Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨЛҮК БАКЫТТЫН СЫРЫ

Өгөй аталардын, өгөй энелердин кыйынчылыктары?

Өгөй аталардын, өгөй энелердин кыйынчылыктары?

АВСТРАЛИЯЛЫК МАРГАРЕТ *: «Күйөөмдүн мурунку аялы балдарына: „Өгөй энеңерди такыр укпагыла“,— деп үйрөтүптүр. Атүгүл „Тишиңерди жуугула“ деген сыяктуу сөздөрүмдү да укпагыла дептир». Маргарет ушундай нерселердин айынан үй-бүлөм бузулбайбы деп кооптонот.

Өгөй ата же өгөй энелер ар кандай кыйынчылыктарга кабылат. Алардын үй-бүлөсүнүн ынтымагынын ыдырашына көбүнчө башкалар себеп болушу мүмкүн *. Көптөрүнө өгөй балдарынын өз атасы же энеси менен тарбия, акча маселеси, балдары менен качан көрүшүп турары жөнүндө сүйлөшкөнгө туура келет. Өгөй ата же өгөй эненин тууган-туушкандарына да, досторуна да анын кийинки үй-бүлөсүнө көнүү кыйын болот. Силердин да жагдайыңар ушундай болсо, келгиле, Ыйык Китептеги кеңештер кыйынчылыктарды чечкенге кандайча жардам берерин карап көрөлү.

1. БАЛАНЫН АТАСЫ (ЖЕ ЭНЕСИ) МЕНЕН МАМИЛЕЛЕШҮҮ

Намибияда жашаган Жудит мындай дейт: «Бир жолу өгөй балдарымдын апасы мен алардын атасынын жаңы аялы экенимди жана менин балдарым да, күйөөм экөөбүздүн балдарыбыз да аларга тууган болбой турганын айтыптыр. Анын сөздөрү мага катуу тийди, анткени өгөй балдарымды өз балдарымдай эле көрөм».

Адистердин айтканы боюнча, баланын атасы (же энеси) менен мамилелешүү кыйынчылыктарды туудурушу, атүгүл учурдагы үй-бүлөнүн ынтымагын ыдыратышы мүмкүн. Ушундай жагдайда көбүнчө балдардын өз энеси менен өгөй энеси кыйналат. Мындайда эмне жардам берет?

Кыйынчылыкты чечүү: Акылга сыярлык чектерди койгула. Эгер балаңарга өз атасы же энеси менен мамилелешүүгө тыюу салсаңар, ал эмоциялык жактан жабыркашы мүмкүн *. Анткени балага эч ким өз атасындай же өз энесиндей боло албайт (Накыл сөздөр 23:22, 25). Бирок мурунку жубайыңарга үй-бүлөңөрдүн ишине кийлигишишине жол берип койсоңор, учурдагы жубайыңарды капалантышыңар, атүгүл кыжырдантышыңар мүмкүн. Мурунку жубайыңар менен балдарга байланыштуу нерселерди сүйлөшкөнгө туура келгенде, никеңерди коргош үчүн тең салмактуу болуп, акылга сыярлык чектерди койгула.

АТА-ЭНЕЛЕРГЕ КЕҢЕШ

  • Мурунку жубайыңар менен балаңар жөнүндө гана сүйлөшкүлө. Мүмкүн болсо, ага белгилүү бир убакта телефон чалышын сылыктык менен айтсаңар болот. Ошентсеңер, ал каалаган учурунда, мисалы, түндө чалбай калышы ыктымал.

  • Эгер балаңар колуңарда болбосо, телефон чалып, кат же SMS жазып, электрондук почта аркылуу аны менен байланышып турганыңар абзел (Мыйзам 6:6, 7). Айрымдар видеобайланыш аркылуу сүйлөшүп турушат. Балаңардын көйгөйлөрүн, эмнеге муктаж экенин билсеңер, зарыл болгон кеп-кеңешиңерди бере аласыңар.

ӨГӨЙ ЭНЕЛЕРГЕ КЕҢЕШ

  • Өгөй балдарыңардын энесине анын ордун ээлөөнү көздөбөгөнүңөрдү көрсөтүп, ага «боор ооруу менен мамиле» кылгыла (1 Петир 3:8). Ага балдардын кандай жүргөнүн, эмне кылып жатышканын билдирип тургула, көбүнчө жакшы нерселерди айтканга аракет кылгыла (Накыл сөздөр 16:24). Андан кеңеш сурап тургула. Кеңеш берсе, ыраазычылык билдиргиле.

