Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жашоо азапка айланганда

Жашоо азапка айланганда

БААРЫ ойдогудай болуп турганда, жашоодон ырахат аласың. Бирок кээде кыйынчылыктан улам жашообуз азапка айланып калышы мүмкүн.

Алсак, АКШда жашаган Салли * катуу бороон-чапкындын айынан дээрлик бүт мүлкүнөн кол жууп калган. Ал: «Эми дагы бир нерсе болсо, көтөрө албайм го деп ойлогом. Такыр дарманым калбай калгандай сезилген. Көпкө чейин ушинтип жүрдүм»,— дейт.

Бизди азапка салган дагы бир кыйынчылык — жакшы көргөн адамыбыздан айрылуу. Австралиялык Янис мындай дейт: «Эки уулуман айрылганда быркырап калган жашоомдун сыныктарын чогултуп, кайра бириктиргенге колдон келишинче аракет кылышым керек болду. Мен Кудайга: „Болду! Күчүм калбай калды. Уктатып эле салчы. Ошо бойдон ойгонбой эле коёюнчу“,— деп жалынчумун».

Дагы башкалар Заниелдикиндей жагдайга туш болушат. Жубайы көзүнө чөп салып жүргөнүн билгенде Заниел аябай жаман болгон. «Аялым башка бирөөнү таап алганын айтканда, жүрөгүмө канжар сайылгандай болду. Бир канча ай жүрөгүм зыркырап, кыйналып жүрдүм»,— дейт ал.

Балким, силер да төмөнкүдөй оор жагдайларга кабылгандырсыңар:

«Күзөт мунарасынын» бул санында ушундай кыйынчылыктарга карабай, жакшылыктан үмүт үзбөгөнгө эмне жардам берери талкууланат.

^ Бул катар макалалардагы айрым ысымдар өзгөртүлдү.