Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Чөмүлдүрүүчү Жакан чындыгында эле жашаганбы?

Чөмүлдүрүүчү Жакан чындыгында эле жашаганбы?

 Инжилде Жүйүт жеринде Кудайдын Падышалыгы жөнүндө жарыялап жүргөн Чөмүлдүрүүчү Жакан тууралуу баяндалат. Ыйык Китепте Жакан жөнүндө жазылгандарга тарыхчылар кошулабы? Анда карап көрөлү:

  •   Ыйык Китепте: «Чөмүлдүрүүчү Жакан Жүйүт жериндеги ээн талаага келип, мындай деп жар сала баштады: „Өкүнгүлө, анткени асман Падышалыгы жакындап калды“»,— делет (Матай 3:1, 2). Ушул айтылгандарды башка булактар тастыктайбы? Ооба.

     Алсак, биринчи кылымда жашаган тарыхчы Иосиф Флавий «Чөмүлдүрүүчү Жакан деген кишинин» «жүйүттөрдү Кудайдын алдында адил иштерди кылууга», «Кудайга берилгендик көрсөтүп жашоого» жана «чөмүлүүгө» үндөгөнүн жазган («Jewish Antiquities», Book XVIII).

  •   Ыйык Китепте Чөмүлдүрүүчү Жакандын Галилея жана Перея аймагын башкарган Ирод Антиппаны айыптаганы айтылат. Ирод өзүн Муса аркылуу берилген Мыйзамга карманып жашаган жүйүт деп эсептеген. Жакан Иродго бир тууганынын аялы Иродияны алганы туура эмес экенин айткан (Марк 6:18). Бул маалыматты Ыйык Китептен башка да булактар ырастайт.

     Тарыхчы Иосиф Флавий «Ирод Антипанын Иродияны сүйүп калганын» жана Иродияга ага «турмушка чыгууну ачык эле сунуштаганын» жазган. Иродия анын сунушун кабыл алып, күйөөсүн таштап, Иродго тийип алган.

  •   Ыйык Китепте «Иерусалимде, бүт Жүйүт жеринде жана Иордан дарыясынын чет-жакасында жашагандар [Жаканга] келгени» жана Жакандын «аларды Иордан дарыясында чөмүлдүргөнү» баяндалат (Матай 3:5, 6).

     Иосиф Флавий бул сөздөрдүн да чындык экенин ырастаган. Ал Жаканды угуш үчүн «калың элдин» келгенин жана «алардын анын ушунчалык жогорку деңгээлде айтылган насаатына таасирленишкенин» жазган.

 Ооба, биринчи кылымда жашаган Иосиф Флавий Чөмүлдүрүүчү Жакандын чынында эле жашаганын тастыктаган. Биз да мындан шектенбесек болот.