Мазмунун көрсөтүү

Ооруканада иштегендер алган жардам

Ооруканада иштегендер алган жардам

 Түндүк Каролинада (АКШ) жашаган Брин Ооруканалар менен байланышуу комитетинде кызмат кылат. Ал Жахабанын Күбөсү болгон бейтаптарга жардам бериш үчүн ооруканалар менен тыгыз кызматташат.

 COVID-19 пандемиясынын айынан көптөгөн ооруканалар бейтаптарга жакындары менен бетме-бет көрүшүүгө тыюу салышкан. Брин ооруканада жаткан ишенимдештерин сооротуп-жубатыш үчүн эмне кылса болорун билгиси келген. Ошол себептен жергиликтүү оорукананын деректирине телефон чалган.

 Телефонду деректирдин жардамчысы алган. Башкаларга ооруканага кирүүгө тыюу салынганын билгендиктен Брин андан Жахабанын Күбөсү болгон бейтаптарга анын номурун берип коё алар-албасын сураган. Ал макул болгон.

 Брин ооруканада иштегендер жөнүндө да ойлонгон. Ошондуктан аны менен сүйлөшкөн деректирдин жардамчысынан ооруканада иштегендердин ал-акыбалын сурап, алардын эмгегин жогору баалай турганын айткан. Ал ага пандемиядан улам адамдардын баарынын, өзгөчө доктурлардын, медайымдардын катуу стресс болуп жатканы тууралуу окуганын да айткан.

 Деректирдин жардамчысы Бринге коронавирустан улам ооруканада иштегендер стресс болуп, алапайын таппай жатканын билдирген.

 Брин ага мындай деген: «Биздин веб-сайтыбыздан стресс менен күрөшкөнгө жардам берген маалыматтарды таба аласыз. Ал үчүн jw.org сайтына кирип, издөө тилкесине „стресс“ деп жазыңыз. Ошондо кесиптештериңизге пайдалуу боло турган макалалар чыгат».

 Экөө сүйлөшүп жаткан учурда эле тиги киши веб-сайтка кирип, издөө тилкесине «стресс» деп жазган. Анан макалаларды көргөндө: «Оо-уу! Мен муну деректирге көрсөтүшүм керек экен. Бизге да, башкаларга да кереги тие турган сонун маалыматтар бар турбайбы. Буларды чыгарып алып, таратып бербесем»,— деген.

 Бир нече жумадан кийин Брин деректирдин өзү менен сүйлөшкөн. Деректир ага веб-сайтка кирип көрүшкөнүн, стресс жана ага байланыштуу макалаларды кагазга чыгарып алышканын айткан. Алар ал макалаларды медайымдарга жана ооруканада иштеген башка адамдарга беришиптир.

 Брин: «Деректир мага жүргүзгөн ишибиз, сонун жазылган макалаларыбыз үчүн ыраазычылык билдирди. Макалаларыбыз аларга чоң пайдасын тийгизиптир»,— деген.