Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Бал аарысынын конуу жөндөмү

Бал аарысынын конуу жөндөмү

БАЛ ААРЫСЫ кайсы бир жерге, жантаюу бурчу кандай болбосун, эч жерин жабыркатпай оңой эле конот. Анын себеби эмнеде?

Көңүл бурсаңар: Конгондо өзүнө зыян келтирип албашы үчүн бал аарысы коно турган жерине жеткенге чейин жакындоо ылдамдыгын азайтып отуруп, дээрлик жокко эсе кылышы керек. Ан үчүн ал эки факторду — учуу ылдамдыгын жана коно турган жерине чейинки аралыкты — эске алып, ошого жараша ылдамдыгын азайтышы керек болмок. Бирок курт-кумурскалардын көбүндө андай жөндөмдүүлүк жок. Себеби алардын көзү кайсы бир жерге чейинки аралыкты болжолдоп эсептөөгө мүмкүндүк түзгөн бинокулярдуу көрүү жөндөмүнө ээ адамдыкынан айырмаланат. Көздөрүнүн ортосундагы аралык өтө кичине болгондуктан, ошондой эле көзүнүн фокус кылуу жөндөмү жок болгондуктан, курт-кумурскалар аралыкты эсептей алышпайт.

Калыбы, бал аарысынын коопсуз конушу жөнөкөй эле факторго, кайсы бир нерсеге жакындаган сайын анын көрүнүшүнүн чоңоё бергенине, байланыштуу. Нерсенин көрүнүшү аары ага жакындаган сайын чоңоё берет. Австралиянын Улуттук Университетиндеги тажрыйбалар, конуучу нерсенин көрүнүшүнүн чоңоюу ылдамдыгы бир калыпта болушу үчүн, бал аарысы учуу ылдамдыгын азайтарын көрсөткөн. Натыйжада кончу жерине жеткенде, анын ылдамдыгы дээрлик жокко эсе болуп калгыча азайгандыктан, конгондо эч жери жабыркабайт.

Илимий бир журналда: «Андай конуу жөндөмүнүн жөнөкөй принциби... учуучу роботтордун башкаруу системасын иштеп чыгарууда эң сонун жардам боло алат»,— делген («Proceedings of the National Academy of Sciences»).

Кандай деп ойлойсуңар? Ушундай учуу жөндөмү эволюциянын аркасында өрчүгөнбү? Же аары ошондой болуп жаратылганбы?