Аян 16:1—21

16  Мен ыйык жайдан чыккан катуу үндүн жети периштеге: «Баргыла да, Кудайдын каарынын жети чөйчөгүн жерге төккүлө»+,— дегенин уктум+.  Биринчи периште+ барып, чөйчөгүндөгүсүн жерге төктү+. Ошондо жырткычтын белгисин койдуруп+, анын сөлөкөтүнө сыйынгандардын+ денесине катуу ооруткан айыккыс жаралар чыкты+.  Экинчи периште+ чөйчөгүндөгүсүн деңизге+ төктү. Ошондо деңиз өлүк адамдын канындай болуп калды+, андагы+ тирүү жандын баары өлдү.  Үчүнчү периште+ чөйчөгүндөгүсүн дарыялар+ менен суу башаттарына төктү. Алар канга айланды+.  Анан мен суулардын периштесинин мындай дегенин уктум: «Азыр да, мурун да бар болгон+, берилгендигин сактаган+ Кудайыбыз, сен адилсиң, анткени ушундай өкүмдөрдү чыгардың+.  Алар ыйыктардын, пайгамбарлардын канын төккөндүктөн+, сен аларга кан ичирдиң+. Алар ушуну көрмөк»+.  Анан курмандык жайынын: «Ооба, Кудурети Күчтүү Жахаба Кудай+, сенин сот өкүмдөрүң туура жана адил»+,— дегенин уктум.  Төртүнчү периште+ чөйчөгүндөгүсүн күнгө төктү. Ошондо күнгө адамдарды ысык илеби менен куйкалаганга+ жол берилди.  Катуу ысык куйкаласа да, алар ушул балээлердин үстүнөн бийлиги бар+ Кудайдын ысмына+ акарат кылып жатышты. Алар өкүнүшкөн да жок, аны даңкташкан да жок+. 10  Бешинчи периште чөйчөгүндөгүсүн жырткычтын+ тактысына төктү. Ошондо анын падышалыгын караңгылык каптады+. Адамдар жаны кыйналганынан тилин тиштей башташты. 11  Алар жаны кыйналганы үчүн, денесиндеги жаралары үчүн асман Кудайына акарат кылып+, кылган иштери үчүн өкүнүшкөн жок. 12  Алтынчы периште+ чөйчөгүндөгүсүн улуу Эфрат дарыясына+ төктү. Ошондо күн чыгыштан келе турган падышаларга+ жол даяр болушу үчүн, дарыянын суусу соолуп калды+. 13  Анан мен ажыдаардын+, жырткычтын+ жана жалган пайгамбардын оозунан+ бакага+ окшогон таза эмес үч кабардын+ чыкканын көрдүм. 14  Ал кабарлар жиндерден келет+. Алар жышаандарды көрсөтүп+ жатышат жана бүт дүйнөнүн+ падышаларына барып+, аларды Кудурети Күчтүү Кудайдын+ улуу күнүндө+ боло турган согушка чогултуп жатышат+. 15  «Мына, мен ууру сыяктуу келатам+. Жылаңач калып, уят болбошу үчүн+ сергек жүргөн+ жана сырт кийимин сактаган адам бактылуу». 16  Алар падышаларды еврейче Армагедон*+ деп аталган жерге чогултушту. 17  Жетинчи периште чөйчөгүндөгүсүн абага+ төктү. Ошондо ыйык жайдан, тактыдан: «Аткарылды!» — деген катуу үн угулду+. 18  Чагылган жарк-журк этип, үндөр угулуп, күн күркүрөп, катуу жер титирөө болду+. Жер бетинде адам баласы жаралгандан бери мынчалык чоң, мынчалык катуу жер титирөө+ болгон эмес эле+. 19  Улуу шаар+ үч бөлүккө бөлүнүп, элдердин шаарлары кыйрады. Кудай өзүнүн кайнаган каарынын шарабы куюлган чөйчөктү бериш үчүн+ Улуу Бабылды+ эстеди. 20  Бүт аралдар качып кетти, тоолор жок болду+. 21  Асмандан адамдардын үстүнө ар биринин салмагы таланттын* салмагындай болгон мөндүр+ жаады. Алар мөндүр түрүндөгү балээ үчүн Кудайга акарат кылышты+, анткени бул аябай чоң балээ эле+.

Шилтемелер

Мааниси: «Мегидо тоосу». Грек. Хар-Магедон. Келечекте бүт жер жүзү боюнча боло турган согуш. Ал согушта Жахаба Кудай дайындаган Падыша, Иса Машаяк, Кудайдын душмандарын жок кылат.
Мт 18:24түн шилт-н кара.