Мазмунун көрсөтүү

Эстонияда «чоң жетишкендик» деп табылган котормо

Эстонияда «чоң жетишкендик» деп табылган котормо

Эстонияда өткөрүлгөн «2014-жылдын тил жаатындагы мыкты жетишкендиги» сынагына 18 эмгек коюлуп, эстон тилиндеги Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» акыркы сынакта 3-орунду ээлеген.

2014-жылдын 8-августунда жарык көргөн ал жаңы котормо сынакка Эстон тилинин институтундагы тилчи Кристиина Росс тарабынан коюлган. Ал «Жаңы дүйнө котормосунун» «окуганга аябай жеңил» экенин жана «эстон тилине которуу тармагына зор салым кошконун» айткан. Эстон адабияты жана маданияты боюнча профессор Рейн Вейдеманн ал котормону «чоң жетишкендик» деп атаган.

Эстон тилиндеги Ыйык Китеп толугу менен биринчи жолу 1739-жылы жарык көргөн. Ошондон тартып башка да котормолор басылып чыккан. Анда эмне үчүн «Жаңы дүйнө котормосун» «чоң жетишкендик» деп айтууга болот?

Тактыгы. 1988-жылы чыгарылган, эстон тилиндеги кеңири тараган Ыйык Китепте Кудайдын ысмы «Жехоова» (Жахаба) деп которулган жана ал ысым Еврей Жазмаларында (Байыркы Келишимде) 6 800дөн ашык жолу кездешет *. Эстон тилиндеги «Жаңы дүйнө котормосунда» да Кудайдын ысмы түп нускада кездешкен жердин баарында коюлган. Ошондой эле Грек Жазмаларында (Жаңы Келишимде) коюлушу керек болгон жерлердин баарына Кудайдын ысмы жазылган.

Түшүнүктүүлүгү. «Жаңы дүйнө котормосу» так жана окууга жеңил болуп которулганбы? Ыйык Китептин абройлуу котормочусу Тоомас Паул «Жаңы дүйнө котормосунун» «эстон тилине абдан түшүнүктүү болуп которулганын» «Ээсти Кирик» («Эстон чиркөөсү») гезитине жазган. Анан: «Котормо ишинде бул максат биринчи жолу эми ишке ашты деп ишенимдүү түрдө айта алам»,— деп кошумчалаган.

Эстон тилиндеги котормонун пайдасы

Эстониялыктар «Жаңы дүйнө котормосу» жөнүндө жакшы пикирин айтышкан. Улуттук радио жаңы Ыйык Китепке 40 мүнөттүк программаны арнаган. Чиркөө кызматкерлери менен чиркөө мүчөлөрү аны алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрүнө кайрылышкан. Таллиндеги бир беделдүү мектеп сабакта колдонуу үчүн «Жаңы дүйнө котормосунун» 20 нускасын сураган. Эстониялыктар, чынында, китеп окуганды жакшы көрүшөт. Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китептин так, түшүнүктүү котормосун элге тартуулаганына кубанып жатышат.

^ 5-абз. Тарту университетинин Жаңы Келишим кафедрасынын кызматкери Айн Риистан эстониялыктардын Кудайдын ысмынын «Жехоова» деген формасын колдоно баштаганы жөнүндө макала жазган. Макаланын аягында мындай деген: «Менин оюмча, Кудайдын ысмынын „Жехоова“ деген формасын колдонуу эң туура. Бул көп талаш туудурса да,.. кылымдар бою ал терең мааниге ээ болуп келген. „Жехоова“ — адамзатты куткаруу үчүн өз Уулун жиберген Кудайдын ысмы».