Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА

Убактыңарды уурдатып жаткан жоксуңарбы?

Убактыңарды уурдатып жаткан жоксуңарбы?

Убактыңар эч нерсеге жетпей жаткандай сезилеби? Эгер ошондой болсо, анда жалгыз эмессиңер. «Экономист» деген бир журналда: «Каякка барбагын жаны тынбаган адамдар»,— деп жазылган («The Economist»).

СЕГИЗ өлкөдө жүргүзүлгөн 2015-жылкы бир сурамжылоодо толук күн иштегендердин көбү жумуштагы да, үйүндөгү да милдетин аткарууга убакыт жетпей жатканын айтышкан. Анын себеби көбүнчө жумуштагы жана үйдөгү милдеттердин, чыгымдардын, жумуш убактысынын көбөйүшү менен байланыштуу болот. Алсак, АКШда толук күн иштегендер жумасына орто эсеп менен 47 саат иштешет. Ал эми алардын бештен бири 60 же андан көп саат иштей турганы аныкталган.

36 өлкөнү камтыган дагы бир сурамжылоого катышкандардын төрттөн бир бөлүгүнөн көбү ал тургай эс алып жатканда да өздөрүн шашып жаткандай сезерин айтышкан. Балдардын да жаны тынбай көп нерсе менен алек болгону аларга терс таасирин тийгизбей койбойт.

Эгер убакыттын тардыгына карабай дайыма көп иш бүтүрүүгө аракет кыла берсек, стресске дуушар болуп, «убакыттын кысымынын» курмандыгы болуп калышыбыз мүмкүн. Анда канткенде тең салмактуу боло алабыз? Тең салмактуу жашоо өткөрүүгө ишенген нерселерибиз, чыгарган чечимдерибиз, максаттарыбыз кандай таасир этет? Эмесе, адегенде айрымдардын көп нерсеге умтулганынын төрт себебине токтололу.

1 ҮЙ-БҮЛӨСҮН ЖАКШЫ КАМСЫЗ КЫЛУУНУ КААЛОО

«Мен жумасына жети күн иштечүмүн. Анткени балдарыма алып бергим келген нерселердин улам жакшысы чыга берчү. Менде болбогон нерселер балдарымда болсо экен дечүмүн»,— дейт Гари деген бир киши. Ниети канчалык жакшы болбосун, ата-энелердин маанилүүлүгү боюнча жашоодо эмнелер биринчи орунда турарын аныктап алганы дурус. Айрым изилдөөлөр акчага жана материалдык нерселерге көп маани берген чоңдор да, балдар да анча бактылуу болбой турганын, жашоодон көп канааттануу албай турганын, ден соолугу начарыраак болорун көрсөткөн.

Байлыкка басым жасалган үй-бүлөдө чоңойгондор чынында анча бактылуу болушпайт

Балдарынын келечегин камсыз кылууга аракет кылган ата-энелердин айрымдары өздөрүнүн да, балдарынын да башына көп милдеттерди үйүп алышат. Натыйжада өздөрү да, балдары да кыйналып калышат.

2 «АРТЫК ДӨӨЛӨТ БАШ ЖАРБАЙТ»

Жарнамачылар акыркы чыккан буюм-тайымдарды сатып албасак, көп нерседен куру каларыбызга ишендиргиси келет. «Экономист» журналында убактысы ансыз деле аз кардарлардын «эмне сатып алышты, эмне көрүштү, эмне ичип-жешти тандай албай башы катып жатканда», «товарлардын көбөйүп жатканы убакытты ого бетер тарытып жаткандай сездирери» жазылган.

1930-жылы алдыңкы экономисттердин бири технологиялык жетишкендиктер келечекте жумушчуларга көбүрөөк эс алууга мүмкүндүк берерин айткан. Ал кандай гана жаңылган! Бир журналдын редакциясында иштеген Элизабет Колберт деген адис «жумушунан эртерээк бошонуунун ордуна, адамдар өздөрүнө керектүү деп эсептеген нерселердин улам жаңысын таап алып жатышканын», «ал эми андай нерселер акчаны да, убакытты да талап кыларын» жазган.

3 БАШКАЛАРДЫН ТАЛАБЫНА ЖООП БЕРҮҮ

Айрым жумушчулар башчыларына жагууну каалагандыктан суй жыгылгыча иштешет. Жумушта чогуу иштегендер да, эгер кимдир бирөө кеч калгыча иштебесе, кысым көрсөтүп, өзүн күнөөлүү сездиришет. Ошондой эле экономикалык туруксуздук да көптөрдү көбүрөөк иштегенге жана күнү-түнү дебей, кайсы убакта болбосун иштегенге макул болууга аргасыз кылууда.

Айрым ата-энелер болсо элден калгысы келбейт жана башкаларга теңеле албай жатса, балдары бир нерседен куру калып жаткандай сезип, өздөрүн күнөөлөшөт.

4 ӨЗ КАДЫР-БАРКЫН ОЙЛОО

АКШда жашаган Тим: «Мен жумушумду жакшы көрчүмүн жана дайыма алым калбай калгыча иштечүмүн. Себеби өзүмдү башкаларга көрсөткүм келчү»,— дейт.

Тимге окшоп, көптөр өзүнө канча иш кылганына жараша баа беришет. Ошонун натыйжасында, жогоруда сөздөрү келтирилген Элизабет Колберт айткандай, «иштеген жумушу адамдын коомдо ээлеген абалына таасир этүүдө». Ал: «Канчалык ишиң көп болсо, ошончолук кадырлуу кишидей сезилесиң»,— деп кошумчалаган.

