Мазмунун көрсөтүү

Жакшы көрөрүңөрдү билдиргиле

Жакшы көрөрүңөрдү билдиргиле

 Оң-Ли — Болгарияда жашаган Жахабанын Күбөсү. Ал Златка деген келин менен изилдөө өткөрчү. Златканын жолдошу Жахабанын Күбөсү эмес. Оң-Ли мындай деп бөлүшөт: «Ал экөөбүз үй-бүлөлүк жашоо жөнүндө талкуулап жатканда өмүрлүк жарыбызга, балдарыбызга аларды жакшы көрөрүбүздү билдирип турушубуз керектигин баса белгиледим. Ошондо Златка мени кайгылуу көздөрү менен карап, жолдошу менен 9 жаштагы кызына жакшы көрөрүн эч качан айтпаганын айтты».

 Златка ага: «Алар үчүн баарын кылууга даярмын, бирок бул сөздөрдү такыр айта албайм»,— деген. Анан: «Апам мени жакшы көрөрүн эч качан айткан эмес, чоң апам да антип айтчу эмес экен»,— деп кошумчалаган. Оң-Ли ага Ыйык Китептен Жахабанын Исага жакшы көрөрүн ачык билдиргенин көрсөтүп берген (Матай 3:17). Анан аны Жахабадан бул жөнүндө тиленүүгө жана жолдошу менен кызына аларды жакшы көрөрүн билдирүүнү максат кылууга үндөгөн.

 Оң-Ли мындай дейт: «Эки күндөн кийин Златка Жахабадан жардам сурап тиленгенин кубанып айтып берди. Жолдошу үйүнө келгенде, ал Ыйык Китептен зайыптардын күйөөсүн урматтаганы, жакшы көрөрүн билдирип турганы абдан маанилүү экенин билгенин айтыптыр. Анан бир азга унчукпай туруп калып, аны абдан жакшы көрөрүн билдириптир. Кызы үйгө келгенде, аны кучактап, жакшы көрөрүн ага да айтыптыр. Златка мага: „Эми кадимкидей жеңилдеп калдым. Ушунча жылдан бери сезимдеримди ичиме катып жүрчүмүн. Бирок Жахабанын жардамы менен, акыры, үй-бүлөмө аларды жакшы көрөрүмдү билдирүүгө үйрөндүм“,— деди».

Оң-Ли аймагында жашагандарга Ыйык Китепти изилдөөнү сунуштап жүрөт

 Оң-Ли мындай дейт: «Бир жума өткөндөн кийин Златканын жолдошуна жолугуп калдым. Ал мага: „Көптөр Златканын сени менен Ыйык Китепти изилдебей эле коюшун айтышкан болчу. Бирок анын Ыйык Китепти изилдеп жатканы үй-бүлөбүзгө аябай зор пайдасын тийгизип жатат. Азыр мурдагыдан ынак болуп, бактылуу жашап жатабыз“,— деп айтты».