Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | НИКЕ

Талашып-тартышпаш үчүн...

Талашып-тартышпаш үчүн...

КӨЙГӨЙ

Жубайыңар менен сүйлөшсөңөр эле талашып-тартыша кетесиңерби? Бир нерсе десем эле, ортобуздан от чыгып кетеби деп дайыма тынчсызданып турасыңарбы?

Эгер ошондой болсо, баары жакшы болорунан үмүтүңөрдү үзбөгүлө. Эң алгач, эмне себептен талашып-тартыша берериңерди аныктап алышыңар керек.

КӨЙГӨЙДҮН ТАМЫРЫ

Түшүнбөстүк.

Жулиан * мындай дейт: «Жолдошума бир нерсе айтсам, туура эмес түшүнүп алат. Же кээде өзүм бир нерсени ага айткам деп ойлоп алам. Көп учурда талаш-тартыш ушундан чыгат».

Айырмачылык.

Бири-бириңерге төп келген күндө да, оюңар дайыма эле бир чыга бербейт. Эмне үчүн? Анткени эки кишинин бири-бирине бардык жагынан окшош болушу мүмкүн эмес. Мына ошол айырмачылык жубайлардын жашоосун кызыктуу кылат же кыйынчылык туудурат. Көбүнчө ошондон улам жубайлардын ортосунда келишпестик болот.

Тарбия.

Рейчел мындай дейт: «Ата-энем көп урушуп, бири-бирин кемсинтип сүйлөшчү. Турмушка чыккандан кийин мен да күйөөмө ошентип сүйлөй баштадым. Мен урматтап-сыйлаганды үйрөнгөн эмесмин».

Терс сезимдер.

Адатта, талаш-тартыштын чыгышына кайсы бир окуя эмес, башка нерсе себеп болот. Мисалы, уруш: «Дайыма эле кечигип басып жүрөсүң»,— деген сөздөн башталды деп коёлу. Бирок, чынында, уруштун чыгышына жубайлардын биринин кечиккени эмес, экинчисине жубайы ага жаман мамиле кылгандай сезилгени себеп болушу мүмкүн.

Уруш-талаш эмнеден чыкпасын, ал ден-соолугуңарга зыян келтирет. Атүгүл ажырашканга жеткириши мүмкүн. Анда талашып-тартышпаш үчүн эмне кылганыңар жакшы?

 ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Урушуп-талашпаш үчүн уруштун отун тутанткан эмне экенин аныктай билүү зарыл. Ачууңар тарап, көңүлүңөр жайланып калгандан кийин, жубайыңар менен төмөндөгү кеңештерди колдонуп көргүлө.

1. Экөөңөр эки баракка талаш-тартыш эмнеден чыкканын жазгыла. Мисалы, күйөөсү: «Сен бир күн бою досторуң менен жүрүп, каякта экениңди айтып чалып койгон жоксуң»,— деп жазышы мүмкүн. Ал эми аялы: «Досторум менен жүргөнүмө эле ушунча капа болосуңбу?» — деп жазаттыр.

2. Калыстык менен ой жүгүртүп, бул суроолорду талкуулап көргүлө: Талаш-тартышка алып келген маселе ошончолук эле олуттуу беле? Көз жумуп койгонго болот беле? Айрым учурларда талашып-тартышпаш үчүн жубайыңардын айтканын эп көрүп, баарын сүйүү менен жаап койгонуңар жакшы. (Ыйык Китептеги принцип: Накыл сөздөр 17:9.)

Эгер экөөңөр тең уруштун себеби анчалык деле олуттуу эмес экен деген жыйынтыкка келсеңер, бири-бириңерден кечирим сурап, аны унутуп койгула. (Ыйык Китептеги принцип: Колосалыктар 3:13, 14.)

Ал эми себебин олуттуу деп эсептесеңер, төмөндөгү кеңештерге ылайык иш кылгыла.

3. Талашып-тартышып жатканда кандай сезимде болгонуңарды жазгыла. Мисалы, күйөөсү: «Мени менен болгонго караганда досторуң менен жүргөндү жакшы көргөнүңдөй сезилет»,— деп жазаттыр. Аялы: «Өзүмдү атасы каякта жүргөнүн текшере берген кыздай сезем»,— деп жазышы мүмкүн.

4. Барактарыңарды алмашып, бири-бириңердин жазганыңарды окугула. Жубайыңардын кандай сезимде болгонун түшүнгөнгө аракет кылгыла. Андан соң ошол көйгөйдү талашып-тартышпай кантип чечсеңер болмоктугун талкуулагыла. (Ыйык Китептеги принцип: Накыл сөздөр 29:11.)

5. Бул кеңештерге ылайык иш кылуудан эмнени үйрөнгөнүңөрү талкуулагыла. Кийин да талашып-тартышып кетсеңер же талашып-тартышып кетпеш үчүн бул кеңештерди кантип колдонсоңор болот?

^ абз. 7 Ысымдар өзгөртүлдү.