Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жакшылык кылгыла

Жакшылык кылгыла

Көйгөй

Көкүрөктү уялаган бейкалыстык бир күндө эле жок болуп кетпейт. Жугуштуу оорудан сакайыш үчүн убакыт менен күч-аракет талап кылынат. Бейкалыстыктан арылуу жөнүндө да ушуну айтса болот. Ан үчүн эмне кылсаңар болот?

Ыйык Китептеги принцип

«Ушулардан сырткары, сүйүүнү кийгиле, анткени ал — биримдиктин жеткилең түйүнү» (КОЛОСАЛЫКТАР 3:14).

Бул эмнени билдирет? Жакшылык кылуу адамдарды бириктирет. Сүйүүгө жаткан иштерди канчалык көп кылсаңар, бейкалыстыктын оту ошончолук басаңдай берет. Жүрөгүңөрдөн сүйүүгө канчалык көп орун берсеңер, жек көрүүчүлүккө орун ошончолук аз калат.

Эмне кылсаңар болот?

Өзүңөр терс көз карашта болгон адамдарга кантип жакшылык кылсаңар болорун ойлонгула. Бул сөзсүз эле тоону томкорушуңар керек дегенди билдирбейт. Мисалы, төмөнкүлөрдү кылып көрсөңөр болот:

Кичинекей эле жакшылык жүрөгүңөрдөн бейкалыстыкты сүрүп чыгарат

  • Ошол топтогу кимдир бирөөнүн адашып калганын көрсөңөр, жол көрсөткүлө. Же коомдук унаадан орун бошотуп бергиле.

  • Силердин тилиңерде жакшы сүйлөй албаса да, сөзгө тарткыла.

  • Кайсы бир иши силерге жат көрүнүп жатса, сабырдуу болгула.

  • Көйгөйү менен бөлүшкөндө, түшүнгөнгө аракет кылгыла.