Мазмунун көрсөтүү

Солдо: Гэйж Флигл арноо аземинде. Жогору жак (оңдо): Турда шаарындагы жыйын залы, Румыния. Ылдый жак (оңдо): Румыниядагы филиал (жаңы арналган имараттар баса көрсөтүлүп турат)

20-СЕНТЯБРЬ, 2023
РУМЫНИЯ

Румыниядагы кеңейтилген филиалдын жана жыйын залынын арноо аземи

Румыниядагы кеңейтилген филиалдын жана жыйын залынын арноо аземи

2023-жылы 26-августта Румыниянын Турда шаарындагы жыйын залынын жана Бухаресттеги филиалдын жаңы курулган үч имаратынын арноо аземи болду. Арноо сөзүн Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Гэйж Флигл сүйлөдү. Азем жыйын залында өткөрүлүп, 1 702 киши катышты. Мындан тышкары, 14 101 киши видеобайланыш аркылуу туташты.

Арноо аземинде Румыниядагы теократиялык курулуштун тарыхы жана Жахабанын ишенимдештерибиздин аракетине кантип бата бергени айтылды. Ар кандай курулуш топторунда кызмат кылган бир туугандарыбыз менен маек курулду. Программа аяктагандан кийин Турда шаарындагы жыйын залын курганга жардам берген Яела Драгичи бир тууганыбыз: «Жахаба даңкталышы үчүн курулган ушул имараттардын ага арналганын көрүп териме батпай сүйүнүп турам!» — деген. Брюс Дайер, эл аралык курулуш ыктыярчысы, филиалды кеңейтүү жагында эмгектенген. Ал: «Биз үчүн ушул курулушка катышуу теңдешсиз сыймык. Муну жогору баалайбыз. Татыктуу болбосок да, бизге ушинтип ырайым кылганы үчүн Жахабага чексиз ыраазыбыз!» — деп ой бөлүштү.

Турда шаарындагы жыйын залын арноо аземине, баары болуп, 1 702 ишенимдешибиз катышты

Филиалдын аймагына курулган үч жаңы имарат өз ичине учурда Падышалыктын жарчыларынын мектебин өткөрүүдө колдонулуп жаткан классты жана Бейтел үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү жашай турган жатак үйлөрдү камтыйт. Ошондой эле ал имараттарда котормо кеңселери, бир Падышалык залы жана филиалдын негизги кире бериши жайгашкан. Жаңы арналган жыйын залына 1 200 киши батат. Ал эми короосунда дагы 1 350 кишилик орун бар. Ал залды өлкөнүн чар тарабында жашаган 15 000дей ишенимдешибиз колдонууда.

Арноо аземинен кийинки күнү Румыниянын Клуж-Напока шаарындагы Клуж стадионунда өткөрүлгөн атайын программага чогулган 23 968 киши. Кичинекей сүрөттө: Бир туугандарыбыз «Биз силерди жакшы көрөбүз!» деп жазылган плакаттарды кармап турушат

Арноо аземине куйрук улаш, тагыраак айтканда, эртеси, 27-августта, Клуж-Напока шаарындагы стадиондо атайын программа болду. Ага баш-аягы 23 968 киши жүзмө-жүз катышты. Программа англис, венгр, цыган, орус, украин, румын жана орус жаңдоо тилдерине которулуп, Румыниядагы жана Украинадагы жыйналыштардын баарына трансляцияланды. Программаны, баары биригип, 121 411 киши укту.

Биз Румыниядагы ишенимдештерибиздин кубанычына ортоктошпуз. Жахабага арналган бул имараттарда мындан ары да таза сыйынуу өркүндөй берсин! (Ышая 2:3).