Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Чырылдактын өмүр айлампасы

Чырылдактын өмүр айлампасы

ЧЫРЫЛДАК — Антарктидадан башка жерлердин баарында жашаган чегиртке сымал курт-кумурскалардын бир түрү. Бирок анын Американын түндүк-чыгышынан кезиккен түрү көптөн бери окумуштууларды таңдантып келет.

Көңүл бурсаңар: Чырылдактын ал түрү жазында чыга калат да, бир нече жума эле жашайт. Күн астында өткөн кыпкыска өмүрүндө ал куурчакчадан чыгып, чырылдап сайрап, учуп, урук таштап жетишет. Таң калыштуусу, чырылдактын кийинки мууну түрүнө жараша же 13, же 17 жылдан кийин гана чыгат. Ал убакыт аралыгында эмне болот?

Буга жооп алыш үчүн анын өзгөчө өмүр айлампасын билишибиз керек. Топурактан чыккандан 1 жумадай өткөндөн кийин жетилген ургаачысы 400—600дөй уругун бактын бутактарына таштайт да, көп өтпөй өлүп калат. Бир нече жумадан кийин ал уруктардан куурчакчалар чыгып, жерге томолонуп түшөт да, топуракка кирип кетет. Анан бадал өсүмдүктөрүнүн же дарактардын тамырындагы шире менен азыктанып, жер астында бир нече жыл жашайт. Ошентип, 13 же 17 жылдан кийин жаңы мууну чыгып, баары кайталанат.

«Жаратылыш» журналына ылайык, бул чырылдактын өмүрүнүн толук айлампасы «бир нече кылымдан бери окумуштууларды таңдантып да, суктантып да келет... Атүгүл курт-кумурскаларды изилдеген азыркы окумуштуулар да анын өзгөчө өмүр айлампасы кандайча жүрөрүн түшүнүүгө аракеттенүүдө». Бул жаныбарлар дүйнөсүндөгү ачылгыс сыр болуп келүүдө («Nature»).

Кандай деп ойлойсуңар? Бул чырылдактын өмүр айлампасы эволюциянын натыйжасыбы? Же Кудай ушундай кылып жаратканбы?