Мазмунун көрсөтүү

Үстүнкү катар (солдон оңго): Алексей Архипов менен анын жубайы Наталья, Дмитрий. Михайлов менен анын жубайы Елена

Ылдыйкы катар (солдон оңго): Светлана Рыжкова жана Светлана Шишина

22-ИЮЛЬ, 2022 | ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 30-ЯНВАРЬ, 2024
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ИШЕНИМДЕШТЕРИБИЗГЕ АЙЫП ПУЛ САЛЫНДЫ | Шуядагы Жахабанын Күбөлөрү Кудайга ишенгени үчүн адилетсиздикке туш болуп жатышат

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ИШЕНИМДЕШТЕРИБИЗГЕ АЙЫП ПУЛ САЛЫНДЫ | Шуядагы Жахабанын Күбөлөрү Кудайга ишенгени үчүн адилетсиздикке туш болуп жатышат

2024-жылдын 29-январында Иванов облусундагы Шуя шаардык соту Алексей Архиповду, Дмитрий менен Елена Михайловдорду, Светлана Рыжкованы жана Светлана Шишинаны айптуу деп тапты. Сот аларга 350 000 рубль (3 920 доллар), 950 000 рубль (10 640 доллар), 560 000 рубль (6 270 доллар), 480 000 рубль (5 380 доллар), 400 000 рубль (4 480 доллар) айып пул салды.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2017-жыл, 21-сентябрь

    Сот Дмитрий менен Еленанын телефон менен сүйлөшкөндөрүн жең ичинен укканга уруксат берген

  2. 2018-жыл, 15-январь

    Сот Светлана Рыжкованын телефон менен сүйлөшкөндөрүн жең ичинен укканга жана үйүндө ага билгизбей видеокамераларды орнотконго уруксат берген

  3. 2018-жыл, 20-апрель

    Бийликтегилер 5 Жахабанын Күбөсүнүн үйүн тинтишкен

  4. 2018-жыл, 29-май

    Дмитрийди кармап кетишкен. Экстремисттик деп эсептелген уюмду каржылаган деген айып менен ага каршы кылмыш иши козголгон. Аны тергөө камак жайына отургузушкан

  5. 2018-жыл, 22-июнь

    Алексейге да кылмыш иши козголгон жана өзү жашаган аймактан башка жакка чыгууга тыюу салынган

  6. 2018-жыл, 27-июнь

    Елена Михайлова, Светлана Рыжкова, Светлана Шишинага да каршы кылмыш иши козголгон

  7. 2018-жыл, 15-ноябрь

    Апелляциялык сот Дмитрийди тергөө камак жайынан бошотууга буйрук берген. Ал жакта ал дээрлик жарым жыл отурган

  8. 2021-жыл, 10-август

    Биринчи сот отуруму башталган

  9. 2021-жыл, 16-сентябрь,

    Кайрадан карап чыгышы үчүн иш айыптоочуга кайтарылып берилген

  10. 2022-жыл, 25-май

    Сот отуруму улантылган

Жеке маалымат

Орусиядагы ушундай кайраттуу, туруктуу бир туугандарды көрүп, биз аябай суктанабыз (1 Тесалоникалыктар 2:20).