Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | БАЛА ТАРБИЯЛОО

Өспүрүм балаңар менен кантип пикирлеше аласыңар?

Өспүрүм балаңар менен кантип пикирлеше аласыңар?

КӨЙГӨЙ

Балаңар кичинекей кезинде оюндагысынын баарын айтчу. Эми болсо эч нерсе айтпай калды. Сөзгө тартайын десеңер, кыска эле жооп берип коёт же уруша кетет.

Ошондой болсо да өспүрүм балаңар менен пикирлеше аласыңар. Келгиле анда, адегенде көйгөйдүн тамыры эмнеде экенине токтололу.

КӨЙГӨЙДҮН ТАМЫРЫ

Көз карандысыз болгусу келет. Балаңар жоопкерчиликтүү болгонго үйрөнүшү керек. Мындайча айтканда, ал буга чейин жүргүнчү эле болуп келсе, эми рулга отуруп, жашоодогу өйдө-төмөн жолдор менен жүргөнгө үйрөнүшү керек. Албетте, кээде өспүрүмдөр өтө эле эркин болгусу келет. Бирок айрым учурларда кээ бир ата-энелер балдарынын эркиндигин өтө эле чектеп коюшат. Ушунун айынан ата-эне менен өспүрүм баланын ортосунда келишпестик пайда болот. «Атам менен апам ар бир кадамымды аңдып турушат,— дейт ата-энесине нааразы болгон 16 жаштагы Брэд *.— Алар ушинте беришсе, 18ге чыгар замат үйдөн кетем».

Ой жүгүртүүсү өзгөрөт. Кичинекей балдарда жакшы же жаман, туура же туура эмес деген гана түшүнүк болот. Ал эми өспүрүм курактагылар баарын тереңирээк талдай башташат. Бул абдан маанилүү, себеби ошонун аркасында алардын ой жүгүртүү жөндөмү өрчүйт. Мисалы, кичинекей балага адилеттүүлүк деген эмне экенин эненин бир токочту эки баласына тең бөлүп бергени менен эле түшүндүрүп коюуга болот. Ал эми өспүрүмдөргө адилеттүүлүк дегенди ушундайча түшүндүрүү жетишсиз. Себеби эки башка адамга бирдей мамиле кылуу дайыма эле адилеттүүлүккө жатпайт. Өспүрүм куракка келгенде, балаңардын ой жүгүртүүсү өзгөрүп, өзүнүн жеке көз карашы пайда боло баштагандыктан, анын көз карашы дайыма эле силердикине төп келе бербейт.

 ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Ылайыктуу убакта сүйлөшкүлө. Өспүрүм балаңар менен ал өзүн эркинирээк сезген учурларда пикирлешкенге аракет кылгыла. Айрым ата-энелер балдарынын бетме-бет отуруп сүйлөшкөнгө караганда үй жумуштарын кылып жатканда же машинеде кетип баратканда эркинирээк сүйлөшөрүн байкашкан (Ыйык Китептеги принцип: Мыйзам 6:6, 7).

Кыска сүйлөгүлө. Бир нерсени кечке эле айта бербегиле. Анын ордуна, ток этер жерин айткыла. Балаңар силердин айткандарыңарды укпагандай сезилиши мүмкүн. Бирок ал өзүнчө болгондо силердин сөзүңөр тууралуу ойлонушу мүмкүн. Андыктан ага айтканыңар жөнүндө ойлонууга мүмкүнчүлүк бергиле (Ыйык Китептеги принцип: Накыл сөздөр 1:1—4).

Кунт коюп уккула, катаал болбогула. Өспүрүм балаңардын көйгөйүн толугу менен түшүнүш үчүн, ал сүйлөп жатканда, сөзүн бөлбөй, кунт коюп уккула. Бир нерсе айтардан мурун жакшылап ойлонгула. Айтканыңардан кайтпай, катуу боло берсеңер, балаңар кылба деген нерсени кылуунун жолун издей баштайт. Өткөөл курактагы балдар жөнүндө жазылган бир китепте: «Андайда балдар үйдө башка, көчөдө башка боло баштайт. Ата-энесинин көзүнчө аларга жаккан нерселерди кылып, алар уккусу келген сөздөрдү сүйлөп, ал эми алар жокто өзүнүкүн кылып жүрө берет»,— деп айтылат («Staying Connected to Your Teenager») (Ыйык Китептеги принцип: Филипиликтер 4:5).

Сабырдуу болгула. «Апам экөөбүздүн оюбуз келишпей калганда, ал мага ачуулана берет,— дейт Кэри деген өспүрүм.— Анан мен да кыжырданып, экөөбүз уруша кетебиз». Өспүрүм балаңардын айткандарын терс кабыл алгандын ордуна, аны түшүнөрүңөрдү көрсөткүлө. Мисалы, «Ушуга да капаланасыңбы!» дегенден көрө, «Буга аябай капаланып жатканыңды түшүнөм» дегениңер жакшы (Ыйык Китептеги принцип: Накыл сөздөр 10:19).

Ордуна чечим чыгарбагыла. Балаңардын ой жүгүртүү жөндөмүн машыккан сайын чоңоё берген булчуңга салыштырууга болот. Андыктан ал чечим чыгарарда, анын ордуна «көнүгүү жасабагыла», башкача айтканда, анын ордуна чечим чыгарбагыла. Ага өз алдынча чечим чыгарганга мүмкүнчүлүк бергиле. Туура чечимге келүүнүн бир нече жолун көрсөтүп бергенден кийин: «Азыр сага бир нече эле жолун айттым. Булар тууралуу бир-эки күн ойлонуп көр. Анан кандай чечим чыгарганың жөнүндө жана эмне үчүн андай чечимге келгениң жөнүндө сүйлөшөбүз»,— десеңер болот (Ыйык Китептеги принцип: Еврейлер 5:14).

Бул макалада өспүрүм балдар жөнүндө айтылса да, талкууланган кеңештерди өспүрүм кыздарга карата да колдонууга болот.

^ абз. 7 Макаладагы ысымдар өзгөртүлүп берилди.