  • Балдарды энесинин көзүнчө көп эркелетпегиле. Америкалык Беверли мындай дейт: «Күйөөмдүн кичинекей балдары мени апа дегиси келерин айтышканда, аларга үйдөн апа дей берсе болорун, бирок апасы Жейндин же анын үй-бүлөсүнүн көзүнчө апа дебей эле коюшун айттык. Ушунун аркасында Жейн экөөбүздүн мамилебиз кыйла жакшырды. Кийин балдардын мектебинде оюн-зооктор болгондо, эс алууга чыгышканда, аларга чогуу жардам берип калдык».

АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ӨГӨЙ АТА-ЭНЕЛЕРГЕ КЕҢЕШ

  • Балдардын көзүнчө атасы (же өгөй атасы) же энеси (же өгөй энеси) жөнүндө жаман айтпагыла. Андай сөздөр оозуңардан чыгып кетиши мүмкүн. Аларды балдардын кулагы чалып калса, аябай жаман болушат. Ошондой эле ал сөзүңөрдүн ээсине качан, кантип жетип каларын билбейсиңер (Насаатчы 10:20). Айрым учурларда балаңар мурунку жубайыңардын силерди жамандаганын айтып келиши мүмкүн. Ал эми силер өгөй ата же өгөй эне болсоңор, өгөй балдарыңар атасынын же энесинин силерди жамандаганын айтышы ыктымал. Андайда балаңардын же өгөй балаңардын кандай сезимде болуп жатканын эске алып, мындай десеңер болот: «Ага көңүл бурбай эле кой, балам, апаң (же атаң) мага аябай ачууланып жүрөт, адам ачууланганда ар кандай сөздөрдү айта берет».

  • Мүмкүн болсо, үйүңөрдөгү эреже-тартиптерди өгөй балаңардын өз атасынын же апасынын үйүндөгү эреже-тартиптерге ылайыкташтырсаңар болот. Андай кылуу мүмкүн эмес болсо, мурунку жарыңардын же өгөй балдарыңардын атасынын (же энесинин) кадыр-баркын түшүрбөй, алардын үйүндөгү тартип менен силердин үйүңөрдөгү тартиптин айырмачылыктарын түшүндүрүп бергиле. Төмөнкү мисалды карап көрөлү.

    Өгөй эне: Азамат, кийимиңди ордуна илип койчу.

    Азамат: Апамдыкында жүргөндө жерге эле таштап коёбуз, апам өзү илип коёт.

    Өгөй эне (жини келип): Ал силерди жалкоо кылып койгон турбайбы.

    Андан көрө, мындай дегениңер жакшыраак болот:

    Өгөй эне (жылуу-жумшак): Аа, ошондойбу, бирок биздин үйдө ар кимибиз өзүбүз илебиз.

  • Балаңар мурунку жубайыңар менен чогуу убакыт өткөрө турган маалда кандайдыр бир иш-чараларды уюштурууну ойлонуштурбагыла (Матай 7:12). Ал эми ошол учурга дал келип кала турган болсо, ал жөнүндө балдарга айтардын алдында мурунку жубайыңардан уруксат сурагыла.

КОЛДОНУП КӨРГҮЛӨ: Мурунку жубайыңардын учурдагы өмүрлүк жары менен же учурдагы жубайыңардын мурунку жубайы менен жолукканда төмөндөгү кеңештерди колдонуп көргүлө.

  1. Жүзүнө карап, жылмайып сүйлөгүлө. Тоготпой же жактырбай жаткандай болбогула.

  2. Урмат-сый менен кайрылгыла.

  3. Көп киши болуп отурсаңар, аны да сөзгө тарткыла.

2. ЧОҢОЮП КАЛГАН БАЛДАР МЕНЕН МАМИЛЕЛЕШҮҮ

Бир китепте бир аялдын күйөөсүнө нааразы болгону жазылган. Ал аял чоңоюп калган өгөй балдарынын ага жаман мамиле кылганына күйөөсү көз жумуп, балдарына болуша берерин айткан. Ал: «Ошондой учурларда аябай ачуум келет»,— дейт («Step Wars»). Эр жетип калган балдардын айынан жубайыңар экөөңөрдүн мамилеңерге доо кетпеши үчүн эмне кылсаңар болот?

Кыйынчылыкты чечүү: Сезимтал болгула. Ыйык Китепте: «Ар бир адам өзүнүн эмес, башканын пайдасын көздөсүн»,— делет (1 Корунттуктар 10:24). Адамдын кандай сезимде болуп жатканын, эмне үчүн ошондой сезимде болуп жатканын түшүнгөнгө аракет кылгыла. Чоңоюп калган балдар ата-энесинин мээриминен ажырап калуудан коркушу мүмкүн. Же өгөй атасына (же өгөй энесине) жакшы мамиле кылганын атасын (же энесин), бир туугандарын сатып кеткендикке жатат деп ойлошу этимал. Алардын атасы (же энеси) болсо балдарыма туура эмес жагын айтсам, алыстатып алам деп коркушу ыктымал.

