Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү Байыркы Келишимге ишенеби?

Жахабанын Күбөлөрү Байыркы Келишимге ишенеби?

 Ооба, ишенет, анткени Ыйык Китепте: «Бардык Жазма Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган жана... пайдалуу»,— деп айтылган (2 Тиметей 3:16). «Бардык Жазма» көптөр Байыркы Келишим жана Жаңы Келишим деп атаган эки бөлүктөн турат. Жахабанын Күбөлөрү аларды Еврей Жазмалары жана Грек Жазмалары деп аташат. Бул алардын Ыйык Китептин айрым китептери эскирип калган же бизге тиешелүү эмес деген ойдон алыс экенин көрсөтүп турат.

Эмне себептен Байыркы Келишимди да, Жаңы Келишимди да окушубуз керек?

 Элчи Пабыл Кудайдын ыйык рухунун жетеги астында: «Мурун жазылгандын баары бизге насаат катары жазылган»,— деп жазган (Римдиктер 15:4). Андыктан Еврей Жазмаларында биз үчүн абдан баалуу маалымат камтылган деп айтууга болот. Ошондой эле Ыйык Китептин ал бөлүгүндө бүт адамзат сабак алчу тарых баяндалган жана пайдалуу кеңештер жазылган.

  •   Бүт адамзат сабак алчу тарых. Еврей Жазмаларында жердеги жашоо кантип жаратылганы, адам баласынын эмне болуп күнөөгө батканы жазылат. Муну билбесек: «Бизди ким жараткан жана эмне үчүн өлөбүз?» — деген суроолорго эч качан канааттандырарлык жооп ала алмак эмеспиз (Башталыш 2:7, 17). Андан тышкары, Еврей Жазмаларынан Жахаба Кудайдын биздикиндей эле сезимдери болгон байыркы учурдагы адамдар менен болгон мамилеси жөнүндө окуй алабыз (Жакып 5:17).

  •   Пайдалуу кеңештер. Еврей Жазмаларына кирген Накыл сөздөр жана Насаатчы деген китептерде көөнөрбөс даанышмандыкты айгинелеген кеңештер бар. Ал кеңештерди колдонуу үй-бүлөлүк турмушта бактылуу болууга (Накыл сөздөр 15:17), эмгекти сүйүүгө (Накыл сөздөр 10:4; Насаатчы 4:6) жана жаштарга жаштыгын туура пайдаланууга жардам берет (Насаатчы 11:9—12:1).

 Ошондой эле Тоораттагы (Ыйык Китептин алгачкы беш китебиндеги) Кудайдын Муса пайгамбарга жаздырган Мыйзамын изилдөөнүн да пайдасы чоң. Жахабанын Күбөлөрү ысрайыл элине берилген ал Мыйзамга баш ийүүгө милдеттүү эмес, анткен менен андагы принциптерди колдонуу аларга бактылуу болууга жардам берүүдө (Лебилер 19:18; Мыйзам 6:5—7).