Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мүңкүрөп турганымда жанган үмүт

Мүңкүрөп турганымда жанган үмүт

Эсиме келип, көзүмдү ачсам — сууда көмкөрөмөн жатыптырмын. Дем жетпей, өйдө болоюн десем, башым көтөрүлбөй койду. Ошондо жүрөгүм түшүп кетти. Оодарылайын десем, колу-бутумду да кыймылдата албай койдум. Анан суу жута баштадым. 1991-жылдын жай мезгилинин ошол каргашалуу күнү жашоом бир заматта астын-үстүн болуп кетти.

МЕН Венгриянын Серенч шаарында төрөлүп, өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Тисаладань айылында чоңойгом. 1991-жылдын июнь айында досторум менен Тиса дарыясынын жээгине эс алганы баргам. Биз ал жерди жакшы деле билчү эмеспиз. Мен терең экен деп ойлоп, сууга башым менен секиргем. Көрсө, тайыз экен. Ошондо үч моюн омурткам сынып, жүлүнүмө доо кетиптир. Досторум менин кыймылдабай калганымды көрүп, чөгүп кете элегимде дароо суудан алып чыгышты.

Мен баарын туюп-сезип турдум, абалым оор экенин да түшүнүп жаттым. Кимдир бирөө тез жардамды чакыра койду. Анан вертолёт учуп келип, ооруканага алып кетти. Ал жактан доктурлар омурткама операция жасашты. Кийинчерээк борбор калаага, Будапештке, которушту. Мен үч ай бою кыймылдабай чалкаман жаттым. Бүт денем жансыз болчу, башымды гана бир аз бура алчумун. Ошентип, 20 жашымда эле башкаларга көз каранды болуп, төшөктө жатып калдым. Көңүлүм катуу чөгүп, жашагым келбей калган.

Арадан убакыт өтүп, үйгө чыгып келдим. Ата-энем мени жакшы караш үчүн майыптарга кам көрүүнү үйрөткөн адистерден жардам алышты. Бирок мени кароо аябай эле оор болчу: ата-энем алы кетип суй жыгылчу, эмоциялык жактан да чарчап калчу. Бир жылдай убакыт өткөндөн кийин депрессия оорусуна чалдыгып, депрессия болгондорго жардам берген адиске кайрылдым. Ал мага маанайымды өзгөртүп, оорума башкача караганга жардам берди.

Ошондон тартып жашоо тууралуу терең ойлонуп: «Жашоонун маңызы эмнеде? Эмнеге ушундай каргашага туш болдум?» — деген сыяктуу суроолор жүрөгүмдү өйүй баштады. Жооп табыш үчүн ар кандай китеп-журналдарды окуп көрдүм. Ыйык Китепти да окуганга аракет кылдым, бирок түшүнө албай койгондуктан таштап койдум. Дин кызматчы менен да сүйлөшүп көрдүм, бирок ал канааттандырарлык деле эч нерсе айткан жок.

1994-жылы жазында үйгө эки Жахабанын Күбөсү келип, атам менен сүйлөшүп калышты. Ал алардан мени менен сүйлөшүп көрүшүн сураныптыр. Алар Кудайдын жер бетин Бейишке айлантарын, оору-дартты, азап-кайгыны жок кыларын айтып берип жатышканда, кунт коюп уктум. Алардын айткандары аябай жакты, бирок ишене алган жокмун, ошентсе да эки китеп алып калдым. Аларды окуп бүткөндөн кийин, Ыйык Китепти чогуу изилдөөнү сунушташты. Мен макул болдум. Алар мени Кудайдан жардам сурап, тиленүүгө да үндөштү.

Кудайдын мага кам көрөрүнө ынандым

 Изилдөө учурунда Ыйык Китептен көптөгөн суроолорума жооп алып жаттым. Кудайдын мага кам көрөрүнө да ынандым. Акыры, Ыйык Китепти 2 жыл изилдегенден кийин, 1997-жылы 13-сентябрда, өмүрүмдү Жахабага арнап, үйдөн ваннадагы сууга чөмүлдүм. Ошол күн жашоомдогу эң бактылуу күндөрдүн бири болду!

2007-жылы Будапешттеги майыптар үйүндө жашай турган болдум. Ал жактан Ыйык Китептеги жүрөк козгоорлук жакшы кабарды башкаларга айтууга сонун мүмкүнчүлүк түзүлдү. Күн ачыкта моторлуу коляска менен эшикке чыгып, башкаларга Кудай жөнүндө айтчумун.

Жыйналышымдагы бир үй-бүлө акчалай жардам берип, баштын кыймылы менен башкарыла турган ноутбук сатып алгам. Азыр ошол ноутбукту колдонуп жыйналыштагы ишенимдештерим үйүнө барып жолуктура албаган кишилерге Кудай жөнүндө айтыш үчүн Интернет аркылуу телефон чалып же кат жазып турам. Ошонун аркасында башкалар менен пикир алышканга үйрөндүм жана оорум жөнүндө көп ойлонбой калдым.

Ыйык Китептеги жакшы кабарды баштын кыймылы менен башкарылган ноутбукту колдонуп Интернет аркылуу жарыялайм

Азыр атүгүл жыйналышка да бара алам. Жыйналыш өткөн жерге барганымда, ишенимдештерим мени экинчи кабаттагы залга көтөрүп чыгарышат. Жыйналыштан талкуу учурунда оюмду айткым келгенде, жанымда отурган ишенимдешим мен үчүн колун көтөрөт. Анан мен сүйлөп жатканда, Ыйык Китебимди же дагы башка адабиятты кармап берип турат.

Жан сыздаткан оору күнү-түнү жай алдырбагандыктан, ошондой эле бирөөнүн жардамысыз эч нерсе кыла албагандыктан, көңүлүм катуу чөгүп, жүрөгүмдү санаа эзген учурлар болот. Бирок ичимдеги букту төгүп тиленгенимде, Жахаба Кудайдын мени сөзсүз угарын билем. Ошону билгеним жана аны менен болгон ынак мамилем мени кадимкидей жубатат. Ыйык Китепти күн сайын окуганым, ишенимдештерим да багынбаганга дем-күч берип турат. Алардын достугу, жылуу сөзү жана мен үчүн Кудайдан тиленгени санаага алдырбаганга, ошондой эле кайгыга чөгүп кетпегенге жардам берет.

Жахаба мени так муктаж болуп турганымда сооротуп-жубатты. Андан сырткары, жер Бейишке айланганда ден соолугумдун чың болорун убада кылып, үмүт отун жандырды. Мен кайрадан басып, секире ала турган жана айыкканым үчүн Кудайды даңктай турган күндү зарыгып күтүп келем (Элчилер 3:6—9).