Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Нинеби шаарында заңгыраган имараттар менен эстеликтер болгон

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Нинеби шаары эмне болгон?

БИЗДИН ЗАМАНГА ЧЕЙИНКИ 670-жылдары Ашур (Ассирия) дүйнөлүк ири империяга айланган. Британ музейинин сайтында жазылгандай, «анын батыш чек арасы Кипрге чейин, ал эми чыгыш чек арасы Иранга чейин созулган. Бир кезде атүгүл Мисирди да камтыган». Борбор калаасы Нинеби ошол кезде дүйнөдөгү эң чоң шаар болгон. Нинебиде укмуштуудай эстеликтер, көз жоосун алган бакчалар, заңгыраган ак сарайлар, килейген китепканалар болгон. Байыркы Нинебидеги дубалдагы жазуулардан көрүнүп тургандай, Ашшурбанипал падыша, Ашурдун башка падышаларындай эле, өзүн «бүтүндөй дүйнөнүн падышасымын» деп эсептеген. Ошол учурда Ашур менен анын борбор калаасы Нинебини эч ким жеңе албачудай сезилчү.

Ошол кезде Ашур дүйнөдөгү ары кубаттуу, ары чоң империя болгон

Бирок Ашур дүркүрөп, атагы таш жарып турган кезде Жахабанын Сепания деген пайгамбары: «[Жахаба] Ашурду жок кылат. Нинебини ээн талаага, чөл сыяктуу какшыган жерге айлантат»,— деп алдын ала айткан. Жахабанын дагы бир пайгамбары Накум алдын ала мындай деген: «Алтын-күмүшүн тоноп алгыла... Шаар ээн калды, аңгырап бош калды!.. Сени көргөндөрдүн баары сенден качып: „Нинеби таланып-тонолду!..“ — деп айтышат» (Сеп. 2:13; Нкм. 2:9, 10; 3:7). Бул сөздөрдү уккандар: «Чын эле Ашур талкаланып калабы? Ушундай кубаттуу падышалык чын эле жеңилиши мүмкүнбү?» — деп таң калышса керек. Себеби бул мүмкүн эместей сезилген.

Нинеби аңгырап ээн калган

Анткен менен алдын ала кандай айтылса, так ошондой болгон! Б.з.ч. 600-жылга жакын Ашурду бабылдыктар менен мадайлыктар басып алган. Нинеби шаары ээн калып, акыры толугу менен унутулуп калган. Нью-Йорктогу Метрополитен музейи чыгарган бир эмгекте жазылгандай, убакыттын өтүшү менен Нинеби «ээн талаага айланып, акыр-аягы топуракка көмүлүп калган. Адамдар Нинеби жөнүндө Ыйык Китептен гана биле алышкан». Бир архивдеги маалыматка ылайык, 1800-жылдардын башында «Ашурдун борбору болгон ошол чоң шаардын тарыхта болгон-болбогонун эч ким деле билчү эмес» (Biblical Archaeology Society Online Archive). Кийин 1845-жылы Остин Генри Лейард деген археолог Нинеби жайгашкан жерди каза баштаган. Ал тапкан нерселерден Нинебинин бир кезде гүлдөп-өскөн шаар болгону аныкталган.

Нинеби жөнүндө алдын ала айтылгандардын так аткарылганы бизге кандай таасир этет? Бул Ыйык Китептеги азыркы өкмөттөрдүн жок болору жөнүндө жазылгандардын да так аткарыларына болгон ишенимибизди бекемдейт (Дан. 2:44; Аян 19:15, 19—21).