23-ОКТЯБРЬ, 2023
ГРЕЦИЯ
Катуу шамалдан кийин Грециянын борборун суу каптады
2023-жылдын сентябрь айында Грецияда эки катуу шамал болду. Кесепетинде жаан чакалап төктү. Сентябрдын 4үнөн 7сине чейин болгон биринчи шамал, «Даниел», айлана-чөйрөнү кыйраткан селдин жүрүшүнө себеп болду.
Үч жумадан кийин, сентябрдын 26сынан 28ине чейин, дагы бир кубаттуу шамал, «Илияс», сокку урду. Ошонун айынан кайра эле ошол аймакты суу каптады. Бир шаарда жаандын катмары 4 саатка жетпеген убакыттын ичинде эле 14 сантиметрге чейин жетти. Айрым билдирүүлөргө ылайык, жабыркаган аймакта көптөгөн жолдор, үйлөр жана башка имараттар чоң зыянга учурады. 4 500дөн ашык киши үйүн таштап кеткенге аргасыз болду. Жалпы жонунан 17 киши көз жумду.
Бир туугандарыбызга тийгизген таасири
Ишенимдештерибиздин бири да каза болгон жок
Улгайган бир боордошубуз (аял киши) жаракат алды
270 жарчыга башка жакка көчкөнгө туура келди
11 үй талкаланды
47 үй бир топ жабыркады
51 үйдүн бир аз жери зыянга учурады
2 Падышалык залы бир топ жабыркады
6 Падышалык залынын бир аз жери зыянга учурады
Жардам берүү иштери
Райондук көзөмөлчүлөр жана жергиликтүү аксакалдар табигый кырсыктан жапа чеккен аймакта жашагандарды Кудайдын Сөзү менен сооротуп, зарыл жардам көрсөтүп жатышат
Ишти көзөмөлдөгөнгө кырсык болгондо жардам берүү боюнча эки комитет уюштурулду
Грециядагы чоң сел каптаган аймакта жашаган бир туугандарыбыз үчүн тиленип жатабыз. Ошондой эле «топон суунун үстүндө отурган» Жахаба табигый кырсыктарды биротоло жоё турган убакытты чыдамсыздык менен күтүүдөбүз (Забур 29:10).