Мазмунун көрсөтүү

Индиянын Керала шаарында 2023-жылдын 4-ноябрында өткөрүлгөн атайын жолугушууга чогулган Жахабанын Күбөлөрү бири-бирин жылуу тосуп алып жатышат

17-НОЯБРЬ, 2023 | ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 8-ДЕКАБРЬ, 2023
ИНДИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Индиядагы каргашадан каза болгондордун саны сегизге жетти

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Индиядагы каргашадан каза болгондордун саны сегизге жетти

2023-жылдын 2-декабрында, жекшемби күнү, 76 жаштагы ишенимдешибиз Индиянын Керала шаарында болгон жардыруудан алган жараатынан айыкпай кайтыш болду. Ал аксакал жана үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кылчу. Өкүнүчтүүсү, 5 күндөн кийин, 7-декабрда, жубайы да алган жараатынан көз жумду. Ал да үзгүлтүксүз пионер болчу. Бул каргашадан баш аягы 8 киши каза болду.

2023-жылы 29-октябрда, жекшемби күнү, Индиянын Керала шаарында региондук жыйын өткөрүлүп жатканда бир нече бомба жардырылган. Буга чейин үч киши каза болгону билдирилген. Өкүнүчтүүсү, дагы үч ишенимдешибиз (бир эркек, эки аял киши) көз жумду. Алардын арасында мурун каза болгон 12 жашар кыздын апасы менен бир тууганы (эркек) бар. Мындан тышкары, 11 ишенимдешибиз дагы деле ооруканада жатат.

Каргашадан жабыркаган ишенимдештерибизди сооротуп-жубатыш үчүн Индиядагы филиал 2023-жылдын 4-ноябрында атайын жолугушуу уюштурду. Жолугушууга бомба жарылган региондук жыйынга барган 21 жыйналыш чакырылды. Программа Индиядагы бир Падышалык залында өттү. Ал жерге дээрлик 200 киши бетме-бет катышты. Ал эми видеобайланыш аркылуу туташкандардын саны 1 300 болду. Ооруканада жаткандар үчүн жолугушуу жаздырылды. Филиалдан барган бир аксакал Забур 23:1ди талкуулап, Жахабанын ар бир кызматчысына кам көрөрүн баса белгиледи. Ал мындай деди: «Бул аятта забурчу Жахабаны жөн эле койчу же укмуш сонун койчу деп айткан эмес. Ал аны „менин Койчум“ деп атаган. Жахабанын жеке ар бирибизге үйрүлүп түшөрүн билүү кандай гана жубатат!»

Бири-бирин сооротуп жаткан ишенимдештерибиз

Бомба жарылганда ошол жерде болгон бир ишенимдешибиз азыркыга чейин уктай албай кыйналып жатканын айтты. Ошого карабай ал учурда ооруканада жаткандарга өз ыктыяры менен көмөк көрсөтүп жатат. Ал мындай дейт: «Ишенимдештеримдин козголгус ишенимин, жакшы маанайын көрүп жан дүйнөмдү бүлгүнгө салган нерселерди унутуп калдым. Жаракат алып, жаны сыздап жатышса да, көбү Падышалыктын ырларын шаттана ырдап жатышты». Дагы бир ишенимдешибиз минтип ой бөлүштү: «Дүйнө жүзүндөгү боордошторубуз зыян тарткандарды сүйүүсүнө бөлөй берерин билем. Ошентсе да айрымдарына мурунку жашоо нугуна түшкөнгө көп убакыт кетип калат го. Камкор Кудайыбыз алардын ар бирин күчтүү колу менен колдоп турарынан шектенбейм. Ушуну ойлогондо кадимкидей кубаттанып калат экенсиң!»

Жахаба Индиядагы «жүрөгү жараланган» сүйүктүү ишенимдештерибизди «айыктырып», «алардын жараатын таңат». Бул бизди — дүйнөнүн чар тарабында жашаган бирдиктүү үй-бүлөбүздү — сооротпой койбойт (Забур 147:3).