Мазмунун көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕП АДАМДЫ ӨЗГӨРТӨ АЛАТ

«Көчөдө жашап калгам»

«Көчөдө жашап калгам»
  • Туулган жылы: 1955

  • Өлкөсү: Испания

  • Мурун: Аракеч, баңги, зөөкүр болгон

ЧЫНЫГЫ КУДАЙДЫ ТААНЫГАНГА ЧЕЙИН

Айрымдар көп жаман нерсеге кабылгандан кийин гана акылына келет. Мен да ошондой адамдардын биримин. Мен Испаниядагы чоңдугу боюнча экинчи орунда турган Барселона шаарында төрөлүп-өскөм. Биз жээк бойлой орун алган Соморростро деген райондо турчубуз. Ал кылмыштуулук, баңгизат колдонуу жагынан атагы чыккан район болчу.

Биз тогуз бир тууганбыз, мен эң улуусумун. Аябай жакыр турчубуз, ошондуктан атам акча тапсын деп мени теннис клубуна жумушка киргизип койгон. Мен теннис ойногондордун ыргып кеткен тобун алып келип берип турчумун. Ал кезде он жашта элем. Күнүнө он саат иштечүмүн. Ошентип жүрүп, башка балдардай болуп мектепте да окубай калдым. 14 жашымда металл иштеткен цехте слесарь болуп иштей баштадым.

Түндүк Африкадагы чет элдик легиондо кызмат кылып жүргөн кезим. 1975-жыл

Испанияда аскердик кызмат өтөө милдет деп эсептелчү. Мен аскерге 1975-жылы чакырылдым. Жашоомду кызыктуу кылып өткөргүм келгендиктен, Түндүк Африкада жайгашкан, бирок Испанияга караштуу болгон Мелильядагы чет элдик легиондо кызмат өтөөнү сурандым. Ал жактан ичкиликке берилип, баңгизат колдоно баштадым.

Аскердик кызматты өтөп бүткөндөн кийин Барселонага кайтып келип, кылмыштуу топ уюштурдум. Биз колубузга тийгендин баарын уурдачубуз. Анан аларды сатып, баңгизат алчубуз. Мен ЛСД менен амфетаминдерди (борбордук нерв системаны козгоочу заттар) колдоно баштадым. Адеп-ахлаксыз жашоо өткөрүп, ичимдикти суудай ичип, кумар оюндарына берилип кеттим. Улам барган сайын бузулуп, зөөкүр боло баштадым. Жаныма дайыма бычак, балта, мачете (кант камышын кесе турган бычак) алып жүрчүмүн. Бир нерсе болсо, шак эле сайып салгандан же чаап жибергенден кайра тартчу эмесмин.

Бир жолу машине уурдадык. Ошондо полиция кызматкерлери билип калып, аркабыздан кууп жөнөдү. Тим эле кинодогудай болду. Алар 30 километрдей куугандан кийин бизге жетип келип, ата башташты. Анан бир нерсени сүзүп алдык да, машинени таштап, туш тарапка качып кеттик. Атам муну билгенде, ачууланып, үйдөн чыгарып салды.

Ошентип, 5 жыл көчөдө жашадым. Подъезддерде, жүк ташуучу унааларда, сейил бактардагы отургучтарда, мүрзөлөрдө түнөп жүрдүм. Атүгүл үңкүрдө да жашаган учурум болду. Жашоом маңызсыз эле. Тирүүмүнбү, өлүкмүнбү, эч кимдин мени менен иши жоктой сезилчү. Баңгизаттын таасири астында болгонумда колумду кескилеген учурларым эсимде. Ошондогу тактар дагы деле бар.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ.

28 жашымда апам мени издеп таап, үйгө кайтып келчи деп жалдырады. Мен макул болуп, ага өзгөрөм деп убада бердим. Бирок бул оңой болгон жок.

Бир жолу түшкө маал үйгө эки Жахабанын Күбөсү келди. Сүйлөшүп турсам, атам, аларды укпай, эшикти жаап сал деп кыйкырды. Бирөөнүн башкарганын аябай жаман көргөндүктөн, анын айтканындай кылбай койдум. Жахабанын Күбөлөрү мага үч кичинекей китеп сунушташты. Мен сүйүнүп эле алдым. Анан жыйналыштары кайсы жерде өткөрүлөрүн сурадым. Көп өтпөй алардын жыйналышы өткөн жерге бардым.

