Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Тикендүү кескелдириктин кебездей териси

Тикендүү кескелдириктин кебездей териси

АВСТРАЛИЯДА байырлаган тикендүү кескелдирик (Moloch horridus) сууну тумандан, нымдуу абадан, кумдан чогултат. Андан соң топтолгон суу оозуна барат. Кандайча? Кептин баары анын кереметтүү терисинде болушу мүмкүн.

Тикендүү кескелдириктин терисиндеги нуктар терисинин астындагы түтүкчүлөр системасына туташкандыктан, алардагы суулар анын оозуна багыт алат

Көңүл бурсаңар: Тикендүү кескелдириктин териси ири быдырлуу, түрпүлүү келет. Окумуштуулардын кээ бирлеринин божомолунда, ошол түрпүлөрдө чогулуп калган суу тамчылары же шүүдүрүм түрпүлөрдүн араларындагы жылгачага окшогон нуктарга түшөт. Желе өңдөнүп бири-бирине туташкан ал нуктардагы суу андан соң кескелдириктин оозуна багыт алат.

Бирок буттарындагы суу кантип өйдө көтөрүлөт? Андан соң кантип бүт денеси аркылуу жылып отуруп оозуна барат? Тартылуу күчүнө кантип туруштук берет? Анын нымдуу жерди боору менен сүрүп басканы суунун топтолушуна кандайча шарт түзөт?

Окумуштуулар бул табышмактын жандырмагын тапкан сыяктанат. Көрсө, бул кескелдириктин терисинин бетиндеги нуктар терисиндеги башка түтүкчөлөр менен туташкан экен. Ал эми ал түтүкчөлөрдүн түзүлүшү аларда капиллярдык кубулуштун жүрүшүнө, тактап айтканда, тартылуу күчүнүн таасирине карабай суунун ичке түтүкчөлөр менен сорулушуна өбөлгө түзөт. Жөнөкөй тил менен айтканда, кескелдириктин териси кебезге окшоп сууну соруп алат.

Биомимикрия институтунун жетекчиси Жанин Бенюс функциясы тикендүү кескелдириктин терисиникине окшогон технологиялар инженерлерге имараттардын ичин жакшыраак салкындатуу үчүн абадагы нымдуулукту жакшыраак соргон, ошондой эле ичкенге жарактуу сууну чогултууга мүмкүндүк берген техниканы ойлоп табууга жардам берерин айткан.

Кандай деп ойлойсуңар? Тикендүү кескелдириктин териси сууну соруп алуу касиетине эволюциянын натыйжасында ээ болуп калганбы? Же ошондой болуп жаратылганбы?