ТЕҢ САЛМАКТУУ БОЛУУГА ҮЙРӨНГҮЛӨ

Ыйык Китеп бизди аракетчил болууга жана жан үрөп иштөөгө үндөйт (Накыл сөздөр 13:4). Бирок бул жерде тең салмактуулук да керек. Анткени «жан үрөп иштегенге жана шамалды кууп жетүүгө умтулганга караганда, бир аз эс алган артык» (Насаатчы 4:6).

Тең салмактуу болуу эмоциялык абалыбызга да, ден соолугубузга да пайдалуу. Бирок: «Жумушубузду азайтуу мүмкүнбү?» — деген суроо туулат. Анда ушуга байланыштуу төрт кеңешке көңүл бурсаңар.

1 БААЛУУЛУКТАРЫҢАРДЫ, МАКСАТТАРЫҢАРДЫ АНЫКТАП АЛГЫЛА

Материалдык жактан камсыз болууну каалоо табигый нерсе. Бирок адамга канча акча керек? Ийгилик эмне менен өлчөнөт? Адамдын кирешеси же топтогон мүлкү мененби? Жок. Себеби, тескерисинче, өтө көп эс алып, өтө көп көңүл ачкандар да убакыттын кысымына дуушар болушу мүмкүн.

Жогоруда айтылган Тим мындай дейт: «Жубайым экөөбүз жашообузду талдап көрүп, жөнөкөйүрөөк жашоону чечтик. Анан азыркы абалыбызды жана алдыга койгон максаттарыбызды жазып алдык да, мурун чыгарган чечимдерибиздин жыйынтыгы кандай болгонун, ошондой эле жаңыдан койгон максаттарыбызга жетиш үчүн эмне кылышыбыз керектигин талкууладык».

2 БАЮУГА ҮНДӨГӨНДӨРДҮН ТААСИРИНЕ АЛДЫРБАГЫЛА

Ыйык Китепте «көз кумарына» алдыруудан сак болушубуз керектиги эскертилет (1 Жакан 2:15—17). Ал эми жарнамалар көздүн каалоосун күчөтүп, кишини көп иштөөгө же өтө эле көп убактысын, акчасын коротуп эс алууга кысым көрсөтүшү мүмкүн. Албетте, жарнаманын баарынан кача албайбыз, бирок алардын таасир этишин чектесеңер болот. Ошондой эле чындап эмнеге муктаж экениңерди ойлонуп көргүлө.

Чөйрөңөрдүн да силерге күчтүү таасир этерин унутпагыла. Алар мүлк топтоого үндөсө же ийгиликти байлык менен өлчөсө, анда жашоодогу баалуулуктары жакшыраак адамдар менен достошконуңар акылдуулукка жатат. Ыйык Китепте: «Акылдуулар менен достошкон акылдуу болот»,— деп айтылган (Накыл сөздөр 13:20).

3 ЖУМУШУҢАРДЫ АЗАЙТКЫЛА

Жетекчиңер менен жумушуңар жана жашоодогу баалуулуктарыңар жөнүндө сүйлөшкүлө. Жумуштан сырткары да жашооңор болгону үчүн өзүңөрдү күнөөлүү сезбегиле. Бир китепте: «Жумуш менен жашоонун ортосуна чек койгондор же эс алууга чыгып тургандар жумушун калтыра турса, эч нерсе деле болуп кетпесин жакшы билишет»,— деп жазылган («Work to Live»).

Жогоруда сөз кылынган Гари зарыл нерселер менен камсыз болгондуктан жумушун азайтууну чечкен. Ал мындай дейт: «Мен үй-бүлөм менен сүйлөшүп көрүп, жашообузду жөнөкөйлөтүүнү сунуш кылдым. Андан кийин акырындап ошол оюбузду ишке ашыра баштадык. Жумушумдагы жетекчиме барып, азыраак күн иштей турганымды айттым. Ал макул болду».

4 ҮЙ-БҮЛӨҢӨРДҮ БИРИНЧИ ОРУНГА КОЙГУЛА

Жубайлар бири-бири менен, ал эми балдар ата-энеси менен чогуу убакыт өткөрүп турушу зарыл. Андыктан дайыма колу бошобогон үй-бүлөлөрдөн үлгү албагыла. Гари мындай деп кеңеш берет: «Эс алууга убакыт бөлүп, анча маанилүү эмес иштерден баш тарткыла».

Үй-бүлөңөр менен чогуу отурганда телевизор, чөнтөк телефон жана башка ушу сыяктуу каражаттардын силерди бири-бириңерден бөлүп, обочолонтушуна жол бербегиле. Күнүнө, жок дегенде, бир маал чогуу тамактанып, сүйлөшүп тургула. Ата-энелер ушул жөнөкөй кеңешти колдонсо, балдары дени сак болушат жана өздөрүн жакшыраак сезишет, ошондой эле мектепте жакшыраак окушат.

Дасторкон үстүндө үй-бүлөңөр менен сүйлөшүп отургула

Эми: «Жашоомдун кандай болушун каалайм? Үй-бүлөм үчүн эмне кылгым келет?» — деп ойлонуп көргүлө. Эгер бактылуу болгуңар келсе жана жашооңордун маңыздуу болушун кааласаңар, жашооңордо биринчи орунга Ыйык Китепте кеңеш кылынган нерселерди койгула.