Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Моква төрт Инжили — грузин тилиндеги 14-кылымга таандык кол жазма

ГРУЗИЯ | 1924—1990

Грузин тилиндеги Ыйык Китеп

Грузин тилиндеги Ыйык Китеп

АРМЯН, копт, латын, сирия жана башка тилдер менен бирге грузин тили — Ыйык Китеп которулган алгачкы тилдердин бири. Байыркы грузин тилиндеги Инжилдер, Пабылдын каттары, Забурлар тээ б. з. 5-кылымынын орто ченине же андан мурунураак мезгилге таандык. Кийинки кылымдарда Ыйык Китеп грузин тилине которулуп, көчүрүлүп жазыла берген. Натыйжада бир нече котормо жаралган *.

Ыйык Китеп грузин элинин көркөм адабиятына, каада-салтына терең таасир этип келген. Алсак, Шушаник канышасы жөнүндөгү кайгылуу окуя баяндалган, кыязы, 5-кылымдын аягына таандык болгон эмгекте Ыйык Китептен алынган үзүндүлөр бар жана ага түз же кыйыр шилтемелер келтирилет. Шота Руставелинин, болжолу, 1220-жылы жазылган «Жолборс терисин жамынган баатыр» деген дастанында Кудайдын кызматчыларына мүнөздүү баалуулуктар чагылдырылган. Ал достук, берешендик, чоочундарга көрсөтүлгөн сүйүү жөнүндө жазган. Грузин эли ушул сапаттарды азыркы күнгө чейин жогору баалап келет.

^ 3-абз. Көбүрөөк маалымат алыш үчүн «Күзөт мунарасынын» 2013-жылдын 1-июнундагы санына чыккан «Кылымдар бою катылып келген кенч» деген макаланы кара.