Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Олуттуу ооруга чалдыкканда

Олуттуу ооруга чалдыкканда

«Өпкө жана жоон ичеги рагына чалдыкканымды укканда мага өлүм өкүмү чыгарылгандай эле сезилди. Бирок үйгө барганда: „Мейли эми, мен күткөндөй болбой калды. Эми муну менен күрөшүүнүн жолун табышым керек“,— деп ойлондум» (Линда, 71 жашта).

«Мен сол жаагымдын нервдерин жабыркаткан катуу оорудан азап чегип келем. Кээде жаным ушунчалык сыздагандыктан, көңүл чөгөттүккө алдырып коём. Жалгызсыраган, атүгүл өмүрүмдү кыйгым келген учурларым көп болду» (Элис, 49 жашта).

ЭГЕР өзүңөр же жакшы көргөн кишиңер өмүргө коркунуч туудурган ооруга кабылган болсоңор, мунун канчалык кыйын экенин өз тажрыйбаңардан билесиңер. Андайда дарттын өзүнөн сырткары, көңүл чөгүү, ачуулануу, бушайман болуу сыяктуу ар кандай сезимдер менен да күрөшүүгө туура келет. Стресс кылган дарылоо жолдору, дарыланууга керектүү нерселердин кымбаттыгы же аларды табуунун кыйын болгондугу же дары-дармектердин терс таасири коркуу сезимин, тынчсызданууну ого бетер күчөтөт. Ушунун баары адамды алдан-күчтөн тайдырат.

Мындай кыйынчылык менен күрөшкөнгө күчтү кайдан алса болот? Көптөр Кудайдан тиленүү жана Ыйык Китепти окуу абдан жубатарын сезишкен. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана достордун сүйүү менен колдоо көрсөтүп турганы да бир топ дем-күч берет.

АЙРЫМДАРГА ЭМНЕ ЖАРДАМ БЕРГЕН?

58 жаштагы Роберт мындай дейт: «Кудайга ишенсеңер, ал ооруга чыдаганга жардам берет. Жахабадан тиленгиле. Ага өзүңөрдү кандай сезип жатканыңарды айткыла... Үй-бүлөңөргө оордук келтирбеш үчүн оң маанай сактаганга, алардын көңүлүн көтөрүп турганга жана ооруга багынбай, сабырдуу болгонго күч беришин сурангыла».

Ал мындай деп кошумчалайт: «Үй-бүлөмдүн эмоциялык жактан колдоп, сүйөп-таяп турганы чоң жардам болуп келет. Күн сайын бир-экөө сөзсүз телефон чалып: „Кандайсың?“ — деп ал-жайымды сурап турат. Ошондой эле ар кайсы жакта жашаган досторум да бекемдеп турушат. Алардын сөздөрү кадимкидей көңүлүмдү көтөрүп, ооруга багынып бербегенге күч-кубат берет».

Ооруп жаткан бирөөнү көргөнү бара турган болсоңор, Линданын айткандарын эске алгыла. Ал мындай дейт: «Ооруп жаткан киши колунан келишинче башкалардай эле жашоо өткөргүсү келет. Ал дайыма эле оорусу жөнүндө сүйлөшкүсү келбеши мүмкүн. Андыктан мурункудай эле кадимки нерселер жөнүндө сүйлөшкөнүңөр жакшы».

Ооба, Кудай берген күч, Ыйык Китептеги жубатарлык ойлор, ошондой эле үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана достордун мээримдүүлүк менен колдоо көрсөткөнү олуттуу ооруга чалдыкканда да жакшылыктан үмүт үзбөгөнгө жардам берет.