Мазмунун көрсөтүү

Филиппиндеги мугалимдер JW.ORG сайтынын пайдалуу экенине ынанышты

Филиппиндеги мугалимдер JW.ORG сайтынын пайдалуу экенине ынанышты

2016-жылы Жахабанын Күбөлөрү Филиппиндин Замбоанга дел Норте провинциясындагы мугалимдерге jw.org сайтындагы тарбиялык мааниси бар видеолор менен макалалардын канчалык пайдалуу экенин көрсөтүп бере алышкан. Жахабанын Күбөлөрү адегенде провинциянын борбору болгон Диполог шаарындагы Билим берүү министрлигине кайрылышкан. Семинардын уюштуруучуларына jw.org сайты абдан жаккандыктан, Жахабанын Күбөлөрүн Замбоанга дел Нортедеги бир нече муниципалитетте өтө турган мугалимдердин үч семинарында тең 30 мүнөттүк презентация кылууга чакырышкан.

Презентация кандай өткөн?

Жахабанын Күбөлөрү ар бир семинарда 300дөй мугалимге тандалган видеолорду жана сайттагы макалаларды көрсөтүшкөн. Семинарга катышкандарга, өзгөчө, «Карызга батып калганда» деген макала жаккан. Мугалимдердин көбү презентациянын окуучуларга эле эмес, алардын өздөрүнө да жардам берерине ынанышкан. Баары jw.org сайтындагы кызыктуу, пайдалуу маалыматтарды табууга жардам берген «Маанилүү суроолордун жообун кайдан тапса болот?» деген баракчаны алышкан. Кээ бир мугалимдер веб-сайттагы видеолорду жүктөп алышкан.

Үч презентация тең ийгиликтүү өткөндүктөн, провинциянын Билим берүү министрлиги дагы 600дөй консультант менен мугалимдер үчүн презентация өткөрүлүшүнө кам көргөн. Ал жолкусунда да көптөр чын жүрөктөн ыраазычылык билдиришкен.

«Бул веб-сайт... жакшы жардам берет экен»

Семинарга катышкандардын айрымдары кийинчерээк презентация жана веб-сайт аларга кандай жардам бергенин айтып беришкен. Бир мугалим мындай деген: «Силерге абдан ыраазы экенимди айткым келет. Окуучуларыма сабак берүүдө сайттын пайдасы тийип жатат». Дагы бир мугалим: «Мен дагы көп нерсени үйрөнүшүм, айрыкча, стресс менен кантип күрөшүш керектигин үйрөнүшүм керек. Бул веб-сайт жаштарга эле эмес, улууларга да жакшы жардам берет экен»,— деп айткан.

jw.org сайтынын презентациясына катышкан 350дөн ашык мугалим көбүрөөк маалымат алгысы келерин билдирген. Жахабанын Күбөлөрү аларга башка да адабияттарды берип, билгиси келгендерге Ыйык Китептеги иш жүзүндө колдонорлук кеңештерди айтып беришкен.

Жахабанын Күбөлөрү Замбоанга дел Нортедеги 1 000ден ашык мугалимге jw.org сайтын презентация кылышканына жана веб-сайттын окутууда мыкты курал экенин айтып бере алышканына кубанууда. Билим берүүдө пайдасы зор курал болуп эсептелген бул веб-сайттан дүйнөнүн чар тарабындагы мугалимдер адептүүлүк эрежелерине, адеп-ахлак нормаларына жана диний баалуулуктарга байланыштуу сонун кеңештерди таба алышат *.

^ 9-абз. Филиппиндеги билим берүү мекемелерине окуучуларга билим берип коюу эле эмес, «адептүүлүк эрежелерин, адеп-ахлак нормаларын, диний баалуулуктарды жана өзүн тарбиялай билүүгө үйрөтүү» жоопкерчилиги артылган (Филиппин Республикасынын 1987-жылы кабыл алынган Конституциясы, 14-берене, 3.2-бөлүк).