дайыма жакшыртып, жаңы бөлүктөрдү же функцияларды киргизип турабыз. Ошондой эле андагы кызматтарды жакшыртып, жаңыларын кошуп турабыз. Ошол себептен жана мыйзамдардын өзгөрүп турганына, технологиялардын өрчүп жатканына байланыштуу маалыматты колдонуу иш-чараларыбыз мезгил-мезгили менен өзгөрүп турат. Купуялуулук саясатын өзгөртүү зарыл болгон учурларда эмнелер өзгөргөнүн ушул бетке чыгарып турабыз. Мунун аркасында кандай маалыматты топтоп, аны кантип колдонуп жатканыбыздан кабардар болуп турасыз.

АКТИВДҮҮ СЦЕНАРИЙ (JAVASCRIPT)

 Активдүү сценарий сайтыбыздын жана тиркемелерибиздин иштешин жакшыртат. Аны колдонуунун аркасында сайт сизге маалыматты тез кайтарып берет. Сайтыбыз же тиркемелерибиз активдүү сценарийди колдонуп, компьютериңизге эч кандай программа орнотпойт же сиз уруксат бербеген маалыматты чогултпайт.

Активдүү сценарий же JavaScript браузерде сайтыбыздын айрым бөлүктөрүн туура иштешине өбөлгө түзүшү керек. Браузерлердин көбү белгилүү бир сайттарга ушул өзгөчөлүктү күйгүзүп же өчүрүп коюуга мүмкүндүк берет. Тандалган веб-сайттарда активдүү сценарийлерди кантип иштетүү керектигин билиш үчүн браузердин «Жардам» деген жерин окуп көрүңүз.