Мазмунун көрсөтүү

Солдо: региондук жыйын өткөрүлгөн имараттын кире бериши. Оңдо: жыйындын программасын кунт коюп угуп отургандар.

1-НОЯБРЬ, 2023
ИНДИЯ

Жыйында бомба жарылгандан кийин, Жахабанын Күбөлөрү бири-бирин сооротуп, кубаттап жатышат

Жыйында бомба жарылгандан кийин, Жахабанын Күбөлөрү бири-бирин сооротуп, кубаттап жатышат

Буга чейин jw.org сайтындагы шашылыш кабарда билдирилгендей, 2023-жылдын 29-октябрында, жекшемби күнү, Индиянын Керала шаарында өткөрүлгөн жыйында бир нече бомба жарылган. Өкүнүчтүүсү, каза болгон эки ишенимдешибизден тышкары (аял кишилер), 12 жашар кыз да жарааттан айыкпай көз жумду. 55 ишенимдешибиз жаракат алган. Айрымдарынын денеси күйүп, акыбалы өтө оор.

Учурда беш ишенимдешибиз (үч аял киши, эки эркек) абдан оор абалда ооруканада жатат. Бийликтегилердин айтымында, болжол менен 9:40та, жыйындагылар тиленип жаткан учурда, бери дегенде, үч бомба жарылган. Бул каргашага шектелген киши учурда камакта. Иликтөө иши жүргүзүлүп жатат.

Кырсык болгон жерге көп күттүрбөй дароо келген тез жардам кызматына жана жаракат алгандарды карап жаткан доктурларга терең ыраазыбыз.

Жыйынга чогулган ишенимдештерибиз бири-бирин жубатып, кубаттап жатышты. Ушундай оор учурда бири-бирине жөлөк болгону эч кимди кайдыгер калтырган жок. Бомба жарылганда имараттын ичинде отурган бир ишенимдешибиз (аял киши) мындай дейт: «Мен дароо Жахаба Кудайдан тилендим. Тескөөчүлөр жана башка ага-инилерибиз дароо иш-аракет кылып, коопсуз болушубузга кам көрүштү. Мындан Жахабанын бизди ойлоорун, жакшы көрөрүн туя алдык».

Индиядагы филиалдын өкүлдөрү, райондук көзөмөлчүлөр жана жергиликтүү аксакалдар жапа чеккендерди Кудайдын Сөзү менен сооротуп, иш жүзүндө да жардам берип жатышат. Бул каргашаны башынан кечиргендерди жубатыш үчүн филиалдан Кералага барган бир аксакал мындай деп ой бөлүштү: «Ишенимдештерибиз жан дүйнөсү сыздап, эмне кыларын билбей калышса да, айрымдары жарадар болушса да, алардын мүңкүрөбөй, маңдайы жарык жүрүшкөнүн көрүп кадимкидей чыйралдым. Көптөрү менен сүйлөштүм. Алардын Жахабага таянып жатканы айкын көрүнүп турду. Бул ишенимимди бекемдеди».

Дүйнө жүзүндөгү боордошторубуз Индиядагы каргашадан жапа чеккен ишенимдештери үчүн жана алардын жакындары үчүн тиленип жатат. Жакында зордук-зомбулук, азап-кайгы, өлүм жок болот. Ыйык Китептеги ушул үмүт бизди сооротуп, жан дүйнөбүздү бейкуттукка бөлөйт. Биз Жахабага мындан ары да толугу менен таяна беребиз (Забур 56:3).