Өгөй балдарыңарды күчкө салып өзүңөргө жакындатканга аракет кылбагыла, мамилеңердин өзүнөн өзү өрчүгөнү жакшы. Кимдир бирөөнү күчкө салып сүйдүрүү акылсыздыкка жатат (Сулаймандын ыры 8:4). Андыктан өгөй балдарыңардан көп нерсе күтүп албагыла.

Оюңардагынын же кандай сезимде болуп жатканыңардын баарын эле, атүгүл жаман мамиле кылынган учурларда да, айтпай эле койгонуңар оң (Накыл сөздөр 29:11). Тилди ооздуктоо кыйын болгондо: «Оо, Жахаба, оозума сакчы кой, оозумдун каалгасына күзөтчү кой»,— деп Кудайга жалынган Дөөтү пайгамбардай болуп, тиленгиле (Забур 141:3).

Эгер өгөй балдар чоңоюп-өскөн үйдө жашай турган болсоңор, үйдүн ичин, өзгөчө, балдардын бөлмөсүн көп өзгөртпөгөнгө аракет кылгыла. Анткени балдар өздөрү жашаган үйгө аябай көнүп калышат. Балким, башка үйгө көчүүнү туура көрөттүрсүңөр.

КОЛДОНУП КӨРГҮЛӨ: Эгер чоңоюп калган өгөй балдарыңар силерди сыйлабай, дайыма орой мамиле кылса, кандай сезимде болуп жатканыңарды жубайыңарга айтып, аны кунт коюп уккула. Жубайыңардан балдарды тыйышын талап кыла бербегиле. Андан көрө, бири-бириңерди түшүнгөнгө аракет кылгыла. «Бир ойдо болсоңор», кыйынчылыкты биргелешип чече аласыңар (2 Корунттуктар 13:11).

3. ТУУГАНДАР, ДОСТОР МЕНЕН МАМИЛЕЛЕШҮҮ

Канадалык Мариэн мындай дейт: «Ата-энем менин балама белек берип, күйөөмдүн балдарына бербей коёт. Ошондой учурларда күйөөм экөөбүз анын балдарына белек сатып беребиз, бирок кээде шартыбыз болбой калат».

Кыйынчылыкты чечүү: Биринчи кезекте учурдагы үй-бүлөңөрдү ойлогула. Туугандарыңарга, досторуңарга учурдагы жубайыңардын балдары да силердин үй-бүлөңөр экенин түшүндүргүлө (1 Тиметей 5:8). Албетте, алардан баарын жакшы көрүшүн талап кыла албайсыңар, бирок адилеттүү, калыс болууга чакырсаңар болот. Балдардын бирине көңүл буруп, бирине көңүл бурбай койсо, көңүл бурулбай калгандары томсоруп, жаман абалда каларын түшүндүргүлө.

Балдарды чоң ата, чоң энелери же тай ата, тай энелери менен байланыштырып тургула. Англияда жашаган Сюзан мындай дейт: «Күйөөм каза болгондон бир жарым жыл өткөндөн кийин, кайрадан турмуш курдум. Ошондо мурунку күйөөмдүн ата-энеси жаман болду. Бирок балдарым аларга чалып, жардам берип жатканына ыраазычылык билдирип, көңүл бура баштагандан кийин, жагдай кыйла жакшырды».

КОЛДОНУП КӨРГҮЛӨ: Туугандарыңардын же досторуңардын кимиси кыйынчылык туудуруп жатканын аныктап, эмне кылсаңар болорун жубайыңар менен сүйлөшкүлө.

Ырас, үй-бүлө мүчөлөрүнөн болбогон адамдардын, тууган-туушкандардын айынан көптөгөн кыйынчылыктар болот. Бирок Ыйык Китептеги кеңештерди колдонсоңор, андагы: «Үй акылмандык менен курулат, кыраакылык менен бекемделет»,— деген сөздөрдүн калетсиздигине ынанасыңар (Накыл сөздөр 24:3).

^ 3-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлдү.

^ 4-абз. Башка да кыйынчылыктарды кантип чечсе болорун билиш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ойгонгула!» журналынын 2012-жылдын апрель айындагы «Өгөй ата-энелер менен өгөй балдар бактылуу жашай алышат» деген аталыштагы санын карагыла (ор.).

^ 8-абз. Албетте, мурунку жубайыңар катаал же таш боор киши болсо, үй-бүлөңөрдү коргош үчүн катуу чектерди коюшуңар керек.

ОЙЛОНУП КӨРГҮЛӨ:

  • Жубайымдын мурунку жубайы менен канткенде жакшы мамиледе боло алам?

  • Туугандарыбыз менен досторубуз үй-бүлөбүздүн биримдигине доо кетирип албашы үчүн, эмне кылсак болот?