Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Билесиңби?

Билесиңби?

Эмне үчүн Иса ант берүүнүн туура эмес экенин айткан?

МУСА ПАЙГАМБАР аркылуу берилген Мыйзамга ылайык, айрым учурларда ант берүү орундуу деп эсептелген. Бирок Иса пайгамбардын убагында жүйүттөр башкаларды ар бир сөзүнүн чындык экенине ишендириш үчүн ант берүүнү адатка айлантып алышкан. Алар айткан сөзүнө салмак кошуш үчүн ушундай кылышчу. Бирок Иса мунун туура эмес экенин эки жолу айткан. Ал: «„Ооба“ деген сөзүңөр „ообаны“, „жок“ деген сөзүңөр „жокту“ билдирсин»,— деп кошумчалаган (Мт. 5:33—37; 23:16—22).

«Жаңы Келишимдин теологиялык сөздүгүндө» айтылгандай, жүйүттөрдө ар бир сөздү ант менен бышыктоонун канчалык кеңири кулач жайганын Талмудда жазылгандардан билүүгө болот. Ал китепте кайсы ант сөзсүз аткарылышы керектиги, кайсынысын аткарбай эле койсо болору майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүрүлгөн.

Жүйүттөрдүн ант берүүгө жеңил ойлуу караганы туура эмес экенин Исадан башка кишилер да баса белгилешкен. Мисалы, жүйүт тарыхчысы Иосиф Флавий бир жүйүт сектасынын мүчөлөрү жөнүндө: «Алар ант берүүнү калп айтуудан да жаман деп эсептешет. Себеби, алардын айтуусу боюнча, эгер адам башкаларды ишендириш үчүн Кудайды оозанып ант берип жатса, демек, ал калпычы»,— деген. Жүйүттөрдүн «Сирахтын акылмандыгы» же «Экклезиаст» (23:11) деп аталган апокрифтик эмгегинде да ушул сыяктуу ойлор жазылган. Анда: «Ант берген киши — жүрөгүндө мыйзамсыз киши»,— делген. Ал эми Иса пайгамбар анча маанилүү эмес иштерде ант берүү туура эмес экенин айткан. Эгер дайыма чындыкты сүйлөсөк, башкаларды ишендириш үчүн ант берүүнүн зарылдыгы жок.