Мазмунун көрсөтүү

Ыйык Китепти коомдук телефон менен изилдегендер

Ыйык Китепти коомдук телефон менен изилдегендер

 Даяни Бразилияда жашайт. Ал — Жахабанын Күбөсү. Убактысынын көбүн Кудай жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялаганга жумшайт. Бир күнү ал бир жубайлар менен телефон аркылуу сүйлөшүп калып, аларга Ыйык Китепте жазылган жакшы кабарды айтып калат. Түгөйлөр ага жакында электр жарыгы, интернет жок бир алыскы айылга көчүп кеткени жатышканын айтышат. Ал айылда Жахабанын Күбөлөрү да жок экен. Даяни менен Ыйык Китепти изилдей бериш үчүн жубайлар ага айылдагы коомдук телефондун номурун беришкен. Жубайлар ошондой телефон жайгашкан үч жер менен сүйлөшүп, Даяни менен кайсы күндөрү, саат канчада байланышарын айтып макулдашып алышкан.

 Ошентип, болжошкон күнү Даяни коомдук телефонго чалган. Баягы жубайлар күтүп, даяр турушуптур. Эки жума бою алар Даяни менен чалышып, Ыйык Китепти үч жолу изилдешкен.

 Ошондон кийин жубайлар байланышка чыкпай калышкан. Ал эми Даяни багынган эмес. Ал баягы коомдук телефонго жумасына үч жолу чалып, телефонду ким алса, ошолорго Ыйык Китепте жазылган жакшы кабарды айта берген. Натыйжада Даяни ошол айылдагы бир нече киши менен Ыйык Китепти изилдей баштаган.

 Бир күнү Даяни күйөөсү экөө адатынча эле коомдук телефон аркылуу бир жигит менен Ыйык Китепти изилдеп жатышкан. Алардын сөзүн чиркөөдөгү дин кызматчы угуп калган. Эмне жөнүндө сүйлөшүп жатышканын жакшыраак угуш үчүн ал тиги жигиттин жанына келген. Анан ал Даяни жана жолдошу менен сүйлөшкүсү келерин айткан. Ага уккандары ушунчалык жаккандыктан: «Мен да Ыйык Китепти изилдегим келет!» — деген.

 Ошентип, Даяни менен анын жолдошу коомдук телефон аркылуу ошол алыскы айылда жашаган алты киши менен Ыйык Китепти изилдей башташкан. Алардын бири — баягы чиркөөдөгү дин кызматчы. Изилдеп жаткандардын айрымдары — бир киши менен бир аял — коомдук телефон аркылуу туташып, жыйналышка катыша алышкан. Дагы бири, кызыккандар Ыйык Китепти отуруп алып изилдеши үчүн, телефон турган жерге отургуч жасап коюптур.

 Даяни менен жолдошу алыскы аймакта жашагандарга телефон аркылуу Кудай жөнүндө айтканга мүмкүнчүлүк болгонуна абдан ыраазы. Даяни: «Жахаба эч ким барбаган жакта жашагандарга да жакшы кабардын жетишине кам көрүп коё алат»,— дейт.