Мазмунун көрсөтүү

25-СЕНТЯБРЬ, 2023
РУМЫНИЯ

Цыган тилинде сүйлөгөн ишенимдештерибиз биринчи жолу бетме-бет өткөрүлгөн региондук жыйынга чогулушту

Цыган тилинде сүйлөгөн ишенимдештерибиз биринчи жолу бетме-бет өткөрүлгөн региондук жыйынга чогулушту

2023-жылы 1—3-сентябрда цыган тилинде сүйлөгөн ишенимдештерибиз «Чыдамдуу бололу» деп аталган региондук жыйынга чогулушту. Цыган тилинде региондук жыйындар башка жактарда өткөрүлүп келсе да, бул — Румынияда жүзмө-жүз өткөрүлгөн биринчи региондук жыйын. Румыниянын Турда шаарындагы жыйын залында өткөн программага Австриядан, Бельгиядан, Франциядан, Германиядан, Улуу Британиядан, Италиядан, Молдавиядан жана Румыниядан бардыгы биригип 1 353 киши катышты. 26 киши чөмүлдү.

Гэйж Флигл региондук жыйындын соңку баяндамасын айтып жатат

Региондук жыйындын ар бир күнүнүн соңку баяндамасын Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Гэйж Флигл айтты. Ал бир гана Кудайдын элинин ортосунда өкүм сүргөн биримдикти баса белгиледи. Ошондой эле жыйында отургандарды Жахабага мындан ары да чыдамдуулук менен биримдикте кызмат кыла бергенге үндөдү. Цыган тилиндеги ушул региондук жыйынга чогулгандардан сырткары, ошол күндөрү катарлаш өткөрүлгөн цыган жана цыган жаңдоо тилдериндеги жыйындарда отурган 900дөй киши ар бир күндүн акыркы баяндамасына видеобайланыш аркылуу туташып жатышты.

Цыган тилинде сүйлөгөн бир туугандарыбыз Турда шаарындагы жыйын залында бири-бирин жылуу тосуп алып жатышат (Румыния)

Цыган тилинде сүйлөгөн бир ишенимдешибиз мындай деди: «Биз муну эч качан унутпайбыз! Эне-тилибиздеги региондук жыйын — Жахабанын кереметтүү батасы!» Цыган тилинде сүйлөгөн райондук көзөмөлчү Ираклис Эксархис мындай деп ой бөлүштү: «Бул жыйын программаны укканы келген цыган элинин акылында да, жүрөгүндө да өчпөс из калтырды деп ишенимдүү айта алам. Жыйын Кудайдын бардык элдерге кам көрөрүн айкын кылды. Бул Жахабанын батасы эмей эмне?!»

Биз цыган тилинде сүйлөгөн ишенимдештерибиздин Жахабаны даңкташ үчүн жана андан билим алыш үчүн ушул жыйынга чогулганына сүйүнүп турабыз! (Забур 26:12).