Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

5. Аткарылган пайгамбарлыктар

5. Аткарылган пайгамбарлыктар

Ыйык Китепке эмне себептен ишенүүгө болот?

5. Аткарылган пайгамбарлыктар

Абарайы тууралуу дайыма так маалымат берип турган синоптикти элестетсең. Эгер ал жаан жаайт десе, колчатыр ала чыгат белең?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ алдын ала айтылган билдирүүлөр же пайгамбарлыктар * көп. Тарых тастыктап тургандай, алар дайыма так аткарылып келет.

Өзгөчөлүктөрү. Ыйык Китептеги пайгамбарлыктар, адатта, так-даана айтылып, ийне-жибине чейин аткарылган. Пайгамбарлыктарда зор мааниге ээ болгон билдирүүлөр камтылып, алар жазылган маалда жашагандар күтпөгөн окуялардын болору баяндалган.

Көрүнүктүү мисал. Коргонуу максатында Эфрат дарыясынын боюна курулган байыркы Бабыл шаарын «байыркы Чыгыштын саясый, диний жана маданий борбору» деп аташкан. Ошентсе да б.з.ч. 732-жылдары Ышайа анын кулашы жөнүндө үрөй учурган пайгамбарлык айткан. Анда шаарды басып ала турган жолбашчынын ысмы «Кореш» болору, шаарды кол салуудан коргоп турган Эфрат дарыясынын «соолууру» жана шаар дарбазаларынын «жабылбай» калары айтылган (Ышайа 44:27—45:3). Андан 200 жылдай өткөн соң, б.з.ч. 539-жылы 5-октябрда пайгамбарлык майда-чүйдөсүнө чейин аткарылган. Бабыл шаарынын так ушундай жол менен кулаганын грек тарыхчысы Геродоттун (б.з.ч. 5-кылым) билдирүүсү да ырастап турат *.

Курч, таамай айтылган пайгамбарлык. Ышайа Бабыл тууралуу: «Ал жерде түбөлүккө эч ким жашабайт»,— деген дагы бир пайгамбарлык айткан (Ышайа 13:19, 20). Дүркүрөп өсүп жаткан Бабыл шаарынын кыйратылып, ээн калары жөнүндөгү пайгамбарлык кандай гана курч, таамай айтылган! Адатта, мындай шаарлар талкаланганы менен, кайра калыбына келтирилчү. Бабыл басылып алынгандан кийин деле бир нече убакыт бою элдүү-журттуу шаар эле. Бирок Ышайанын пайгамбарлыгы акыр-аягы жүзөгө ашкан. «Смитсониан» журналы билдиргендей, Бабыл шаары турган жер «ээн талаа, эрме чөлгө» айланган.

Ооба, Ышайанын пайгамбарлыгынын мааниси жөнүндө ой жүгүртүү кастарлоо сезимин туудурат. Анын пайгамбарлыгы азыркы Нью-Йорк же Лондон сыяктуу чоң шаарлар 200 жылдан кийин талкаланып, атүгүл аларда эч ким, эч качан жашабайт деп айтканга тете эле. Кызыктуусу, Ышайанын айткандары толугу менен аткарылган *.

Бул катар макалаларда миллиондогондорду Ыйык Китептин ишенүүгө татыктуулугуна ынандырган айрым далилдер каралды. Андай адамдар Ыйык Жазмага ишенишет, ошондуктан ага жетекчилик издеп кайрылышат. Ыйык Китепке ишенүүгө болоруна ынануу үчүн ал жөнүндө көбүрөөк билүүгө эмне үчүн болбосун?

[Шилтемелер]

^ 4-абз. Синоптиктер абарайы тууралуу болжолдуу гана маалымат беришет. Ал эми Ыйык Жазмадагы пайгамбарлыктар окуялардын өрчүшүнө таасир эте алган Кудайдын жетеги менен жазылган.

^ 6-абз. Ышайанын пайгамбарлыгынын аткарылышы жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Бардык адамдарга арналган китеп» аттуу китепченин 27—29-беттерин карагыла.

^ 8-абз. Ыйык Жазмадагы пайгамбарлыктар жана алардын аткарылышын тарых кандайча тастыктаары жөнүндө көбүрөөк маалыматты Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп Кудайдын Сөзүбү же адамдыкыбы?» (ор.) аттуу китептин 117—133-беттеринен табууга болот.

[9-беттеги сүрөт]

Ыйык Китепте Кореш аттуу жолбашчынын күч-кубаттуу Бабыл шаарын басып алары алдын ала айтылган