Адегенде эле ал жакка баргандардын бардыгынын жакшынакай кийингени көзгө урунду. Мен болсо эски кийимим менен баргам. Чачым узун болчу, сакалымды да көптөн бери алган эмес элем. Киргенге батына албай, туруп калдым. Анан эле мурда кылмыштуу топто чогуу жүргөн, костюм-шым кийип алган Хуанды көрүп калып, аябай таң калдым. Кийинчерээк анын Жахабанын Күбөсү болгонуна бир эле жыл болгонун уктум. Анын жанында өзүмдү ишенимдүүрөөк сезгендиктен, залга кирдим. Ошол күндөн тартып жашоом таптакыр башка нукка бурулду.

Мен Ыйык Китепти изилдөөгө макул болдум. Кудайдын ырайымына ээ болгум келсе, мүнөзүмдү өзгөртүп, ачуулуу болбой, адеп-ахлаксыз иштеримди токтотушум керектигин дароо эле аңдадым. Албетте, өзгөрүү оңойго турган жок. Жахаба Кудайга жагыш үчүн акылымды «жаңыртып, өзгөрүшүм» керектигин баамдадым (Римдиктер 12:2). Кудайдын ушунчалык ырайымдуу экенин билгенде жүрөгүм козголду. Канча жаман иш кылганыма карабай, оңолгонго мүмкүнчүлүк берип жатканын түшүндүм. Жахаба Кудай жөнүндө билгендерим терең таасир этти. Мага кам көргөн мээримдүү Жараткандын бар экенине ишенип калдым (1 Петир 5:6, 7).

Бул мага өзгөргөнгө түрткү берди. Мисалы, Ыйык Китепти изилдеп жатканда тамекиге байланыштуу темага жеткенде: «Эгерде Жахаба Кудай менин бардык жагынан таза болушумду кааласа, тамекини ташташым керек турбайбы»,— деп ойлондум (2 Корунттуктар 7:1). Анан тамекимди таштанды челекке ыргытып салдым.

Баңгизат колдонгонумду да, сатканымды да токтотушум керек болчу. Мындай кылыш үчүн эски досторум менен болгон мамилемди үзүшүм керек эле. Анткени алардын таасири Кудайга жакындоого тоскоолдук кылып жаткан. Убакыттын өтүшү менен Кудайга көбүрөөк таянып, жыйналыштан тапкан досторумдун колдоосун сезе баштадым. Буга чейин эч ким мага ушинтип кам көрүп, чын ниеттен көңүл бурган эмес. Бир нече ай өткөндөн кийин, акыры, баңгизаттан арылып, Кудайдын ырайымына ээ болгонго жардам бере турган «жаңы табиятка» мүнөздүү сапаттарды өрчүтө алдым (Эфестиктер 4:24). 1985-жылдын август айында Жахабанын Күбөсү болдум.

ПАЙДАСЫ

Ыйык Китеп жашоомду түп-тамыры менен өзгөрткөнгө жардам берди. Ден соолугумду талкалаган, адам кейпинен кетирген нерселерден арыла алдым. Мурунку досторумдун отуздан ашыгы кырчындай кезинде эле ЖИКСтен же баңгизат колдонгондун кесепетинде болгон дагы башка оорулардан каза тапты. Ыйык Китепти изилдеп, андагы кеңештерди колдонбосом, мен деле, акыр-аягы, алардай болмокмун.

Азыр мурдагыдай болуп, жаныма бычак, балта алып жүрбөйм. Колума Ыйык Китепти алып, анда жазылгандарды элге айтарым үч уктасам түшүмө кирген эмес. Учурда жубайым экөөбүз көп убактыбызды ушул ишке арнап жатабыз.

Ата-энем Жахабанын Күбөсү болгон жок. Бирок Ыйык Китепти окуп-изилдегенимдин аркасында гана оңолгонума толук кошулушат. Атам атүгүл бир жолу чогуу иштешкендеринин баарынын алдында Жахабанын Күбөлөрүн аябай жактаптыр. Ата-энем Жахаба Кудайды таанып-билгенден кийин кулк-мүнөзүм өзгөрүп, оңолгонума күбө болду. Апам Ыйык Китепти мурда эле изилдесем жакшы болмоктугун көп айтат. Мен ага толугу менен кошулам!

Жашоонун маңызын баңгизаттан же дагы башка кесепеттүү нерселерден издөө акылсыздык экенине өз тажрыйбаман ынандым. Азыр башкаларга Кудайдын Сөзүндөгү чындыкты, өмүрүмдү сактап калган чындыкты, билгенге жардам бергенимдин аркасында жашоом маңыздуу өтүп жатат.