Мазмунун көрсөтүү

Аны дин кызматчы деп ойлоп алышкан

Аны дин кызматчы деп ойлоп алышкан

 Осман деген Жахабанын Күбөсү аялы, кызы болуп Чилидеги бир көрүстөнгө жакын жерде адабият текчеси менен кабар айтып турушкан. Бир маалда ошол жерден катуу музыканын коштоосунда табыт көтөргөн эркектер жана аларды ээрчиген көп эл өткөн. Алардын айрымдары Османды өздөрүнүн чиркөөсүнүн дин кызматчысы деп ойлоп алышкан. Ошон үчүн алар Османдын жанына келип, аны кучактап, сүйүнө: «Рахмат сизге өз убагында келгениңизге. Сизди күтүп жатканбыз!» — дешкен.

 Осман аларга дин кызматчы эмес экенин түшүндүргөнгө аракет кылса да, ызы-чуу болгон эл аны түшүнгөн эмес. Табытты коштогон адамдар көрүстөндүн ичине кирип кеткенден кийин, алардын бир нечеси кайра кайтып келип, Османга: «Биз сизди күтүп жатабыз, келесизби?» — дешкен.

 Алар бир аз тынчыгандан кийин, Осман аларга өзүнүн ким экенин, ал жерде эмне үчүн турганын түшүндүрүп берген. Алар өздөрүнүн дин кызматчысынын келбей калганын билгенде Османдан: «Тигил жакка барып, Ыйык Китептен жубатарлык аяттардан окуп берип койбойсузбу»,— деп суранышкан. Осман макул болгон.

 Жолдо баратып Осман маркум жөнүндө айрым нерселерди сурап алган. Ошондой эле кайсы аяттарды окуп берерин ойлонуштуруп алган. Күйүт тарткандардын жанына келгенде ал өзүн тааныштырып, Жахабанын Күбөсү экенин айткан. Бардык адамдарга жакшы кабарды таратуу ишине катышып жатканын да түшүндүргөн.

 Анан Аян 21:3, 4тү жана Жакан 5:28, 29ду окуп берип, Кудайдын адамдарды өлүш үчүн жаратпаганын айткан. Андан сырткары, Кудайдын жакында өлгөндөрдү тирилтерин жана алар жер бетинде түбөлүк өмүр сүрөрүн кошумчалаган. Осман сүйлөп бүткөндөн кийин, көптөрү аны кучактап, «Жахабадан келген жакшы кабар» үчүн рахмат айтышкан. Андан кийин ал адабият текчесинин жанына кайтып барган.

 Сөөк коюу каадасы бүткөн соң, күйүт тарткандардын айрымдары адабият текчесинин жанына келип, Осман менен анын үй-бүлөсүнөн Ыйык Китепте жазылгандар жөнүндө сурашкан. Узакка созулган талкуудан кийин алар адабият текчесиндеги дээрлик бардык адабияттарды алып кетишкен.